"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында каза болду. Аны абак кызматкери 18-июнда түнкү саат бирге жакын асынып турган абалда көргөн. Президент Садыр Жапаров банкир Асанбаевдин жана ага чейин атайын кызматтын тергөө абагынан ооруканага которулуп, каза тапкан саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөнү кабарланды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 18-июнда апрель айынан бери тергөө абагында кармалып турган Бакыт Асанбаев жанында эч ким жок кезде өз өмүрүнө кол салганын билдирди. Атайын кызматтын белгилешинче, маркум өзүнө кол салганда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жаткан.
"2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев абакта санитардык блокко, анын жанындагы үч шектүү эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылган. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан, камералардын эшиги дайыма ачык болгон. Камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. Асанбаев өз жанын кыйган учурда жанындагы айыпка шектүүлөр башка камерада намаз окуп жатышкан", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Башкы прокуратура мындан көп өтпөй Асанбаевдин өлүмүн Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштире турганын, тергөө изоляторундагы видео-байкоо жазуулар алынып, кызматкерлер сурак берип жатканын кабарлады.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип, юридикалык баа берилет", - деди башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов.
Окуя электрондук маалымат каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилген. Асанбаевдин өлүмү боюнча жүргөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.
18-июнда кечке жуук президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн бейтарап изилдөө үчүн комиссия түзгөнү белгилүү болду.
"Дүйшөмбү күнү эркиндикке чыкмак..."
Маркумдун иниси Талант Асанбаев Фейсбукта Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбектин түз эфиринде дүйшөмбү күнү эркиндикке чыгат деп күтүп жаткан агасынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтты:
"Агамды дүйшөмбү күнү эркиндикке чыгат деп күтүп жатканбыз. Тергөө бүткөн. Кечээ адвокаты да кирип жолуккан болчу. Баары жакшы эле. Өз жанын кыя турган деле абалда эмес эле", - деди Талант Асанбаев.
Талант Асанбаев сөөктү союуга катышканын, маркумдун жети кабыргасы сынганын, колунда, чыканагында көгала тактар болгонун айтууда.
Талант Асанбаевдин блогер Адилет Али Мыктыбекке курган маеги
Бакыт Асанбаевдин адвокаты Нур Кылчыкбаева "Азаттыкка" азырынча толук маалымат бере албай турганын билдирди.
"Мен азыр эч нерсе айта албайм. Тергөө иштери эми башталды. Ошонун баарына көз салышым керек. Мен аны менен сурак маалында гана жолуккам. Жакындан таанычу эмесмин. Иш сотко өтө элек эле. Бир билгеним билимдүү адам болчу. Баарын түшүнүп турчу. Мага ашык эч нерсе айткан эмес. Эмнеге жанын кыйганын билбейм".
Нур Кылчыкбаеванын блогер Адилет Али Мыктыбекке курган маеги
Бакыт Асанбаев ким болгон?
Бакыт Асанбаев 1978-жылы 31-августта Нарын облусунда туулган. Социалдык баракчаларында 2005-жылы үйлөнгөнүн көрсөткөн. Төрт баланын атасы. Президенттин алдындагы башкаруу академиясында 2004-2007-жылдары жогорку билим алган.
"Кактус медиа" сайтынын жазганына караганда Асанбаев банк чөйрөсүндө 23 жыл иштеген. "Айыл Банкта" ар кандай кызматтарды аркалап, 2019-жылы ноябрь айында аталган банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ага чейин "Айыл Банктын" насыя бөлүштүрүү башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Февраль айында "Айыл банктын" мурдагы төрт кызматкери "насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармалган.
Бирок алардын катарында Бакыт Асанбаевдин аты жазылган эмес. Атайын кызмат бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын билдирген.
УКМКнын маалыматында банкир Бакыт Асанбаев 30-апрелде коррупцияга шек саналып кармалганы гана жазылып, чоо-жайы чечмеленген эмес.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев маркум Бакыт Асанбаев менен тааныш болгон. Ал президент Садыр Жапаров "айыл чарбага деп бөлүнгөн акча дыйкандарга жетпей жатканын" айтып чыккандан кийин Асанбаевге иш козголгонун айтып, муну жөн гана "садага чабуу" деп баалады. Абактагы өлүм боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керектигин белгиледи.
"Бакыт байке менен министрликте иштеп жүргөндө "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча таанышканбыз. Ал "Айыл банкта" гана иштеп, катардагы кызматкерден жетекчиликке жеткен. Эл катары иштеген, коррупционер деп айтчудай мүлкү деле жок болчу. Ал өз жанын кыйдыбы же башкалар өлтүрдүбү, кыйноого кабылдыбы, аны билбейбиз. Бирок Бакыт Асанбаев түрмөдө каза болуп жатат. Муну депутаттык комиссия түзүп, тыкыр иликтөөгө алышы керек. Себеби абакта бир жума ичинде эле эки өлүм катталып жатпайбы".
Эске сала кетсек, өткөн жылы 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров УКМКга фермерлерге жеңилдетилген насыя берген мамлекеттик банктардын ишин текшерүүнү тапшырган. Анда ал фермерлер айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекет бөлгөн каражаттын 3% гана аларын, калган 97% бизнесмен, депутат, министрлер жана алардын туугандарына берилерин айткан болчу.
Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу укук коргоо органдары өлүмдүн себеби так аныктала электе эле бүтүм чыгарган маалыматты таратканын сынга алды.
"Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин сөөгү муздай электе "чыккынчылык беренеси далилденген" дешкен. Банкир Бакыт Асанбаевди "өз жанын кыйды" деп чыгышты. Бирок жакындары маркумдун денесинде көгала, сыныктар бар экенин айтышууда. Мындан улам Асанбаев киши колдуу болгонбу деген шек туулат. Президент Конституциянын гаранты болгондон кийин бул ишке көз салып, айрым кызмат адамдарынын ишине баа берүүгө тийиш".
"Жабык жайдагы өлүм үчүн мамлекет жоопкер"
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков 18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагына кирип, Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча жагдайларды сураштырып чыккан.
Ал "Азаттыкка" курган маегинде жабык жайда адам кандай жагдайда каза болбосун мамлекет жоопкер экенин белгиледи.
"Тергөө абагы болобу, аскер бөлүгү болобу же башка социалдык жабык мекемелер болобу, ал жерде кармалып турган жарандар үчүн мамлекет жоопкер. Мен бүгүн эки кесиптешим менен маркум отурган тергөө абагына кирип, камерадагы адамдарга жолугуп чыктым. Абак кызматкерлеринин катышуусуз эле Бакыт Асанбаев менен чогуу отурган адамдар менен сүйлөштүк. Алардын айтымында, Асанбаевдин мындай кадамга барышына эч себеп болгон эмес. Аны менен эч ким жолукпаптыр. Абак кызматкерлери менен да өзүнчө сүйлөшпөптүр дагы. Болгону камералаштарына “буюрса, иш оңунан чечилгени калды” деп айткан экен. Алар маркумдун асынып алганын абак кызматкери кыйкырып, жардам сураганда гана көрүшкөнүн айтышууда. Асанбаевдин жанында отурган шериги жана жанаша турган камерадагылар намаз окуганы кетишкен экен. Кыйкырыктан улам чуркап келишсе, абак кызматкери асылып турган Асанбаевди кучактап көтөрүп жаткан экен. Баарылап жибин чечип алганда маркумдун денеси жылуу болгонун айтышты. Эми өлүмдүн себеби тыкыр иликтенип, негизги себептери ачыкка чыгат деген үмүттөбүз".
Маекти төмөнкү аудиодон толук уга аласыз.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор 15-июнда ишмердигинин үч жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда Жаза аткаруу мекемелеринде эле өткөн үч жылда 151 адам каза таап, анын 19у өз жанын кыйганы айтылган. Жабык жайларда кармалгандардын өз жанын кыюу себептерин аныктоодо тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралбай калган учурлар көп экени белгиленген.
Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов жабык жайларда өз жанын кыйгандар буга чейин да болуп келгенин айтып, көзөмөлдү күчөтүү жолун сунуштады.
"Камералардын ичине видеобайкоо орнотулушу керек. Абакта өз жанын кыйганга камынгандар дароо эле билинет. Аларга биринчи кезекте көңүл буруу зарыл. Мурда түрмөдөгүлөр менен психологдор иштеп, алар менен баарлашып, маалыматтарды жетекчиликке айтып турчу. Ошентип суицидге жол бербей, алдын алса болот. Медициналык көзөмөлдү күчөтүп, белгилүү бир мөөнөттө тыкыр текшерүүгө алуу керек".
Өткөн аптада Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, бир күндөн кийин 10-июнда өзүнө келбей каза тапкан.