14-апрелде Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Ага мыйзам долбоорунун демилгечиси - Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги, журналисттер, медиа эксперттер жана депутаттар катышууда.
Социалдык саясат комитет уюштуруп жаткан жыйында катышуучуларга маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берип, мыйзам долбоору сөз эркиндигин коргоого багытталганын айтты.
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева министрдин орун басарынан бул мыйзам долбоорунда ЖМКлар үчүн кандай жеңилдиктер бардыгын тактап сурады.
Марат Тагаев мурунку мыйзам долбоорунда тийиштүү жетекчилерден маалымат алуу үчүн алдын ала аккредитациядан, эки министрликтен каттоодон өтүү сыяктуу тоскоолдуктар алынып салынганын айтты.
Журналист Семетей Аманбеков мындай жеңилдик, өзгөрүүлөр мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеген журналисттер, медиа эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгеги менен киргенин белгиледи.
"Ар тараптуу позицияны көрсөткөн мыйзам долбоору болду деп айтсак болот. Анткени бул долбоорго медианын, жарандык коомдун өкүлдөрү да макул болуп, кол коюшкан", - деди Аманбеков.
Жогорку Кеңеш ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун 9-апрелде биринчи окууда карап, жактырган.
Мыйзам долбоору буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун каршылыгы менен кайрадан иштелип чыккан. Документте буга чейинки мыйзам долбоорундагы айрым жоболор журналисттердин, медиа эксперттердин аракети менен алмаштырылган.
2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. Анын алдында Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.
Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. (ZKo)
Шерине