Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

13:20 21.7.2022

Садыр Жапаров: Ал жакта кырдаал татаал жана алдын ала болжоп айтууга болбой турат. Биздин оюбузча талибдердин бийликке келиши жана алар түзгөн өкмөт бул азыркы катаал реалдуулук. Мындан улам биз бул багытта биргелешкен жолду аныктап алышыбыз керек. Ошол эле маалда коңшубуз Ооганстандын туруктуу өнүгүүгө бет алышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Биз ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу жаатында байланышыбыз бар экенин белгилеп кетейин. Өткөн жылы биз ал жакка гуманитардык жардам жеткирдик. Ооган өкмөтүнүн жетекчилери менен аймактагы коопсуздукка байланыштуу бир катар жолугушууларды өткөрдүк.

12:59 21.7.2022

Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу аяктады. Кеңешмеге төрагалык кылуу Эмомали Рахмонго өткөрүлүп берилди.

12:58 21.7.2022

Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда Садыр Жапаров Азербайжандын мындан аркы жыйындарга байкоочу катары катышуу ниетин билдирди. Тышкы иштер министрлерине бул маселени карап чыгуу тапшырылды.

12:55 21.7.2022

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп, Ооганстандагы кырдаал дайыма чөлкөмдүн көңүл борборунда болушу керектигин белгиледи. Ал бул өлкөдө болуп жаткан окуялар жалпы Евразия аймагынын геосаясий абалдын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG