11-июлда Алматы шаарынын Алмалы райондук соту Январь окуялары маалында курал-жарак уурдаган деп айыпталган Алибек Иманбековду алты жылга кести. Иманбеков тергөөдө кыйноого туш болуп, кагаздарга аргасыздан кол коюп бергенин айтты.
Ошол эле күнү Нур-Султан шаарында 20дай адам кан төгүү учурунда набыт болгон жакындарын актоону жана ал окуяларды адилет тергөөнү талап кылып турушту.
Дүйшөмбү күнү өткөн сотто судья прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, Алибек Иманбековду алты жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган жок жана "адилеттүүлүк үчүн күрөшөрүн" билдирди.
Өткөн жумада соттогу акыркы сөзүндө Иманбеков жерде жаткан куралды таап алып, полицияга телефон чалганын, эч ким жооп бербегендиктен аны катып коюп, абал тынчыгандан кийин кайтарып бермей болгонун айткан. Бирок ага жетпей эле тартип коргоочулар тинтүү жүргүзүп, куралды таап алышкан.
Камалганга чейин айдоочу болуп иштеген 33 жаштагы Иманбековдун жашы жете элек эки баласы, улгайган ата-энеси бар, аялы үчүнчү топтогу майып. Үй-бүлөсүндө жалгыз өзү акча тапчу.
Сот жараянында ал тергөө маалында, 11-январдан 15-январга чейин сабалганын жана күнөөнү кыйноо менен моюнга алууга аргасыз болгонун айтты:
"Мага каршы көрсөтмөлөрдүн баарын досторумду, тааныштарымды сабап алышкан. Сотто биз аны далилдедик, түшүндүрүп бердик, бирок аягы ушундай аяктады".
Өкүм чыккандан кийин судья анын кыйноолор тууралуу сөздөрүн “жазадан кутулуунун амалы” деп четке какты:
"Күбөлөр аларды союл (дубинка) менен сабашканын айтышты. Бирок далил иретинде бир да сүрөт, маалымкат көргөзө алышкан жок. 11-январдан бери токмоктошкон деген курулай гана сөздөр айтылды".
Иманбековдун адвокаты апелляциялык арыз берерин жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу даярдап жатканын айтты.
Сот жүрүп жаткан имаратка келген бир нече киши Январь окуяларына шектелип, тергөө учурунда кыйноого кабылганын айтып жатышты. Алардын бири Акылжан Кисымбаев:
"Ушунчалык кыйнашкан, эмнеге кол койгонубузду да билбейбиз. Ошондой болгон. Аны бийликтегилерге, сотторго айтып атып, сөз да түгөндү. Канча ай болду, кыйналып кеттик".
Ошол эле күнү баш калаа Нур-Султанга өлкөнүн жер-жеринен келген 20 чакты киши президенттик администрациянын имаратынын алдына топтолуп, кан төгүү учурунда набыт болгон жакындарын актоону жана ал окуяларды адилет тергөөнү талап кылышты.
Ал күндөрү мерт кеткен чымкенттик 19 жаштагы Нурболоттун атасы тергөөчүлөр уулунун кылмышка тиешесин далилдей албаганын билдирип жатат. Мурат Абдырайым "тынч митингге жөнөгөн куралсыз баласын атып өлтүрүшкөнү аз келгенсип, аны шектүү деп аташканына" күйүп отурат.
Жакындарын жоготкондор "өкмөт элдин жашоосуна татыктуу социалдык шарт түзүп беришсе, нааразылык митингдерине эч ким чыкпайт болчу, Январь окуялары да болбойт эле”, - деген арыз-муңдары менен бөлүштү.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын июндун этегинде тараткан маалыматына караганда, Январь окуяларына байланыштуу миңден көп киши шектүү катары өтүп жатат, 514 киши камакка алынды. Сотко жөнөтүлгөн 392 кылмыш иштин алкагында 445 киши соттолду. “Массалык башаламандык” жана “террордук аракеттер” боюнча 58 иш соттук өндүрүшкө алынган.
Кармалгандардын арасынан жүздөгөн киши аларды ур-токмокко алышканын, тергөөдө тыюу салынган башка ыкмаларды колдонушканын билдиришкен. Кыйноолорго шектелген 15 тартип коргоочунун арасынан июлга чейин коопсуздук комитетинин сегиз жана полициянын бир кызматкери камакка алынды.
Алматы облусунда 25 киши кыйноо иштери боюнча жабырлануучу деп табылган.
Расмий статистикада январь окуялары маалында 232 кишинин мерт кеткени, алты кишинин кыйноолордон каза тапканы айтылып жүрөт.
Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин кан төгүүнү адилет, ачык-айкын териштирүүгө, ал ишке чет жактан келген эксперттерди тартууга үндөп келатат. Бирок Нур-Султан ал сунуштан баш тарткан.