Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

АКШ Сенаты Украинага 40 млрд. доллар берүүдө тил табыша албай калды


Рэнд Пол
Рэнд Пол

АКШ Конгрессинин Сенаты Украинага 40 млрд. долларлык жардамды ыкчамдатылган режимде берүү боюнча мыйзам долбоорун кароодо тил табыша албай калды. Тездетилген процедурага республикачыл сенат Рэнд Пол каршы чыгып, мыйзамга чыгымдарды федералдык инспектордун текшерүүсү тууралуу пункт киргизүүнү талап кылды.

“40 миллиард долларды күрөктөп ыргыта берген жана ал эмнелерге жумшаларын билбегендик бул жоопкерчиликсиздик. Мен кайсы бир чет мамлекетке эмес, АКШнын Конституциясына ант бергемин”,-деди ал жыйында.

Ири суммадагы каражатты бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 10-майда жактырган. Анүчүн конрессмендердин 367си “макул”, 57си каршы добуш берген.

АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага 33 млрд. долларлык көмөк берүүнү өтүнгөн. Конгрессмендер ага дагы 7 млрд. доллардай каражат кошуп, колдоп беришкен.

Акча бөлүнүшү үчүн мыйзамды Сенат жактырып, ага президент кол коюшу керек. Көпчүлүк сенаторлор мыйзамды колдоп жатышат, алар ага ушул аптада добуш берүүнү пландап жатышкан. Сенатор Пол каражат мыйзамсыз иштетилип кетишин алдын алуу үчүн атайын инспектор дайындоо тууралуу пункт киргизүүнү айтып чыкты.

Рэнд Пол АКШнын Кентукки штатынан шайланган жана республикачыл азчылыктын лидери Митч Макконел экөө бир аймактан чыккан. Макконел өз кесиптешин “Украинага жардам бербей жатат” деп айыптап, Полдун сунушуна добуш берүүдөн баш тартты.

Документке добуш берүү дагы бир нече күнгө жылдырылды жана эмдиги аптада каралышы мүмкүн. Рэнд Полдун бир добушу аны бөгөттөй албайт. Эгер текстке өзгөртүү киргизилсе, ал кайра Конгресске кайтарылып, кайрадан кароодон өтүшү керек.

АКШ президенти Жо БайденУкраинага курал-жарак берүү тууралуу мыйзамга 9-майда кол койду. Ак үйдүн маалыматына караганда, документте “согуштук аракеттер аяктамайынча ленд-лизге ылайык курал-жарак, аскердик жардам жөнөтүү” каралган. Документ Конгресске январда, Орусия Украинага кол сала электе сунуш кылынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG