Бириккен демократиялык оппозициялык кыймыл Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди айыптап билдирүү таратты.
Анын алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергөө абагында каза тапкан талдоочу тууралуу пикирин билдирген саясатчы Равшан Жээнбеков менен журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Ташиев Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу дооматтарды четке кагууда.
Бириккен демократиялык оппозициялык кыймыл тараткан билдирүүдө Камчыбек Ташиев "айыпсыздык презумпциясы" принцибин одоно бузуп жатканы жазылган. Анда атайын кызмат Казакпаевдин өлүмүн териштирүү ордуна пикир билдиргендерди суракка чакырганы сынга алынган.
Мунун алдында саясатчы Равшан Жээнбеков Казакпаевдин өлүмү тууралуу пикиринен улам Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакыртылган. Атайын кызматтын тергөөчүсү ага "жалган маалымат таратпоо тууралуу" эскертүү берген. Саясатчы пикиринен баш тартпай турганын айтууда.
"Биз оппозиция катары Марат Казакпаевдин УКМКнын имаратында өлгөнүнө байланыштуу көз карандысыз комиссия түзүүнү талап кылганбыз. Эгер президент Курманкул Зулушевди кызматтан убактылуу четтетип, Бейшеналиев боюнча иликтөө жүргүзө турган болсо, анда УКМКнын имаратынан адам өлүп жаткан окуяда да УКМКнын төрагасын кызматтан убактылуу четтетип, иликтөө жүрүшү керек. Ошондо адилеттүү, мыйзамдуу жана дүйнөлүк саясатка туура келген чечим болмок. Мен саясий позициямдан эч убакта тайбайм. Камайбы, камабайбы, коркутабы же жокпу, мага айырмасы жок. Биз Кыргызстанды адам укугун сыйлаган, демократиялуу жана эркин өлкө айландырышыбыз керек".
УКМК Фейсбуктагы баракчасына Казакпаевдин өлүмү тууралуу пикирин жазган журналист Канат Каниметовго дагы эскертүү жасаган.
Журналист "Азаттыкка берген комментарийинде " УКМКнын анын билдирүүсү кайсы бир жарандарды баш мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасоого түртүшү ыктымал деген мазумундагы дооматын четке какты.
"Мага берилген эскертүү туура эмес. Мен кайсы бир жарандарды Конституцияга каршы чыгууга чакырган эмесмин. Ал жерде менин пикирим жазылган жана ал кимдир бирөөлөрдү Конституцияга каршы кадамдарга түртпөйт. УКМКнын соңку аракеттери ашыкча. Алар ушундай кадамдар менен журналисттерге басым жасап жатат. Алар бизди Марат Казакпаевдин сырдуу өлүмү тууралуу айтпашыбызды каалап турушат".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев Твиттердеги баракчасына коопсуздук кызматы өзү иликтеп-териштирген материалдарга байланыштуу эскертүү бере аларын, Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен эскертүүнү прокуратура гана бериши керектигин жазды.
Мунун алдында Камчыбек Ташиев “Новые лица” порталындагы маегинде Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу суроолорго жооп берген.
Анда Равшан Жээнбековду "жалган маалымат таратып жатат" деп айыптап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинде каралган айып коюулушу ыктымалдыгын эскерткен. Башкы чекист маркум саясат талдоочуга атайын кызматтын тергөө абагында дарыгерлердин кароосунан бир нече жолу өтүп, дары-дармекти убагында алып турганын айткан.
“Биз аны сактап калуу үчүн бардыгын жасадык. Мен убактылуу кармоо жайына камалгандардын ар бирин оор кабыл алам. Себеби, бул жерде болгом жана шарттар кандай экенин билем. Шарт начар деп айтпайм, бирок бул абалдын өзүндө эле психологиялык жана моралдык басым бар. Эгерде адамдын өзүндө дарты болсо, ал күчөп кетиши мүмкүн. Биз тыкыр көзөмөлдөп, кимдир бирөө ооруп калса, дароо ооруканага жаткырабыз”, - деген Ташиев.
Жарандык активист Мукай Керимбаевдин пикиринде, айрым адамдар Марат Казакпаевдин өлүмүн саясий упай топтоо максатында колдонуп жатат.
"Адамдын өлүмүнөн саясат жасоонун өзү туура эмес. Ар бир адамдын башында өлүм бар. Ажал жетип, күн бүтсө адам кайда болсо да кайтыш болуп жатпайбы. Анан ушул өлүм үчүн күнөөлөп, аны өздөрүнүн кандайдыр бир максатына жетүүгө пайдалануу туура эмес. Кээ бир адамдар ушул нерсени саясатка бургусу келип жатат".
Казакпаевдин өлүмү тууралуу 15-июнда Жогорку Кеңеште да сөз болду.
Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков депутат Дастан Бекешовдун суроолоруна жооп берип жатып Казакпаевдин илдети аны абакта кармоого жол бербей турганы эскертилгенин маалымдады.
"Бизге анын жубайы 26-апрелде кайрылган. Ошол эле күнү биздин борбор УКМКнын тергөө абагынын башчысына анын саламаттыгы тууралуу жубайынын арызына байланыштуу кайрылган. Арызда медициналык жайларда саламаттыгы текшерилиши керектиги жазылган. Казакпаевдин жактоочусу 7-июнда кайрылган, бирок бул күнү биз Казакпаевге ал адвокаты менен болгондуктан жолуга алган эмеспиз. Биз болсо 9-июнда кайрылуу жолдогонбуз, анда Казакпаевге коюлган диагноз менен аны жабык жайда кармоого болбой турганын эскерткенбиз".
Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Бакыт Кетиренов парламентте Казакпаевдин маселеси боюнча маалымат берип, ал да абакта соттун чечиминин негизинде кармалып келгенин айтты:
"Казакпаевдин бөгөт чарасын сот кабыл алган. Тергөө жүргүзүлүп, бөгөт чарасынын мөөнөтү бүтө электе соттун кароосуна жиберилген. Азыр кылмыш иши соттун кароосунда".
Сот органдары Казакпаев жана анын бөгөт чарасына байланыштуу суроолорго азырынча комментарий бере элек.
Талдоочу Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Казакпаев атайын кызматтын тергөө абагынан 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.
Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу тергөө абагында медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.