Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Киев тыңчылык кылгандардын артынан түштү


Украиналык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт. 20-июнь, 2022-жыл.
Украиналык аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт. 20-июнь, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-июлдун кечинде Коопсуздук кызматынын жетекчиси Иван Бакановду жана башкы прокурор Ирина Венедиктованы кызматтан четтеткенин жарыялады.

Президент бул чечимин күч кызматкерлери аралашкан мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу иштердин көптүгү менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, учурда 650 кылмыш ишинин алкагында прокуратура жана тартип коргоо кызматкерлери мамлекеттик чыккынчылыкка жана душман менен кызматташууга шек саналып жатат.

“Прокуратуранын жана Украинанын коопсуздук кызматынын 60тан ашуун кызматкери оккупацияланган аймакта калып, биздин мамлекетке каршы иштеп жатат. Мамлекеттин улуттук коопсуздугунун негиздерине каршы мындай кылмыштардын топтому жана Украинанын укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен Орусиянын атайын кызматтарынын ортосундагы байланыштар тиешелүү жетекчилерге карата өтө олуттуу суроолорду жаратууда. Бул суроолордун ар бирине туура жооп болот”, - деди Зеленский.

Украинанын убактылуу иштен четтетилген башкы прокурору Ирина Венедиктова жана Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Баканов.
Украинанын убактылуу иштен четтетилген башкы прокурору Ирина Венедиктова жана Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Баканов.

Президенттин администрация жетекчисинин орун басары Андрей Смирнов 18-июлда украин телеканалына маек куруп, Венедиктова менен Баканов "тергөө иштери жүрүп жаткан маалда" иштен убактылуу четтетилгенин маалымдады. Ал ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин бул эки аткаминер өз кызматтарына келиши мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Зеленскийдин жарлыгы чыккан күнү Мамлекеттик иликтөө бюросу Коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүнүн жетекчисин кармаганы маалым болду. Ал Орусиянын пайдасына чыккынчылык кылган деп шек саналууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кеп Олег Кулинич тууралуу болуп жатканын жазышты. Ал Крым автоном республикасынын коопсуздук кызматын жетектечү. Аралды Орусия аннексиялап алгандан кийин кызматтын баш кеңсеси Херсондо көчүп келген.

Украинанын атайын кызматында саткындар, чыккынчылар бар экенин өлкө президенти Зеленский апрель айында эле айтып, мекеменин бир нече жетекчисин кызматтан алган.

Винница шаарында 14-июлда болгон ракеталык аткылоодон кийин орустарга маалымат берип, тыңчылык кылып турган деген шек менен 300дөй адам кармалганын калаа мэри Сергей Моргунов билдирген. Алар кимдер экени, кандай маалымат берип турганы так айтылган жок.

Украинанын чыгышында кармаш уланууда

Ал арада Евробиримдик Украинага дагы 500 миллион еврого курал-жабдык жана аскердик техника жөнөтмөй болду. Тиешелүү чечимди 18-июлда Брюсселде шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кабыл алышты. Бул тууралуу Еврокеңештин президенти Шарль Мишель билдирди. Ушуну менен Евробиримдик Украинага жалпысынан 2,5 миллиард еврого аскердик жардам көрсөттү.

Украинанын чыгышында кармаш уланууда. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, Донецк облусунун Торецк шаары орус армиясынын аткылоосуна кабылды. Дүрмөт карапайым тургундар бар эки кабаттуу имаратка тийген. Куткаруучулар уранды алдынан беш адамдын сөөгүн алып чыгышты.


17-июлда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы согушка катышып жаткан аскерлердин жетекчилерине жолугуп, орус күчтөрүнүн чабуулдарын активдештирүү тапшырмасын берди.

Британиянын Коргоо министрлигинин 17-июлдагы маалыматында Орусия Европадагы эң ири атом электр станциясы жайгашкан Запорожье аймагына - Херсон, Мариупол, Мелитопол шаарларынын ортосуна оор техникалары менен аскер күчтөрүн которууда.

Британиянын жогорку аскер башчысы, адмирал Тони Радакиндин Би-Би-Сиге берген маегине караганда, согуш башталгандан бери Орусия 50 миңдей аскеринен айрылган. Москва канча аскерин жоготконун так билдире элек.

XS
SM
MD
LG