Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:53

Украин күчтөрү Херсонду бошотууга киришти


Херсон аймагындагы украин аскерлери.
Херсон аймагындагы украин аскерлери.

Украин армиясы өлкө түштүгүн баскынчылардан бошотуу үчүн каршы чабуулун баштады. Маалыматка караганда, украин күчтөрү 12-июлда орустардын карамагындагы Новая Каховка шаарындагы курал-жабдык кампасына сокку урган. Өлкө чыгышында кармаш уланууда. Иран Орусияга учкучсуз аппараттарды берүүгө даярданып жатканын Вашингтон билдирди.

Украин аскерлери орус баскынчылардын карамагындагы Новая Каховка шаарына жасалган соккудан душмандын 52 аскерин, гаубицаларды, минометторду жана башка техникасын жок кылганын билдиришти.

Ал эми Орусиянын ТАСС агенттиги украин армиясынын чабуулунан базар, оорукана жана карапайым тургундардын үйлөрү жабыркаганын билдирди.

Херсондун Кремл түзгөн администрациясынын жетекчиси Владимир Леонтьев чабуулду «террордук акт» деп атап, жети киши мерт кетип, сексен адам жараат алганын кошумчалады.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейтарап текшерүү мүмкүн эмес.

Новая Каховка баскынчылардын карамагындагы Херсон шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Буга чейин Украинанын коргоо министри Алексей Резников британдардын Times басылмасына курган маегинде Киев түштүктөгү аймактарды баскынчылардан бошотууга камданып жатканын билдирген. Анын айтымында, Зеленский өлкө экономикасы үчүн чечкиндүү мааниге ээ аймактарды бошотууну аскерлерге тапшырган. Көп өтпөй украин аскерлери Херсон облусунун Ивановка айылынан баскынчыларды сүрүп чыгарышканын жарыялашкан.

Донецк облусунда кармаш уланууда

Ал эми өлкө чыгышында орус армиясы Донецк облусундагы аймактарды аткылоону улантып жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, орус армиясы соңку эки суткада өлкө аймагына 34 ракеталык сокку урган. Ондогон адамдар мүрт кетти. Часов Ярдагы беш кабаттуу үйгө тийген сокку 33 адамдын, анын ичинде бир баланын өмүрүн алды.

Украинанын башкы штабы жарандык обьектилерге жасалган чабуулдарды «согуш кылмыштарына» теңеп, Батышты курал-жабдык жагынан көбүрөөк жардам берүүгө чакырды.

Орусия видео далилдерге карабай, карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Луганск жана Донецк облустарынын айрым бөлүктөрү сегиз жылдан бери орусиячыл жикчилдердин колунда. Алар өз алдынча "республикаларды" жарыялап алышкан. Эми Москва эки облуска толугу менен көзөмөл орнотууну көздөп жатат.

АКШ: Иран Орусияга жүздөгөн дрон берүүгө даярданууда

Ал арада Иран Орусияга Украинадагы согушта колдонуу үчүн жүздөгөн учкучсуз аппараттарды берүүгө даярданууда. Бул тууралуу АКШ бийлиги өз булактарына таянып билдирди. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 11-июлда билдиргендей, Иран ошондой эле орус күчтөрүнө бул аппараттарды колдонууну үйрөтүүнү көздөп жатат.

"Биздин маалыматтарга караганда, Иран өкмөтү тездетилген мөөнөттө Орусияга жүздөгөн учкучсуз аппараттарды, анын ичинде курал алып жүрүүчү аппараттарды жөнөтүүгө камданууда. Ошондой эле Иран орус күчтөрүнө бул аппараттарды туура колдонууну үйрөткөнгө даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Биринчи машыгуулар июлдун башында башталышы керек"-деди Салливан.

Ал кошумчалагандай, Иран буга чейин ушундай эле аппараттарды Сауд Аравияга кол салуу үчүн Йемендеги шии козголоңчуларга берген.

Украинадагы согушта дрондор эки тарап үчүн маанилүү роль ойноп жатат. Киев акыркы жылдарда Түркиянын "Байкар" фирмасынан "Байрактар" пилотсуз учагынан 20дан ашуун даана сатып алган. Акыркы партиясы быйыл марттын башында келген. Андан тышкары Вашингтон жана анын өнөктөштөрү да Киевге чакан учкучсуз аппарттарды берген.

XS
SM
MD
LG