Чолпон-Атада 20-21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин бул жыйыны үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салуусунун алкагындагы алгачкы кеңешме. Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары былтыр 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстанда жолуккан. Андагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кызматташтыктын “Жол картасын” иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасы өткөн 30 жыл аралыгында бирде бекемделсе, көпчүлүк учурда өз ара кызыкчылыктардын талашынан улам солгундап турду. Анда аймактын өлкөлөрү газ берүүнү токтотуу же чек араларын жаап салуу аркылуу бири-бирине басым жасап, кыр көрсөткөн учурлар да болгон.
Чолпон-Ата саммити: мааниси жана камылгасы
Борбор Азияда тынчтыкты сактап, андагы беш өлкөнүн өз ара мамилесин чыңдоого багытталган мамлекет башчыларынын кезектеги кеңешмесин кыргыз мамлекети кабыл алганы турат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаары бир учурда беш президентти кабыл алууга камданып жатканын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмү кабарлады. Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесине келүүгө президенттердин бардыгы - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев макулдугун беришкен.
Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйында Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси караларын билдирди:
“Өлкө лидерлери аймактык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү болочогун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Азымбакиев.
Орусия Украинага басып киргенден бери бир катар саясат таануучулар, байкоочулар Борбор Азия үчүн Москванын орбитасынан чыгуу үчүн ыңгайлуу учур жаралып жатканын айтып келишет. Ошол эле маалда Орусияга экономикалык жактан байланган, миллиондогон жарандары ал жакта иштеп жатканда ал өлкөлөр үчүн мындай кадам оңой-олтоң болбосун эскертишет.
Садыр Жапаров: Борбор Азияда атаандаштык эмес, кызматташтык маанилүү
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык мамиле атаандаштык эмес, бирин бири толуктап турчудай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 20-июлда Чолпон-Атада Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин, Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушууда айтты.
Президент Кыргызстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, чет өлкөлүк түз инвестиция тартууну жана кооперацияны өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын белгиледи. Аймактагы ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка кызматташтык жалпы Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана өркүндөп өнүгүүнү камсыз кылуунун бекем пайдубалы экенин кошумчалады.
Жолугушууда президенттердин саммитинде карала турган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.