Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:49

Жапаров: Ооганстандагы кырдаал аймактын коопсуздугуна таасир этет


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде сөз сүйлөп, аймактагы коопсуздук тууралуу маселе көтөрдү. Буга байланыштуу Ооганстандагы кырдалга токтолду.

"Ал жакта кырдаал татаал жана алдын ала болжоп айтууга болбой турат. Биздин оюбузча талибдердин бийликке келиши жана алар түзгөн өкмөт бул азыркы катаал реалдуулук. Мындан улам биз бул багытта биргелешкен жолду аныктап алышыбыз керек. Ошол эле маалда коңшубуз Ооганстандын туруктуу өнүгүүгө бет алышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Биз ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу жаатында байланышыбыз бар экенин белгилей кетейин. Өткөн жылы биз ал жакка гуманитардык жардам жеткирдик. Ооган өкмөтүнүн жетекчилери менен аймактагы коопсуздукка байланыштуу бир катар жолугушууларды өткөрдүк", - деди Жапаров.

Өткөн айда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкекте жолугуп, аймактын коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдайларды талкуулаган.

Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматында турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Былтыр 15-августта Ооганстандын бийлигин басып алган талибдердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек.

XS
SM
MD
LG