Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Зеленский Украинанын башкы прокурорун жана Коопсуздук кызматынын башчысын иштен кетирди


Украин президенти Владимир Зеленский, 17-июль 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский, 17-июль 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн башкы прокурору Ирина Венедиктованы жана Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Бакановду кызматтан бошотту. Анын тиешелүү жарлыктары 17-июлда жарыяланды.

Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда бул чечимин күч кызматкерлери аралашкан мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу иштердин көптүгү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, учурда 651 кылмыш ишинин алкагында прокуратура жана тартип коргоо кызматкерлери мамлекеттик чыккынчылыкка жана думшан менен кызматташууга шектелип жатат.

“Прокуратуранын жана Украинанын коопсуздук кызматынын 60тан ашык кызматкери оккупацияланган аймакта калып, биздин мамлекетке каршы иштеп жатат. Мамлекеттин улуттук коопсуздугунун негиздерине каршы мындай кылмыштардын топтому жана Украинанын укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен Орусиянын атайын кызматтарынын ортосундагы байланыштар тиешелүү жетекчилерге карата өтө олуттуу суроолорду жаратууда. Бул суроолордун ар бирине туура жооп болот”, - деди Зеленский.

Баканов 2019-жылы Зеленский жана анын “Эл кызматчысы” партиясы бийликке келгенден көп өтпөй Украинанын коопсуздук кызматынын башчылыгына дайындалган. Ал Зеленскийдин бала кезден берки досу деп сыпатталып келет. Экөө “Квартал 95” студиясында чогуу иштешкен.

Июнь айында айрым басылмалар Зеленский украин күчтөрүнүн Херсондогу ийгиликсиз аракеттеринен кийин Бакановду иштен кетириши мүмкүндүгүн жазып чыгышкан. Бирок 27-июнда Зеленский Бакановду кызматтан алууну көздөбөгөнүн ишарат кылган.

XS
SM
MD
LG