Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Бишкекте жол кирени кымбаттатуу планы азыр жок экени айтылды


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин жогорулатуу планы азыркы тапта каралып жаткан жок. Бул тууралуу 4-июлда АКИpress маалымат агенттигине курган маегинде борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дифференцияланган (ар башка) тариф киргизүү планы караштырылып, анын жол-жобосу боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Эгер ал кабыл алынса, жүргүнчүлөр жол акысын “Тулпар” картасы менен төлөйт жана накталай акчага караганда электрондук билет менен төлөө арзаныраак болот.

Нусувалиев муниципалдык транспортту тейлөө кымбаттап жатканын белгилеп, төрт жыл мурда Бишкекте 4,5 миң кичи автобус иштеп жаткан болсо, азыр 1,8 миң экенин кошумчалады.

Бишкекте жол кире 2021-жылдын ноябрында жогорулаган. Автобус-троллейбуста 8 сомдон 11 сомго, ал эми маршруттук автобуста жол кире 10 сомдон 15 сомго көбөйгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG