Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Иракта өкмөттүк имараттарга чабуул учурунда 23 адам өлдү


Муктад ас-Садрдын тарапкерлеринин өкмөттүк имараттар жайгашкан "Жашыл зонага" чабуул жасоо учуру. 29-август, 2022-жыл.
Муктад ас-Садрдын тарапкерлеринин өкмөттүк имараттар жайгашкан "Жашыл зонага" чабуул жасоо учуру. 29-август, 2022-жыл.

Ирактагы шийи имамы Муктад ас-Садрдын тарапкерлеринин Багдаддагы өкмөттүк имараттар жайгашкан "Жашыл зонага" жасаган чабуулу кагылышуулар менен коштолуп, кеминде 23 адам өлдү. AFP, AP жана Reuters баштаган маалымат агенттиктери кабарлады.

29-августтагы тополоңдо 400дөй киши жабыркады. Курмандыктар жана жаракат алгандар мындан да арбын болушу мүмкүндүгү айтылды.

Шаарда коменданттык саат киргизилген. Багдад өзү аба каттамдарын убактылуу токтотсот, коңшу Иран Ирак менен чек арасын жапты. Кувейт баштаган өлкөлөр жарандарын Ирактан чыгып кетүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Иракка көмөктөшүү миссиясы (UNAMI) баш аламандыктарды “өзгөчө кооптуу эскалация” деп атап, тараптарды “аягы бүтпөгөн окуяларга тутанып кетпөө үчүн карманууга” чакырды.

Мунун алдында Муктад ас-Садр саясий туңгуюктан улам саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган. Анын тарапкерлери муну бийликтин кысымы менен болду деп кабыл алып, өкмөттүк имараттарга кайрадан чабуул койгон. Алар 27-30-июлдарда парламенттин имараты менен бир катар өкмөттүк имараттарды басып алышкан эле.

Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз-аздан мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган. Ошондон бери Иракта туруктуу өкмөт жок, премьер-министр милдетин аткаруучу макамында гана келатат.

Мурдагы премьер-министр Нури аль-Малики баштаган "Координациялык түзүм" июлда экс-министр Мухаммед Шиях ас-Суданини өкмөт башчылыкка сунуштаган. Бул "Садрчылар кыймылынын" нааразылыгын тутанткан.

Муктад ас-Садрдын тарапкерлери парламентти, өкмөттү таратып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Алар аль-Малики менен ас-Судани Ирандын бийлигине көз каранды деп эсептешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG