Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун аны кармоо операциясына катышкан милиция кызматкерлерине иш козгоо тууралуу арызын канааттандырган жок.
Ал арада Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ленин райондук бөлүмүнө саясатчы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнөн улам "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчисинен сырткары "Клооп" басылмасынын башкы редактору да суракка чакырылды.
Бул окуялар сөз эркиндигине байланыштуу маселени кайра күн тартибине чыгарды.
Бишкек шаардык соту 7-июлда Биринчи май райондук сотунун Болот Темировдун арызын четке кагуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Журналист сотко аны кармоо операциясына аралашкан милиция кызматкерлерине иш козгоп, аларды жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.
Темировдун "Азаттыкка" билдиришинче, ал кармалган күнү наркологиялык текшерүү учурунда милиция кызматкери тарткан видео менен Temirov LIVE каналынын тергөөчүлөр алып кеткен компьютериндеги тасмалар кийин социалдык түйүндөргө фейк- аккаунттар аркылуу тараган.
Журналист мындайга жол берген ички иштер кызматкерлерин жоопко тартуу тууралуу арыз менен прокуратурага кайрылган, бирок арыз канааттандырылган эмес.
"Кылмыш ишине тиркелген нерселер биздин компьютерлердин ичинен жана өздөрү тарткан видеолор бизди жамандап чыгарган фейк-аккаунттар менен милиция кызматкерлеринин байланышы бар деп прокуратурага арыз бергенбиз. Иш козгобой койду. Анан биз прокуратуранын мындай чечимин сотко бердик".
Журналисттин айткандарына байланыштуу шаардык милиция азырынча комментарий бере элек. Райондук жана шаардык соттор дагы чечимге байланыштуу үн каткан жок.
Ушул тушта Темировдун жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун ишин Свердлов райондук соту карап жатат. Аларды милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Анын алдында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен анын жакындарынын аты аталган.
Ташиев ошол эле күнү журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.
Темиров менен Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Иликтөөчү журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, баары бириктирилип каралууда. Темиров бул иштерди куугунтук катары мүнөздөп келет.
Күч органдары журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтө турганын билдирген. Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.
Ал арада оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун өлкөнүн тышкы карызы тууралуу Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүнөн улам “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева 7-июлда Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында экинчи жолу сурак берип чыкты.
Тергөөчүнүн билдиришинче, Жээнбеков социалдык тармактар аркылуу жарыялаган билдирүүсүн бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.
"Азаттык Медиага" юридикалык жардам көрсөтүп жаткан “Медиаполиси” институтунун адвокаты Акмат Алагушев сурактын суроо жараткан учурларын айтып берди.
"Кылмыш ишинин бар же жогу белгисиз. Тергөөчү жооп берген жок. Тергөөгө чейинки текшерүү деген бар. Азыркы Жаза-процессуалдык кодекс боюнча башаламандык болуп калды. Ал жерде тергөөгө чейин, сотко чейин деген жерлери бар. Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттайбы же жокпу, баары башаламан болуп калган. Бул жерде суракка чакырылган адам десе деле туура эмес болуп калат. Аны кайсы себеп менен чакырды, ал чынында эле күбөбү деген нерселер бар. Айзада Касмалиеваны "Азаттык Медианын" жетекчиси катары чакырып туруп, алты шилтеме боюнча эмне, кандай, аныкпы, туурабы деп суроо берип жатышат. Ал макалалар жарыяланган, канчадан бери сайтта турат. Жөн эле кагаз түрүндө кайрылып, ага расмий түрдө жооп берилсе болот эле. Эмне себептен суракка чакырып алат? Ушул нерсе түшүнүксүз болуп жатат. Алар эмнени күтүп жатышат? Алардын суроолору дагы кызыктай, чынын айтканда. Бул маалыматтар жакшыбы же жаманбы, козуткан маалыматтар барбы, кандай максатта жаздыңар эле дегендей суроолор болуп жатат. Бул туура эмес нерсе да".
Алагушев тергөөчүнүн сурактагы маалыматтарды сыртка чыгарбоо тууралуу тилкатына кол коюп берүү талабынан баш тартылганын билдирди. Муну “Жазык-процессуалдык кодексинин” 167-беренеси боюнча тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууга жол берилбестик тууралуу тилкатка кол коюу талабы мыйзамсыз экенин айтты:
"Конституциялык соттун бул берене боюнча быйылкы жылдын 8-июнундагы чечими бар. Анда аталган берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрү Конституцияга каршы келет деп айтылган. Ошондуктан биз кол койбойбуз дедик".
Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө байланыштуу "Клооп" басылмасынын редактору Ислам Розиев да 7-июлда күбө катары суракка барды жана ал бир сааттай убакытка созулган. Аталган басылма Розиев тергөөдөгү маалыматтарды сыртка чыгарбоо тууралуу тилкат жазып бергенин билдирди.
“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси биринчи суракка 5-июлда барган жана ал 2,5 саатка созулган. Анда милициянын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыккан. Мындан тышкары сайттагы бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч жөнөткөн.
"Азаттык" радиосунун тышкы карыз тууралуу даярдаган материалдары жергиликтүү расмий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянуу менен жазылган. Маалыматтын булагы ачык көрсөтүлүп, аларга шилтеме берилген.
Равшан Жээнбеков 7-июлда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу күч органдарына кайрылып "журналисттерди жайына койгула" деген мазмундагы кайрылуу жасады.
"Түн ичинде алты саат бою тергөөчүлөр тышкы карыз боюнча менин билдирүүмө байланыштуу суракка алганда, мен тышкы карыз 1 миллиард доллардан ашык болуп өсүшү мүмкүн дегенди "Азаттык", "Клооп" жана "Спутниктен" ачык булактардан алгам деп айткам. Мен жазган постко байланыштуу силер журналисттерди суракка чакыра баштадыңар. Муну силер "Азаттыктан" баштадыңар. Бул туура эмес жана адилетсиз, мыйзамсыз. Акыркы эки жылда Кыргызстан эркин журналисттер, эркин медиа, жарандык активисттер жана саясий атаандаштар куугунтукталган авторитардык, полициянын өлкөсүнө айланды. Бийликти сындагандар куугунтукталып, суракка чакырылып жатат, же түрмөдө отурат. Бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн өтө жаман. Журналисттердин мага, менин саясий ишмердигиме эч кандай тиешеси жок. Алар болгону өз ишин аткарып жатат".
Равшан Жээнбеков 2-июлда Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактардагы посту үчүн сурак берип чыккан. Оппозициячыл саясатчы анда "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазганы үчүн милицияга чакыртылганын айткан.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул сурактарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди.
Анда Равшан Жээнбековдун "тышкы карыз тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүсү коомдо резонанс жаратканы, бул коомдук-саясий кырдаалды олку-солку кылышы мүмкүн экени жазылган. Мындан улам Жээнбеков жана Финансы министрлигинин кызматкерлери күбө катары суралганы айтылган жана тергөөдө Жээнбековдун маалыматтары анык эмес экени аныкталды" деп белгиленген.
"Андан сырткары маалыматты жана анын булагын аныктоо максатында 5-7-июль күндөрү күбө катары маалымат сайттаранын А.К аттуу жетекчиси күбө катары суракка алынды", - деп айтылат райондук милициянын кабарында.
Бул окуялардан улам журналисттерге басым, милициянын саясий куралга айланышы тууралуу дооматтар айтыла баштады.
Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милиция кызматкерлерине айтылган сынды четке какты.
"Мен азыр журналист туура же милиция туура деп айта албайм. Мен деле бул нерселерди маалымат каражаттарынан угуп жатам. Азыр эми милиция курал болуп калды деген туура эмес түшүнүк. Алар келген материал боюнча гана иштейт. Ага эч ким "сен ушуну карма, артынан жүр" деп айтпайт да. Ошол Равшан Жээнбековдун өзүнө "эмне үчүн кээде туура эмес сүйлөйсүз" деп суроо бербейсиңерби? Ар бир адам өзүнө, жасап жаткан ишине баа берип сүйлөшү керек да".
Президент Садыр Жапаров өткөн айдагы маектеринин биринде анын ишин сынга алгандар менен соттошпой турганын жана сөз эркиндиги болушу керек экенин билдирген.
Бирок Кыргызстанда соңку кездери сөз эркиндигине байланыштуу сындар айтылууда. Буга айрым журналисттерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынган, суракка чакыртылган фактылар негиз болду.