Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойноду. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Кыргызстан биринчи беттешинде Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди.

20:41 8.6.2022

Азия Кубогу-2023 тандоо этабынын беттештерин түз алып берүү:

20:59 8.6.2022

Ош мэриясы шаардын борбордук аянтында Азия Кубогунун тандоо оюндарындагы Кыргызстандын беттештеринин трансляциясын чоң экрандан көрсөтмөк болду. Ош шаарынын тургундары 8-11-14-июнда өтө турган оюндарды чоң экрандан көрө алышат.

22:03 8.6.2022

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Сингапур курама командасы беттешүүдө. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан беттештин биринчи бөлүгү 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Беттештин 8 минутасында жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов сары айып кагазын алды.

Оюнга чыккан Кыргызстандын курамы:

Дарбазачы: Эржан Токотаев ("Туран", Казакстан)

Коргоочулар:

Александр Мищенко ("Дордой")

Валерий Кичин ("Енисей", Орусия)

Тамирлан Козубаев ("Истерн", Гонконг)

Жарым коргоочулар:

Бекжан Сагынбаев ("Дордой")

Кайрат Жыргалбек уулу ("Аксу", Казакстан)

Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан)

Алимардон Шукуров ("Неман", Беларусь)

Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан)

Одилжон Абдурахманов ("Бунедкор", Өзбекстан)

Чабуулчулар:

Эрнист Батырканов ("Абдыш-Ата")

22:15 8.6.2022

Беттештин экинчи бөлүгү башталды. 59 минутада Сингапур оюнчусу Ю Янг Сонг (Song Uiyoung) гол киргизип, эсеп 0:1!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG