Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойноду. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

17:22 8.6.2022

Бүгүн 8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Сингапур курама командасы менен беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогуна жолдомо үчүн F тайпасында Тажикстандын, Мьянманын жана Сингапурдун футболчулары менен беттешет.

2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо турниринин матчтары алты өлкөдө (Индия, Кувейт, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Өзбекстан) уюштурулууда.

Азия кубогунун тандоо оюндарынын акыркы баскычында 24 команда алты тайпада ойноп жатат. Бул оюндардын жыйынтыгында тайпанын лидерлери жана экинчи орунду ээлеген беш мыкты команда финалдык баскычка өтөт.

Азия кубогу 2023-жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайдын 10 шаарында өтөт.

Азия кубогунда Кыргызстан 2019-жылы ойноп, мелдештин 1\8 финалына чейин жеткен.

Бүгүнкү оюндарга байланыштуу Бишкектин Эски аянтында бардык каалоочулар үчүн Legend фан-зонасы ачылат. Оюндар LED-экрандан түз эфирде 11 жана 14-июнда да көрсөтүлөт.

17:25 8.6.2022

Кыргызстандын улуттук курама команда бул жолу катарына бир катар жаш жана чет өлкөлүк клубдарда ойноп келген футболчуларды кошту.

17:26 8.6.2022

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышты. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Биринчи жолу катышып жатса да Кыргызстан 1/8 финалга чейин жеткен. Тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея менен курч атаандаштыкта тең ата күч сынашкан. Филиппинди 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалда БАЭ курамасы менен курч беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери 4 жылда бир жолу өткөрүлүп келүүдө. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

2019-жылы БАЭде өткөн чемпионатта Катар курамасы жеңишке жеткен.

Алдыдагы Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтмөкчү. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштады. Ага чейин 16 команда катышып келген.

17:35 8.6.2022

Машыктыруучулар эмне дейт?

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин команда оюндарга даяр экенин айтты.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Үч оюнда тогуз упай алышыбыз керек. Биз буга аракет кылабыз. Буга чейин ар бир команда менен ойногонбуз. Сингапур курама командасы менен былтыр ноябрда беттешип, 2:1 эсебинде утканбыз. Андыктан ар бир атаандашыбыз тууралуу жетишерлик маалыматыбыз бар".

Крестинин 7-июндагы маалымат жыйынында алдыда жоопкерчиликтүү беттештер күтүп турганын айтып, күйөрмандарды колдоо көрсөтүүгө чакырды.

“Албетте, биз дайыма стадионго келген күйөрмандардан эң жакшы колдоону күтөбүз. Баарыбыз бир ишти кылып жатабыз. Билишимче, биз алгачкы жолу тандоо оюндарын кабыл алып жатабыз. Чоң жоопкерчилик бизде, футболчуларда жатат. Бизге күйөрмандардын колдоосу зарыл. Ар бирине ыраазычылык билдиребиз. Стадион толо күйөрмандар келет деп ишенебиз. Күйөрмандарды кубантуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Футболдон көрүшөлү!”.

Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая:

Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Такаюки Нишигая маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Кыргызстан абдан күчтүү команда. Силерде мыкты оюнчулар көп. Ошол эле учурда биз чакырыкты кабыл алганды жактырабыз жана жакшы жыйынтыкка ишеним артабыз. Кыргызстан рейтингде жогору турарын жакшы түшүнөбүз. Ошондой болсо да күчтүү командалар менен ойногондон коркпойбуз”,-деди.

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Шегрт (Petar Segrt) айрым алдыңкы оюнчулар курама командага кошулбай калганын, ошондой болсо да курамга купулу толорун айтты.

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Штегрт маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петар Штегрт маалымат жыйынында. 7-июнь, 2022-ж. Бишкек.

“Кыргызстандын өкүлдөрү мелдешке жакшы даярданыптыр. Бизди тосуп алгандан тартып, бизге жасаган мамилеси, биз жашаган мейманкана бардыгы жогорку деңгээлде. Албетте, ар бир команда жеңиштен үмүт кылат. Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапур деңгээли боюнча бир-бирине жакын. Ар бири уткусу келет. Бирок биз ар бир атаандашты сыйлайбыз. Коронавируска байланыштуу оор кырдаалда этият болушубуз керек. АФК коргоо чараларын жакшы түзүп берген. Команданын азыркы курамына купулум толот. Бирок жарат алганына байланыштуу жана башка себептер менен (Алишер Жалилов, Искендер Жалилов, Табрези Давлатмир жана үчүнчү дарбазачы Далерджон Баротов) алдыңкы төрт оюнчунун командага кошулбай калганы өкүндүрөт. Бул оюнчулар NAVRUZ CUP - 2022 мелдешинде Кыргызстан менен беттешке чыгышкан. Ошого карабай Тажикстан Азия кубогуна чыгат деп үмүттөнөбүз жана улуттук курама командада ойноого татыктуу башка да мыкты оюнчулар бар деп ишенебиз”.

31-мартка карата жарыяланган ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95, Тажикстан 114, Мьянма 152, Сингапур 158-катарда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG