Кыргызстанда «Электрондук соода жөнүндө» мыйзам 28-июнда күчүнө кирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте мамлекет ички саясий күрөштөрдөн улам электрондук соода жаатында артта калып жатканын билдирди.
Кыргызстандыктар онлайн соода аянтчаларын кантип колдонуп жатышат жана өкмөт ал жактагы ишкердикти жөнгө салууда кандай иш-аракеттерди көрүүдө?
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 29-июнда парламент депутаттарына жарым жылдык ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып Кыргызстан электрондук коммерция жаатында артта калып баратканын билдирди.
"Биз отуз жыл ичинде, революциялар жана өзүбүздүн ички жумуштар менен алек болуп атканда, Кыргызстандан электрондук коммерция айланып өтүп кетип калды. Айрымдарыңар азыр "Алибабадан" буйрутма бере турган болсоңор, Стамбулдан же Алматыдан алабыз. Биздин аймакка кирбей, өтүп кете баштады. Биз бул боюнча артта калбашыбыз керек, урматтуу кесиптештер. Дүйнө бөлөк ыкмаларга өтүп жатат. Ошондуктан, биз булардын артында калбай, өзүбүздүн иш-аракеттерибизди оңдоп-түздөп, бөлөк ыкмаларга өтүшүбүз керек", - деди Акылбек Жапаров.
2021-жылдын декабрь айында «Электрондук соода жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Документ 28-июнда күчүнө кирди. Ал онлайн режимде жүргүзүлгөн сооданын субъекттерин аныктап, эрежесин жөнгө салат.
Мыйзамдын 3-беренесинин 8-пунктуна ылайык, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жак электрондук сооданын сатуучусу болуп саналат.
2022-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Салык кодексинде да «электрондук соода» түшүнүгү камтылып, бул жааттагы процессти салыктык жөнгө салуу каралган. Кодекске ылайык, электрондук соода менен алектенген ишкерлерге 2% салык чегерилет.
Жаңы салык кодексинде онлайн кызмат көрсөткөн компаниялар эки түргө бөлүнүп, аларга эки башка салык режими киргизилген.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов муну мындайча түшүндүрдү.
"Чет өлкөдөгү айти компаниялар бул жакта электрондук кызмат көрсөтсө, аларга башка режим каралган. Биз «НДС офис» деген атайын сервис жасадык, алар ошол аркылуу бул жакка каттоодон өтөт. Андан кийин 12% кошумча нарк салыгын төлөйт. Мисалы, бүгүнкү күнгө карай ошондой үч компания катталды. Бирөө Yandex Taxi, экинчиси – Vaskiani Ventures Limited, үчүнчүсү Х Zolo компаниясы. 2% болсо KG зонада интернет дүкөнбү же тиркемеби түзүп, Кыргызстанда каттоодон өтүп, банктык эсеп ачкандарга тиешелүү. Алар электрондук кызмат көрсөткөн же товар саткан интернет дүкөн, маркетплейстер. Мисалы, Lalafo же Svetofor деген интернет дүкөндөр бар. Ошолор каттоодон өтүп, 2% турса болот".
Vaskiani Ventures видеотасмаларды көрсөткөн MeGoGo медиа-сервисине ээлик кылат, Х Zolo компаниясы программалык камсыздандырууларды жасайт.
Маркетплейсте соода кылгандар көбөйүүдө
Мамлекеттик жөнгө салуу артта калганына карабай, эксперттердин баамында, Кыргызстанда кийинки кездери Amazon, Wildberries, Ozon, Alibaba, eBay өңдүү онлайн соода аянтчаларында ишкердик кылгандар көбөйүп жатат. Мындай аянтчалар өз чөйрөсүндө «маркетплейстер» деп аталат. Аларда соода кылгандарды «ритейлер» жана «селлер» деп айтышат.
Вайлдберрис маркетплейси Кыргызстанда расмий түрдө 2021-жылдын май айында иштей баштаган.
Вайлдберрис юридикалык жактан Орусияга карайт, көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги аймагындагы эң ири онлайн соода аянтчасы. 2022-жылдын апрель айында Кыргызстанда логистикалык борборун ачкан. Ал жерде өлкөгө келген буйрутмаларды иргөө, жергиликтүү ишкерлердин товарларын кабыл алуу жана аларды башка бөлүштүрүү жайларына жеткирүү иштери жүргүзүлөт.
Электрондук коммерция ассоциациясынын маалыматында, 2022-жылдын май айынын аягына карай "Вайлдберриске" катталган кыргызстандык ишкерлердин саны 2450 киши деп эсептелген. Ал жакта эң көп суроо-талапка ээ болгон товарлар кийим-кече, бут кийим, зоологиялык товарлар, идиш-аяк менен ашкана буюмдары, ошондой эле косметика жана парфюмерия болгон.
Бишкектик Жамийла Исаева Вайлдберристе ишкердик кылат. Анын айтымында, бул маркетплейсте Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим-кечелерге суроо-талап жогору. Бирок, бул тармакта соода кылуу үчүн товарга көбүрөөк акча салып, күчтүү атаандаштыкка даяр болуу керек. Жамийла "Вайлдберристе" иштөө эрежесин мындайча сүрөттөдү.
"Мен электрондук соодада активдүү иштей баштаганыма жарым жыл болду. Вайлдберрис боюнча Москвалык эки онлайн мектепте окудум. Конференцияга да көп барып катышам. "Вайлдберристе" иштегендерди «селлерлер» деп коёт, алар менен да катышып, бул жакта тосуп алам. Ал эми толук иштегениме бир жылдай болуп калды. "Вайлдберрис" дүң соода эмес, ритейл деп коёт – чекене сатышат, бирок көлөмү жакшы да. Товарды карго менен жөнөтөбүз. Бизде «Альфа карго», «Сапат карго» деген өңдүү фирмалар көп. Товарды аларга алып барабыз. Кээде товарды бул жактан бүт маркировкалап, атайын пакеттерге салып, карго менен Москвага жиберебиз. Ал жакта «фулфилмент» деген ортомчулар бар. Алар биздин товарды каргодон алып кетип, коробкаларга салат. Кандай коробкаларга салганын бизге жөнөтөт. Анан биз "Вайлдберристин" ичинде жеке кабинеттен тапшырабыз".
Чет элдик ири онлайн соода аянтчалары Кыргызстандын жарандары менен 2021-жылдан баштап расмий иштей баштаган. Америкалык Amazon компаниясы 2021-жылдын 24-майында кыргыз жарандары үчүн түз катталып иштөө мүмкүнчүлүгүн ачкан.
Орусиялык Wildberris компаниясы да 2021-жылдын май айынан баштап кыргыз ишкерлери менен иштей баштаган. Ал эми Кытайдагы ири маркетплейс "Алибабадан" кыргызстандыктар товар сатып ала алат, бирок азырынча саткан киши жок. Бул анын иштөө алгоритминдеги өзгөчөлүктөргө байланыштуу.
Кыргызстан электрондук коммерция ассоциациясынын вице-президенти Бакай Болотбек уулунун малыматында, Кыргызстанда активдүү иштеген чет өлкөлүк маркетплейстерден эң көп колдонулганы "Вайлдберрис" болуп эсептелет.
Андан кийин кыргызстандыктар "АлиЭкспрессте" көп соода кылат. Түз соода кылууга шарттары татаал болгондуктан, ортомчулар же байерлер аркылуу Америкалык eBay, Amazon, же жапониялык Rakuten'ден буйрутма кылып, товар алгандар да бар.
"Бизде электрондук коммерция, чынын айтканда, эми эле өнүгүп келатат. Борбор Азия аймагында эң эле кеч өнүгүп келаткан мамлекеттердин катарына кирет. Муну экономиканын жүрүшүнө байланыштырсак болот. Биздин логистикалык жолдорубуз, Кыргызстан аркылуу өткөн авиаташуу же темир жол болобу башка мамлекеттерге караганда чабалыраак. Биздин божомолубуз боюнча жүрүп жаткан чекене сооданын 5% жакыны гана электрондук тармакта жүрүп жатат. Калган 95% оффлайн тармакта жүрөт".
«Кыргызстандын өзүнүн маркетплейсин ачуу зарыл»
Кыргызстанда маркетплейс деген стандарттык мазмунга жооп берген онлайн соода аянтчалары эми гана түптөлүп келатат. Ар кандай деңгээлде соода аянтчасынын ролун аткарган интернет дүкөндөр көп эле.
Электрондук коммерция ассоциациясы Lalafo ресурсун атайын маркетплейс деп, ал эми Namba One сервисин финтех-продукт деп атайт.
Namba Group компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиевдин айтымында, кыргызстандык ишкерлер маркетплейстерде көбүнчө «Кыргызстанда жасалган» деген өндүрүмдү сатышат. Анын ичинен кийим-кече, текстил товарлары жана шырдак өңдүү колдо жасалган буюмдары басымдуулук кылат.
Алар негизинен Орусияга сатылат. Тентиев чет элдик маркетплейстерде соода ошол жактын валютасы менен жүрөрүн, анын кыргыз жарандары же ишкерлери үчүн пайдасы азыраак болоорун айтат. Андыктан, учурда Кыргызстандын өзүнүн улуттук маркетплейсин ишке киргизүүгө даярданып жатышканын билдирди.
"Ишкерлер дагы, мамлекет дагы, жарандар дагы өзүбүздүн маркетплейсти өнүктүрүүгө аракет кылышы керек. Биринчиден, эгерде биз өзүбүздүн аянтчабызды өнүктүрсөк, анда ичиндеги соода операциясынын баары кыргыз сому аркылуу жүрөт. Мындай аянтчалар өнүксө, анда банктар менен каржы-насыялык мекемелер дагы аны колдоп, элдин ар кайсы товарларды сатып алышын каржылап, жарандарга мүмкүнчүлүк берет. Буюрса, биз бул жылы өзүбүздүн чоң маркетплейсибизди ишке киргизебиз. Ошол маркетплейсте кыргыз жарандары товарларды бөлүп төлөөгө, бир-эки жылга насыяга алганга мүмкүнчүлүгү болот".
Бишкекте 2021-жылдын 30-сентябрында электрондук коммерция боюнча алгачкы форум болуп өткөн. 2022-жылдын 14-июнунда «Маркетплейстер – жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык конференция-көргөзмө өттү.
Аталган иш-чараларда Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон каржылык төлөмдөр, транспорттук логистика, инфратүзүм, эл аралык аянтчаларда соода жүргүзүү жана Кыргызстандын брендин өркүндөтүү өңдүү маселелер көтөрүлдү.