Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Евробиримдик орусиялыктарга визалык алымды көбөйтөт


Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери орусиялыктар визаны жеңилдетилген шартта берүү тууралуу макулдашууну токтотууну макулдашканы турат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы сүйлөшүүлөргө катышып жаткан булакка таянуу менен кабарлады.

Бул чечим кабыл алынса виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 80 евро болуп калат жана арызды кароо мөөнөтү узарат.

Министрлердин расмий эмес жолугушуусу 30-31-августта Прагада өтөт деп күтүлүп жатат. Анда Балтика өлкөлөрүнүн Орусиянын жарандарына шенген визасын берүүнү токтотуу тууралуу сунушу каралмакчы. Бул демилгеге Батыш Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү жана Еврокомиссия каршы чыккан.

Мындан кийин Чехия жеңилдетилген визаны жоюу тууралуу келишимди мунапыс вариант катары сунуштаган. Bloomberg басылмасы мурдараак Германия менен Франция министрлердин жыйынында орусиялыктарга визаны берүүнү уланта берүүнү жактап чыгарын жазган.

Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда виза берүүнү жеңилдетүү тууралуу макулдашуу 2007-жылы кабыл алынган. Ал документтин расмий делегациялар үчүн бөлүгү февралдын аягында токтотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG