Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Борбор Азияны түйшөлткөн суу, коопсуздук жана соода


Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери төртүнчү консультативдик жолугушуудан кийинки расмий сыйлоо учурунда. 21-июль, Чолпон-Ата шаары.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери төртүнчү консультативдик жолугушуудан кийинки расмий сыйлоо учурунда. 21-июль, Чолпон-Ата шаары.

Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары төртүнчү консультативдик жолугушуусунун аягында биргелешкен билдирүү кабыл алды.

XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан жана Казакстандын мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев кол койду. Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери "өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин" кол коймой болду.

Келишимдин акыркы варианты азырынча жарыялана элек. Бирок буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган келишимдин долбооруна ылайык, ага кол койгон тараптар өз ара кызматташтыкты бекемдөөдөн тышкары бири-бирине кол салуудан же күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу милдеттемесин алышат.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери кол койбой калган келишим тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери өз мамлекетиндеги ички процедуралар бүткөндөн кийин документке кол коюшат.

"Маалымат каражаттардын өкүлдөрүнөн абдан көп суроолор келип жатат. Биринчиден, саммитке катышкан мамлекет жетекчилери документке кол коюуга даяр экенин билдиришти. Бул документ кыска убакытта даярдалып, алардын ички процедуралары бүтпөй калды. Бирок алар бул процесстер бүткөндөн кийин келишимге кол коюуга даяр экенин белгилешти", - деди Атаханов.

Бирок процедуралар канча мөөнөттө бүтөрү айтылган жок.

Нур-Султан чек ара маселесине ортомчу болууга даяр

Чолпон-Атадагы жыйында коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселеси да козголду. Президент Садыр Жапаров чек ара аймактарын достуктун, ишенимдин аянтчасына айлантууну сунуш кылды.

"Мындан ары социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө керек. Бул багытта өз ара аракеттерди бириктирүүгө чакырам", - деди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек аралар тынчтык жолу менен чечилиши керектигин, аны кечиктирүү жакшылыкка алып келбесин айтты. Коңшулары менен чек арасын толук тактаган Казакстан бул жаатта жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

“Мамлекеттер аралык чек араларда атылган ар бир ок жалгыз гана окуяга катышкан өлкөлөрдө эмес, бүткүл региондо катуу жаңырат. Тескерисинче, азыркы кризистик шартта биздин мамлекеттер карама-каршылыктарды цивилизациялуу, жоопкерчиликтүү жеңүүнүн үлгүсүн көрсөтүшү керек. Чек араларды мыйзамдуу түрдө каттоо процесси өтө татаал жана тикенектүү экенин өзүбүздүн тажрыйбабыздан билебиз. Талаш маселелер нукура ынак кошуналыктын жана эл аралык укуктун негизги принциптерин урматтоо менен тынчтык жолу аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Башка альтернатива жок”, - деди Токаев.

Ал чөлкөмдө экономикалык кызматташтык бекемделип, товар жүгүртүү 42% өскөнүн белгиледи, чек арада хабдарды ачып, товар жүгүртүүнү жакшыртуу зарыл экенин айтты. Анын айтымында Өзбекстан, Кыргызстан менен мындай иштер башталып, Тажикстан менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Түркмөнстан менен дан кампасын биргелешип куруу, бул өлкө менен транзиттик товарларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга өбөлгө түзчү жаңы жол куруу пландалып жатканын кошумчалады.

"Азаттыктын" Борбор Азия боюнча баяндамачысы Мерхат Шарипжандын пикиринде, Орусиянын Украинага каршы согушун эске алганда чек ара маселесинин мааниси артууда.

"Тактала эле чек араларды Орусиянын кийлигишүүсү жок, өз алдынча чечебиз деп жатышкандай. Экинчи маселе чек араны башынан карай баштасак, 1990-91-92-жылдарда кол коюлган бойдон калышы керек деген келишимдерге доо кетет. Азыр Орусия менен Украинанын ортосундагы абал, Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек араларда да талаш жаралышы мүмкүн".

Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Ильхамов Түркмөнстан менен Тажикстан лидерлеринин Чолпон-Атада негизги келишимге кол койбогонун комментарийлеп жатып, мындай жогорку деңгээлдеги кездешүүлөр ийне жибине чейин жакшылап даярдаларын, балким, бул саммит тамырын тартып көрүү аракети болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын фонунда өткөнүн айтыш керек. Ошондой чыр-чатактар кантип жөнгө салынууга тийиш? Муну чече албай жатып, мындан да жогору турган маселелерди кантип чечишет? Кенже Бердимухамедов болсо бейтараптуулукту карманган өлкөнүн өкүлү. КМШ, башка интеграциялык уюмдарга кирбейт. Жаңы президент өзүн кантип алып барары белгисиз. Сыягы өтө этият болууда. Алар үчүн ички процедуралык иштер чоң роль ойнобойт. Бул маселелердин бардыгын президент чечкен автократиялар. Мамлекет башчы кызыкдар болсо, анда проблемасыз эле кол коюшмак”.

Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос былтыр Авазада болгон жыйындан айырмаланып, бул ирет бейформал жолугушууга 20-июлда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан президенттеринин гана катышканын белгилейт.

“Түркмөнстан менен Тажикстандын кол койбоо чечиминин артында кандай себеп турганын билбейм. Балким, алар келишимде айтылгандарга толугу менен макул эмес. Мындай жыйындар практикалык жыйынтыкка караганда символикалык мааниге көбүрөөк ээ деп ойлойм. “Мына, бешөөбүз, башка өлкөлөрсүз бир жерге чогула алабыз” дегендей. Лидерлер 2019-жылы да жолуккан, андан кийин былтыр кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты. Былтыр августта да жыйын курушкан, чек -арадагы чыр-чатактар быйыл да тыйылган жок. Андыктан канчалык пайдалуу деген суроо жаралат”.

Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасынын 98% такталган. Тажикстан менен чектешкен аймагы 970 километр болсо, анын 664 чакырымы такталганы кабарланган.

Дүйшөмбү Ооганстандагы кырдаал боюнча маселе көтөрдү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коңшу Ооганстандагы абалга тынчсыздануусун билдирип, Борбор Азияны бул өлкөгө көз салып турууга чакырды. Анткени ал жактагы коркунуч Евразия материгиндеги геосаясий туруктуулукка да доо кетириши мүмкүндүгүн белгиледи.

"Биздин божомолдор боюнча Ооганстандагы абал мындан дагы начарлайт. Өткөн убакыт ичинде "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган - ред.) кыймылынын жетекчилиги дүйнө коомчулугун жана ооганстандыктарды коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө ынандыра турган реалдуу кадамдарды жасай алган жок", - деди Рахмон.

Ооганстан боюнча сөз улаган президент Садыр Жапаров ал жактагы абал татаал жана алдын ала болжоого болбой турганын айтты. "Талибан" башкарган өлкө боюнча Борбор Азия мамлекеттери бирдей жолду тандап, анын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу керектигине токтолду. Бишкектин ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу жаатында байланышы бар экенин белгилеп, ал жакка гуманитардык жардам жеткирилгенин эске салды.

Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов да аймактагы коопсуздук маанилүү экенин, бул жаатта беш өлкө биргелешип кызматташуусу керектигин айтты. Бул үчүн ар мамлекеттин тышкы иштер министрлери маал-маалы менен чогулуп, абалга мониторинг жүргүзүп турууну сунуштады.

Казакстандык саясат талдоочу Жаныбек Арыновдун пикиринде, Ооганстан боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн позициясы бир кылка эмес. Маселен, Өзбекстан талибдер менен алакасын жакшыртууга аракет кылып жатса, Тажикстандын мамилеси начар. Ошол эле маалда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери ортосунда деле айрым маселелерде эки ача пикир бар сыяктуу дейт эксперт.

"Бүгүнкү саммитте актуалдуу маселелердин баары каралды окшойт. Бирок каралды десе эле эми дароо чечилет дегенге эрте. Балким, сөз болгон маселелер боюнча иштер тезирээк карала башташы мүмкүн. Ортодогу келишимге Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттеринин кол коюудан карманышына алардын колдобогон же карап бүтө элек маселеси бар болушу ыктымал. Алар кечээ күнкү бейрасмий жолугушууларга келген жок, Чолпон-Атага бүгүн гана барышты. Ошол жагын эске алганда айрым маселелерде эки анжы пикирлер бар сыяктуу".

Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары, президенттердин бейрасмий жолугушуу учуру.
Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары, президенттердин бейрасмий жолугушуу учуру.

"Коопсуздук маселеси биринчиде туруш керек"

Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери Борбор Азиядагы коопсуздук маселесине коркунуч жаралганы айтыла баштады. Июль айынын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Апрель айында да "Ислам мамлекети - Хорасан" тобу Ооганстандан Өзбекстандын аскерий бөлүктөрүн аткылаганы кабарланган. Талибдер менен тажик бийлигинин ортосундагы мамиле улам курчуп, Ооганстан чек арасын жапканы кабарланган.

Талдоочу Чынара Эсенгул Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташуусунда аймактагы коопсуздукту сактоо биринчи орунда турушу керек деп эсептейт.

"Азыр кооптуу жагдайлар, бөлүнүүлөр көп болуп жатат. Алар өз кезегинде Борбор Азиянын коопсуздугуна таасир этпей койбойт. Өзүбүздүн коопсуздугубузду биригип алып камсыз кылбасак, дайыма эле чоң державалардан, башкача айтканда, Орусиядан көз каранды болуп келебиз. Эртең эле бул көз карандысыздык жок болуп калат деп айтуудан алысмын. Бирок аз-аздан, ушундай жолугушуулар аркылуу бири-бирибизге ишеним артып, эч болбоду дегенде Фергана чөлкөмүндөгү чек ара, суу маселеcин чечип, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу өңдүү долбоорлорду ишке ашыргыдай шартка жетип, коопсуздук маселебизди өзүбүз чечкидей болсок жакшы болот эле. Мүмкүн ага дагы бир канча жыл керектир. Буга эң ириде ишеним, ушундай жолугушуулар керек".

Бул жыйын аймактагы үч өлкөдө адам өмүрү кыйылган кандуу окуялардан (Тажикстандын Тоолуу Бадахшан, Казакстандагы Январь, Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан автоном республикасынын борбору Нукустагы окуялар) кийинки, Түркмөнстандагы бийлик алмашуу жана Орусия Украинага кол салгандан берки алгачкы кеңешме. Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болду.

Бишкек чөлкөмдөгү суу көйгөйүн эске салды

Төртүнчү консультативдик жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандын сууну топтоо жана сактоо аракети өз баасын ала электигин айтып, бул тармакта ресурсту башкаруунун механизмин чогуу иштеп чыгууну сунуштады.

"Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм. Ошондо суу башындагы өлкөлөр суу аз мезгилде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн сууну вегетация мезгилине топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат. Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстардын тең салмактуу алмашуусу каралган", - деди Жапаров.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан аймактагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдаланууга шарт түзгөн долбоорлорго өзгөчө маани берерин айтып, "Камбар-Ата 1" долбоорун колдой турганын билдирди.

"Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет", - деди Токаев.

Токаев жыйында соңку жылдары аймактагы мөңгүлөр тездик менен эрип жатканын эске салса, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чөлкөм жашыл экономикага өтүү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кыйла артта калганын белгиледи.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын алдын ала макулдашып, орток пикирге келгенине оң баа берди. Буга чейин "саясий каршылыктарга туш болгон" долбоордун аймакка тийгизчү пайдасына токтолду.

"Эгер курулса, Кыргызстанга эле эмес, жалпы чөлкөмгө пайдасы тийген ири ГЭС болот. Ошон үчүн муну башка мамлекеттер деле түшүнүп жатса керек. Анан калса электр энергиясынын баасы барган сайын кымбаттап жатат. Кызыкчылыкты туура пайдаланса, Казакстан менен Өзбекстан кошулса жакшы эле болот. Бир гана нерсе, ушул долбоорду Кыргызстан колго алып, ээлик кылышы керек. Коңшу мамлекеттер болсо үлүшү менен гана кирип, ошого кызыкдар болсо жакшы болмок. Бул ГЭС Токтогул суу сактагычына кошумча 3,5 миллиард кубга чейин суу берет жана анын сугат маселесин чечүүдө да чоң жардамы тиймек".

Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан соңку жылдары электр энергиясынын импорттогон өлкө болуп калганын айткан. Өкмөт “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөрүн, эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетерин айтып келет.

"Жыйын аймактагы маселелердин чечилишин тездетет"

Жолугушуу соңунда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмесине төрагалык кылуу Тажикстанга өттү.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин пикиринде, бул жыйын Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер үчүн маанилүү. Дүйнөдөгү жаңы түзүлүштөр, процесстер аймактагы өлкөлөрдүн бирге аракет кылуусун шарттайт.

"Жайгашкан аймагына жараша Борбор Азиянын геосаясий ролу, кадыры дагы өсүп жатат. Келечекте аймактын саясий-экономикалык, транспорттук, энергетикалык камсыздоо, коопсуздук жаатында геосаясий жактан көпүрө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул кеңешмени алгач түзгөндө эле бара-бара саясий бирикмеге айландыруу пландары болгон. Ал кадам-кадам болуп ишке ашып жатат деп ойлойм. Бул саммит акыркы үч жылдан бери ар кандай себеп менен Кыргызстанда өтпөй келе жаткан. Дүйнөдө жаңы түзүлүш, процесстер келатат, жаңы саясий түзүлүш тууралуу сөз болуп жатат, жаңы чакырыктар болуп жатат. Борбор Азияда келечекте саясий-экономикалык, керек болсо коопсуздук жактан күчтүү бирикменин болушу бул аймактагы өлкөлөр үчүн эле пайдалуу. Ушундай иш-чаралар чек ара, жер-суу деген сыяктуу эки тараптуу алака-катыштагы маселелерди чечүүгө дагы өбөлгө болот", - деди Казакбаев.

Дипломат, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев Борбор Азиядагы саясат ириде Орусия менен Кытайдан көз каранды экенин белгилеп, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыктын маанилүүлүгүнө токтолду.

"Биздин аймак эки чоң мамлекет, державанын - Кытай менен Орусиянын ортосунда турат. Мамиле түзгөндө, алака-катышта ушу эки мамлекеттин саясатынын контекстинде иш алып барышыбыз керек. Аларга кескин түрдө каршы чыкпай, бирок ошол эле учурда улуттук кызыкчылыкты сактап биринчи орунга коюу керек. Эгерде бир уюм болгондо аймактагы мамлекеттер арасында чек ара чырлары өңдүү маселелер тезирээк чечилмек, ошого шарт түзүлөт, чатакка жеткирбей чечүүгө мүмкүнчүлүк болот. Бул саммиттин Кыргызстанда өтүп жатканы жакшы".

Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Ильхамов бир аймакта жашап, орток проблемаларга туш болгондуктан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн интеграцияга муктаждык эбак эле бышып жетилген дейт. Андай орток маселелер катары эксперт Орусиядан көз карандылыкты региондун дүйнөлүк соода жолдорунун обочосунда калганын атады. Маселелерди чечүү кадамдары мурда кээ бир жетекчилердин амбицияларына такалып келгенин, бирок азыркы кырдаал көбүрөк аракеттерди талап кыларын белгиледи.

“Орток демилгелерге өзгөчө Орусиянын кийлигишүүсү жана кысымы тоскоол болуп келген. Интеграция же альтернативдүү соода маршруттары жаатында кадамдар жасалганда эле Орусия көшөгө артында аракет көрүп, региондогу ар бир өлкөгө өзүнчө басым кылчу. Орусия негизги соода өнөктөшү жана ошондой кала берүүдө. Баса, аймактын өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын 10 пайыз гана кошуналарына туура келет экен. Алар Кытай жана Орусия өңдүү ири өнөктөштөр менен көбүрөөк соода кылууга кызыкдар. Логистика жагынан да Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан көз каранды. Андан тышкары аскердик күч факторунун ролун да унутпайлы. Мунун бардыгын эске алаганда, мына азыр келгиле инеграцияны тереңдетүү кадамдарын жасайлы деген чакта кандайдыр бир чаралар көрүлөт деген кооптонуу бар. Айткандай эле Сергей Лавров (Орусиянын тышкы иштер министри) Ташкентке барууну көздөп жатканы маалымдалды. Менимче, көшөгө артында бир нерселерди кулагына куюп, аракеттер көрүлүшү мүмкүн. Анда аракетти Москва эки тараптуу деңгээлде жана өзү көзөмөлдөгөн ЖКУУ жана ЕАЭБ деңгээлинде жүрүшү ыктымал. Бул жагынан интергациялык процесс менен ошол уюмдардагы мүчөлүк кантип айкалышары да түшүнүксүз”.

Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушууда Борбор Азия лидерлери соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу, биргелешкен логистикалык борборлорду куруу сыяктуу экономикалык долбоорлор да талкууланды.

Президенттер ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбор Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” аймактык программасын жана 2022-2024-жылдарга өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Чолпон-Ата саммити: күтүүлөр жана реалдуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:17 0:00

XS
SM
MD
LG