Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Киевге келди


Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги бейшембинин таңында Киевге келишти.

Украинанын аба мейкиндиги согушка байланыштуу жабык болгондуктан, алар поезд менен жол жүрүштү. Алар үчөө чогуу олтуруп бараткан сүрөттөрү жарыяланды.

Иш сапар тууралуу расмий кабарланган эмес, жалпыга маалымдоо каражаттары үчөө чогулуп келиши мүмкүн экенин жазып жатышкан. Визиттин датасы Украинага Европа Биримдигине мүчө-талапкер макамын берүү маселеси каралчу Еврокомиссиянын жума күнкү жыйынынын алдында белгилген болушу мүмкүн.

Макрон Киевге келери менен иш сапардын башкы максаты Украинага Европанын тилектештигин көрсөтүү экенин билдирди. Ал бир күн мурун Румынияда сөз сүйлөп жатып, “Украина баары бир Орусия менен сүйлөшүүгө барышы керектигин” айткан.

Украин бийликтери, анын ичинде президент Владимир Зеленский баш болуп буга чейин Франциянын жана Германиянын лидерлеринин Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалына карата мамилесин сындап келишкен. Согуш башталганына үч жарым ай болгонуна карабай, алардын Киевге келип-кетпегенин эл аралык коомчулук да сындап келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG