Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойноду. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

18:37 8.6.2022

Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Тажикстандын курама командасы Мьянманы 4:0 эсебинде утту.

Алгачкы голду 9-мүнөттө Тажикстан курама командасынын жарым коргоочусу Шервони Мабатшоев киргизди. 53-мүнөттө башкы калыс Тажикстандын чабуулчусун буттан чалганы үчүн мяньмалык Зав Йед Тунга кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан четтетти. Мындан үч мүнөт өтпөй кайра эреже бузганы үчүн Мьянмага каршы пенальти берилип, Манучехр Жалилов 2-голду киргизди.

58-мүнөттө Бабадшоев 3-голду баш менен сүзүп киргизип, эсеп 3:0 болду.

84-мүнөттө кайрадан эле тажикстандык жарым коргоочу Эхсони Панджшанбе дарбазага 20 метрдей аралыктан тээп, эсепти 4:0 кылды.

20:21 8.6.2022

Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Сингапур беттеши башталууда. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго күйөрмандар агылып кирүүдө.

20:26 8.6.2022
Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. 8-июнь, 2022-жыл.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. 8-июнь, 2022-жыл.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары. 8-июнь, 2022-жыл.
Кыргызстандык футбол күйөрмандары. 8-июнь, 2022-жыл.

20:30 8.6.2022

Сингапур менен Кыргызстандын улуттук курама командасынын старттык курамы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG