Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

"Милиционерлер иштен тышкаркы кездеги кылмышка шектелүүдө". Министрдин маалыматы


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милициянын алты айдагы жыйынтыгы жөнүндө маалымат берип, өлкөдө кылмыштуулуктун саны 50% кыскарганын билдирди.

Министр акыркы учурдагы үрөй учурган зомбулук, активисттердин суракка чакырылышы жана өзүнө айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Министрдин жообу

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 18-июлдагы маалымат жыйынында журналисттер көбүнчө өспүрүмдөргө, аялдарга жасалган зомбулуктарды алдын алуу чаралары жөнүндө суроолорду беришти. Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын окуясы, 13 жашар кызды зордуктоо ишинде милиция кызматкерлеринин айыпталышы, журналист, активисттердин кармалашы боюнча нааразычылык акцияларында министрдин отставкасы талап кылынган. Ниязбеков аларга “милиция колдон келген бардык аракетин, тийиштүү чараларды көрүп жатат” деп жооп берди.

Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

“Биздин кызматыбызды эл таразалап, эл баалайт. Бир эле телеберүү жана редакциянын көз карашы, сыны бизди түздөлүүгө шарт түзөт. Ички иштер органдарынын кызматкери жаман иштерге барганы өтө уят. Ар бирибиздин кызыбыз, карындашыбыз бар. Биз ал окуяны аныктап, аларды эч кандай жашырбастан кармап, сотко чейин өткөрүп бердик”.

Ниязбеков Айзада Канатбек кызынын өлүмү боюнча жаза алган 44 милиция кызматкеринин кайра башка кызматтарга орношуп алганына “кызматтык иликтөөнүн негизинде оор кылмышка катышы аныкталбагандыктан сөгүш, эскертүүлөр гана берилген” деген негиз келтирди.

"Жумуш учурунда болгон эмес"

Маалымат жыйында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгени белгилүү болду. Улан Ниязбеков орган кызматкерлери иш убактысынан тышкаркы мезгилде зордуктоого шектелип жатканын белгилеп, ар бир кызматкер жумушка алынарда психологиялык текшерүүдөн өтөрүн, шектүүлөр боюнча соттун чечиминен кийин толук маалымат берерин билдирди.

Журналист Болот Темировдун иши сотто каралып жаткандыктан пикирин айта албай турганын, ал эми блогер Адилет Балтабай “туура эмес чакырыктарга шектелип кармалганын” кошумчалады.

“Ар бир чагымчыл материал, социалдык тармактарда элге чакырык жасагандарды тыкыр иликтейбиз. Анткени ар биринин артында кандайдыр бир кылмыштуу ойлору барбы, текшеребиз. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн баарлашууга гана чакырабыз”, - деди министр.

Ниязбеков милициянын жетишкендиги катары статистикаларды келтирип, 2021-жылдын алты айына салыштырмалуу кылмыштуулук 47% азайган деп билдирди. Тактап айтканда, 2021-жылы 6 айда 43 миң 159, быйыл ошол мезгилде 22 миң 634 кылмыш катталган.

Ички иштер министрлигинин өлкөдө кылмыштуулук азайганы жөнүндө билдирүүсү социалык тармактарда айрым активисттердин сынына кабылды. Алар кылмыштуулук кагазда азайганы менен акыйкаттык издеп, ар кандай кылмыштардан жабыркаган жарандар жүздөп саналарын айтышууда. Алардын бири Эрлан Бекчоро:

Эрлан Бекчоро.
Эрлан Бекчоро.

“Министрдин кылмыштуулук боюнча көрсөткүчү өздөрүнө берген баасы. Ал эми аларга элдин баасы нөл деп койсок болот. Бийлик азыр милиция менен өздөрүн гана коргоп жатат. Милиция кызматкери коркунучтуу иштерге шектелип, соттук териштирүүдө жүрүшөт. Анан кантип бизди коргойт деп айта алабыз?” – деди активист.


2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин кызматка келген Улан Ниязбеков медиага жабык министр катары сыпатталып келет. Анын кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары өтүп, ИИМде реформа башталбай жатканы жөнүндө коомчулукта сын-пикир арбын.

Мурдагы ички иштер министри, генерал Феликс Кулов милициянын ар кандай оор кылмыштарга шектелиши, элдин ишениминин төмөндөшү кадр тандоо калпыстыгынан улам башталарын белгиледи:

“Кылмыштуулуктун өскөнү же кыскарганы ИИМдин эмгеги эмес. Ал социалдык көрүнүш. Эң башкысы - кылмыштын бети ачылышы керек. Азыр милиция аракет кылып, өз ишин аткарып жатат. Бирок бир топ кемчиликтер бар. Жогорку даярдыктагы ыкчам кызматкерлер, тергөөчүлөр жок болуп жатат. Анан Бурулай, Айзаданын өлүмү жана 13 жашар кыздын зордукталышы сыяктуу иштер милициянын кадыр-баркына аябай доо кетирет”, - деди Кулов.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, мамлекет башчынын аймактардагы эл менен жолугушуусунда көпчүлүк суроолордо соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине карата нааразылык айтылып, ал ИИМ менен башкы прокурорду аймактарды кыдырууну тапшырган.

Улан Ниязбеков президент Жапаровдун октябрь окуясынан кийин алгачкы дайындаган кадрларынын бири. Министрлик кызматка дайындалганга чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG