Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Акылбек Жапаров: Быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жалпысынан 400 чакырым жолго асфальт төшөлөрүн билдирди. Ал 14-июлда президент Садыр Жапаров төрагалык кылган өкмөттүн жыйынында жолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо, шагыл төгүү иштери да уланарын айтты.

"Былтыр 178 чакырым жолго гана асфальт төшөлгөн. Быйыл дагы 150 миң чарчы метр жолдогу чуңкурлар оңдолот. Дагы 250 чакырым жолго шагыл төгүлөт. Баткен облусунда эле 43 объектиге жолдор салынып жатат. Жол фонду түзүлдү. "Кыргыз жол куруу" компаниясы да түзүлдү. Кыргызстандын жолдорунун тышкы карызынан кутулуу боюнча дагы жакшы ойлорубуз бар", - деди Акылбек Жапаров.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан автожолдорду курууга эл аралык каржы уюмдарынан 2,5 миллиарддан ашык доллар насыя алган жана анын басымдуу бөлүгүн Кытай берген.

Жогорку Кеңеште, коомчулукта жол тармагына алынган насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканы тууралуу маселелер көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG