Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Садыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. 

Жыйында 2022-жылдын алты айындагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды.

19:03 14.7.2022

Президент Садыр Жапаров 14-июлда аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирет өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Анда өкмөт "жалкоо" кадрлардан арылышы керектигин билдирди. Алты айдын жыйынтыгы чыгарылып, кен-тармагындагы абал, энергетикадагы каржылык тартыштык, берилген тапшырмалардын аткарылышы өңдүү маселелер көтөрүлдү.

Садыр Жапаров жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди аткарган иши тууралуу маал-маалы менен коомчулукка отчет берип турууга милдеттендирди. Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрүн "хан" сезип алганын айтты. Президент ошондой эле мамлекеттик башкаруунун жаңы системасыанн өтүп, шайлоолор болгонун, "саясий оюндар" бүткөнүн, алдыда экономика менен алектенген жылдар келе жатканын белгиледи.

"Өткөн жылдын декабрында 2021-жылдагы иштерди расмий жарыялаганбыз. Бүгүн алты айдын жыйынтыгын чыгарабыз. Иштин жыйынтыгын чыгарып, ирээттеп туруу бул - дагы бир жолу белди бекем бууп, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат. Мурдагыдай "эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек" деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу мезгил эмес. Мен ар дайым ачыкмын, кайсы жерге барбайын элдин суроолорунун баарын түз, ачык жооп берип келем. Өкмөт өкүлдөрү аймактарды кыдырып жүрөт. Алар элдин көйгөйүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат", - деди президент.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндамасында тоо-кен тармагындагы абалга токтолду. Анда өнөр жайдагы өсүш 14,6% болгонун, мындай темп кен тармагына байланыштуу экенин билдирди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү. Ал эми 2021-жылы 22,9 миллиард гана сом киреше алганбыз. Биз бир жылда чогулткан салыкты жарым жылда эле алдык. Мунун 75% ашыгын Кумтөр берди. Бул Кумтөрдү алганыбыздын биринчи жыйынтыктары. Бул биздин кирешебиз үчүн эң чоң булак болду. Калганын башка кендер берди. Мындан башка кендер дагы салмактуу киреше бере баштаганын көрүүгө болот. Мындан сырткары лицензияларды тартипке келтире баштадык. Лицензияларды бекер кармап отургандар аны кайра тапшыра башташты. Бүгүнкү күнгө карата 100дөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды. Лицензияны кармап туруу боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87% төлөндү, 213 миллион сомдон ашык каражат түштү. Суу ресурстарын кен иштетүүгө пайдалангандыгы үчүн бул жылы биринчи жолу акча төлөмдөрүн ала баштадык. 13-июлга карата 216 миллион сом түштү. Таза суунун баасы мындан ары дагы өсөрүн белгилеп кетем", - деди өкмөт башчы.

Министрлер кабинети былтыр сентябрда "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйымдын наркы 10 эсеге өскөн. Мунун аркасы менен учурунда чалгындоо үчүн уруксат кагазын сатып алып, бирок иш баштабаган ишкерлер аны кайра мамлекетке кайтара баштаган.

Токтомго ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн чоң суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Өкмөттүн жыйынында көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) тууралуу сөз болду.

Садыр Жапаров Министрлер кабинетине ККМди колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо, аны жеңилдетүү жагын караштырууну тапшырды. Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө кол кабыш кылышы керектигин эскертти.

"Силер дагы баарын тактап, Салык кызматына кайрылып жагдайды түшүнүп алып аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү - бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл. Сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн "кара ниет" ишкерлерди финансылык тартипке чакыруу. Ошондуктан бул аппараттарды бардык жерге киргизишибиз керек. Биз аткезчилик, коррупция жана бюрократия менен дагы аёосуз күрөшөбүз", - деди президент.

Өткөн аптада Акылбек Жапаров ККМди киргизүү шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун акыркы чогулушун өткөргөн. Өкмөт тараткан маалыматта анын жыйынтыгында бардык ишкерлерге ККМ жана эсеп-фактураларды колдонуу милдеттүү бойдон калганы айтылган. Ишкерлерди ККМ менен камыздоодо айына 300 сомдон бөлүп төлөө шарттары каралганы белгиленген.

Бишкекте жана бир катар аймактарда соодагерлер, ишкерлер ККМди киргизүүгө каршы бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өз баяндамасында бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык тууралуу маалымат берди.

Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

"Биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом. Жалпы чыгашабыз 40 миллиард сомдон ашып жатат. Быйыл биз 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултабыз деп пландап жатабыз. Ошонун айырмасы 15 миллиард сомдон ашып жатат. Өзүңөр билесиңер, мунун баары биздин тарифтик саясатыбыздан келип чыкты. Эң көп тартыштык "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна таандык. Бул Бишкек жылуулук электр борбору, Токтогул ГЭСиндеги каскаддар. Андан кийинки орунда "Кыргызстан улуттук электро тармактары", андан кийин бөлүштүрүүчү копаниялар, "Жылуулук тармагы", Чакан ГЭС" турат".

Ушул айдын башында Бекмурзаевге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оозеки эскертүү берген. Анын алдында Жогорку Кеңеште министрдин дарегине сын-доомат көп айтылган. Айрым депутаттар энергетика тармагындагы бир катар иштер, берилген тапшырмалар жасалбай жатканын айтып, атайын комиссия түзүп иликтеп чыгууну сунуштаган.

Доскул Бекмурзаев кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Ишине киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген эле.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аталган аймактагы бир катар маселелерди көтөрдү. Анда негизинен кен тармагына берилген лицензияларды ирээтке келтирүү, чайыр бизнесин көзөмөлдөө жана акимдер менен мэрлердин ыйгарым укуктарын тактоого токтолду.

Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

"Биздин облуста кен байлыктарды иштетүүгө 300дөн ашуун лицензия берилиптир. Бул көп жылдан бери берилип келген лицензия. Бүгүнкү күндө кошумча маселелерди жаратып жатат. Ошондуктан урматтуу президент, сизден суранып кетет элем, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, бардык лицензияларга инвентаризация жүргүзүп, ирээтке, тартипке келтирип койсок. Азыр биздин облуста чайыр (ферула) жыйноого байланыштуу маселе чыкты. Бул өсүмдүк биздин облуста көп жылдан бери өсүп келген. Быйыл жергиликтүү эл эге баштады. Атайын адистер келип топтоп алып кетип жүргөн, быйыл эл буга каршы чыкты. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде мунун жол-жобосун иштеп чыгышыбыз керек. Же болбосо жапайы өсүмдүктөргө тийбей туруп, өзүбүз эгип, жыйнап алсак болот. Ушул жапайы чайырга эле кээ бир мамлекеттик органдардан 19 уруксат кагазы берилип калыптыр. Бул биздин облуста маселе болуп турат. Үчүнчү чоң маселе бул - аким жана мэрлердин ыйгарым укуктарына байланыштуу. Министрликтердин алдындагы департаменттер, агенттиктер аким жана мэрлердин макулдугу жок эле аймактардагы жетекчилерди дайындап жатат. Бул норма тиешелүү мыйзамда каралбай калыптыр. Эгерде биз мыйзамга алымча-кошумча киргизсек, акимдер менен мэрлерге толук жоопкерчиликти берип, алардан дагы талап кыла алат элек", -деди Алимбаев.

Өкмөт социалдык-экономикалык абалды талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Буга чейин Баткенде жергиликтүү эл чайыр алуу үчүн жайыт мыйзамсыз бөлүнүп кеткенин, ага облустагы таасирдүү адамдар аралашканын айтып чыгышкан.

Ферула же кыргызча аталышы сасык чайыр (кокон чайыр деген да аталышка ээ-ред.) - көп жылдык чөп өсүмдүгү. Кыргызстанда 35тен ашуун түрү өсөт. Индия жана Пакистан сыяктуу Азия өлкөлөрүндө тамак-ашка кошулат, ошондой эле дарылык максатта колдонулат.

Мындан улам анын 1 килограмм чайыры 30дан 100 долларга чейин бааланып, четке сатылат.

Садыр Жапаров жыйындын соңунда берилген тапшырмалар Чүйдө эң начар аткарылганын билдирди. Буга байланыштуу аталган облустагы президенттин өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды.

"Жалпы берилген тапшырмалардын саны 5700дөн ашкан, анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай калганы 5,2% болду. Бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда. Чүй облусундагы өкүлүбүз, туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Сиз бул боюнча ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга караганда бардык шарттар бар да, эң алдыңкы орунда турушу керек".

Нурил Алымбаев президенттин бул сынына жооп берген жок. Ал кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган жана ага чейин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болгон.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө жарлыктарга президент кол коет.

14:35 14.7.2022

13:07 14.7.2022

Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы өкмөттүн жыйынында берилген тапшырмалар Чүйдө эң начар аткарылганын билдирди. Буга байланыштуу аталган облустагы президенттин өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды.

"Жалпы берилген тапшырмалардын саны 5700дөн ашкан, анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай калганы 5,2% болду. Бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда болду. Чүй облусундагы өкүлүбүз туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Сиз бул боюнча ишти алдыга жылдырышыңыз керек. Чүйдө башка облустарга караганда бардык шарттар бар да, эң алдыңкы орунда турушу керек".

Нурил Алымбаев президенттин бул сынына жооп берген жок. Ал бул кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган жана ага чейин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.

12:56 14.7.2022

Садыр Жапаров: Кабинетте отура бербей, элди аралап иштейсиңер. Жыл аягында эл иштесин десе иштейсиңер, иштебесин десе кетесиңер.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG