Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

"Күйөөм алган аялдарынын баарын кордоду"


Иллюстрациялык сүрөт. Татьяна Зеленскаянын картинасынан.
Иллюстрациялык сүрөт. Татьяна Зеленскаянын картинасынан.

"Укугум бар" программасына күйөөсүнүн улам кайталап токол ала бергенине жана сабаганына чыдабай, сегиз балалуу болгондо ажырашууга аргасыз болгон келин кайрылды. Сот ага күйөөсүнөн 7 гектар жер, бир саан уй бөлдүрүп берген.

Чүйдүн Панфилов райондук соту жакында 20 жылдан ашуун чогуу жашап, сегиз балалуу болгон үй-бүлөнүн ишин карады. Юристтин айтымында, жубайлардын расмий никеси жоктугунан келинге мүлк бөлүп берүү оңой болгон эмес.

"Үстүңө аял албайм деген убадасын аткарбады"

Аты-жөнүн ачык айтуудан тартынган келин башынан өткөн тагдырын "Азаттыктын" кабарчысына тизмелеп айтып берди.

"Күйөөм менден 25 жаш улуу. 2001-жылы атам кайтыш болуп кетти, медресеге окуганы келгем. Бир күнү күйөөм медресеге аял издеп келиптир, мага тааныштырышты. Мен улуу экен деп көнбөдүм. Устаздардын бири "Мухаммед пайгамбар деле 60ка чыкканда Айша эне тогуз жашта болгон" деп жатып акыры көндүрүштү. Ошондо анын аялы бар эле, мага "үстүңө аял албайм" деп убада берген. Бирок сөзүнө турган жок".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Келиндин айтымында, күйөөсүнүн улам төшөк жаңыртканы сегиз балалуу болгондо да калган эмес.

"Боюма болгон сайын эле "аял алам" деп чыкчу. Же дааватка кетерде "сага жардамчы керек" деп чоочун аялдарды ээрчитип келчү. Алар менен бир үй, бир короого жашатып койчу. Күйөөм кызыл камчы болуп чыкты, укмуш сабачу. Мени дагы, балдарын да эч аябайт эле. Токмогуна чыдабай алып келген аялдары кетип калышчу. Бир жолу кырк күнгө дааватка баратып бир аялды ээрчитип келди. Чогуу жашатып койду. Күйөөмдүн калыстыгы жок эле, экөөбүзгө окшош байпак алып келиптир. "Эмнеге окшош?" десем, катуу сабады. Телевизор көрүүгө, музыка угууга тыюу салган. Дааватка кеткенде тиги аялы үйүнөн магнитофон алып келип музыка угуп жүрдү. Күйөөмө аны айтсам, тиги аялын өлөрчө сабап, анысы чыдабай кетип калды. Көп өтпөй эле "күйөөсү жок экен, соопчулук кылуу керек" деп менден жашы улуу бир аялды ээрчитип келди. Бир үйдө жашагандан кийин кызганыч болот экен. Төшөк салууга келгенде ал аялы биздин жуурканды жерге ыргытып жатканын көрүп, сүйлөндүм. Күйөөм биздин чырыбызды угуп, экөөбүздү тең сабады. Ал аялды улуу дедиби, көбүрөөк сабады, ага болушам деп мен таяк жедим. Ал аялы тажаганда кош бойлуу экенине карабай кетти. Кайсы бирин айтайын, күйөөм үстүмө көп эле аял алды, чыдап жашаганы эле мен болдум".

"Күйөөм балдарды да катуу сабачу"

Каарманыбыз күйөөсү менен жыйырма жылдан ашуун убакыт бою түрдүү кордугуна чыдап, жашап келгенин төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Мени түрдүү себептер менен кетирбей, кармап жүрдү. Шариятта дагы "эң биринчи намаз, орозо, анан күйөөсүнүн ыраазылыгы, күйөөсүнүн ыраазы кылган аял сураксыз бейишке кирет" дейт. Күйөөм ошону көп айтчу. Көп эле жолу көгала койдой сабаганына, балдарымды урганына чыдабай, кетем дедим. Андайда "балдар шарият боюнча меники, кетсең өзүң кет, мен балдарды өлтүрүп салам" же "бир туугандарыңды да жашатпайм, өзүңдү жинди деп Чым-Коргонго киргизип коем, алым жетет, баарыңарды өлтүрөм" деп коркутчу. Кете албай, жашап жүрдүм".

Учурда балдарынын улуусу 20да, кичүүсү үч жашта экен. Сегизинчи баласы былтыр, 1,5 жашында сууга агып кетип чарчап калыптыр. Келин баласынын өлүмүнө да күйөөсүн күнөөлөп келгенин жашырбады. Айтымында бала сууга чөгөрдөн бир күн мурун күйөөсү наристени катуу токмоктогон экен.

"Ошондо күйөөм “эх, кечээ сабап койдум эле, бүгүн сууга агып өлүп калды” деп өкүнгөн. Балдарымдын баарын эле кичинекейинен сабачу. Мен намазга турганда ыйлашса, сүлгү менен урчу. 1,5-2 жашында эле ырайымсыз сабап денесин бүт көгала кылчу эле. Балдарымды таңкы намаздан кийин уктатпай, "Куран китеп окугула" деп жоон таяк менен чапчу. Мен болушсам мени кошо токмокточу".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каарманыбыздын айтуусунда үй-бүлө бардар жашаган, күйөөсү Жип машине минип, короо толо кой-эчкиси, гектарлаган жерлери болгонуна карабай, үйгө оңдуураак эмерек алууга, балдарга жакшыраак кийинүүгө, мектепке барууга, телевизор көрүп, интернет пайдаланууга тыюу салынган. Келин ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү ооруп калса да, дарыгерге жибербей же жиберсе да алар жазып берген дары-дармектерди сатып бербей кыйнап келгенин айтып отурду.

"Бала кезден кулагым ооручу, жыл сайын дарылатып турчумун. Күйөөгө тийгенден кийин күчөп кетип, бир кулагым укпай калды. Ириң агып, сыздатып ооруп жүрдү. Догдурга барсам, операция кылыш керек деди. Күйөөм аны укканда чалкасынан кетип, "мен сенин кийим-кечеңе жана тамак-ашыңа гана милдеттүүмүн, ден соолугуңдун милдетин алган эмесмин" деди. Ооруп, кыйналып турсам, "көңүлүң ачылбайт, мени күлүп-жайнап тосуп албайсың, Исламдагы аялдардай мамиле кылбайсың" деп сабачу. Түгөнбөгөн түйшүктөн улам бутумдагы кан тамырларым көөп, ал дагы бир жагынан кыйначу. Улуу балам медреседе окуп жүрүп, гайморит болуп ооруп калыптыр. Дене табы көтөрүлүп, кыйналганда атасына чалып айтса, аны да телефондон сөгүп-сагып, катуу тилдеди. Дарыга акча бербейм деп урушту. Балам медреседен чыгып кетип, ишке кирип алды".


Сегиз балалуу болгуча никесин расмий каттата албай, жарандык никеде жашап келген келин акыры мындай кордукка чыдабай ажырашууну чечет.

Тааныштарынын кеңеши менен Бишкектеги "Дин таануу" борборуна күйөөсүнүн кылык-жоруктарына баа берүүсүн өтүнөт. Аталган борбордогулар аркылуу "Кылым шамы" уюмуна келип, ал жердеги адвокаттардын жардамы менен сотко кайрылыптыр.

"Расмий нике болбогону мүлк ажыратууда чоң тоскоолдук жаратты"

Сот келиндин балдарына бир саан уй жана 7 гектар жер бөлдүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун юристи Акынбек Ногоевдин айтуусунда жубайлардын ортосунда расмий нике болбогону мүлк бөлүштүрүүдө кыйла тоскоолдук жараткан.

"Келин өзү да молдонун кызы экен, бала кезинен дин жолунда жүрүп, "эркекке баш көтөрбөш керек" деген түшүнүк менен чоңоюптур. Ошондон улам сегиз балалуу болгуча күйөөсүнүн кордугуна чыдап, жашап жүрө бериптир. Ал ортодо күйөөсү үстүнө 16 аял алганын өзү айтып жатат. Келиндин сөзүнө караганда айрымдары балалуу да болуптур. Бирок күйөөсү бири менен да расмий никеге турбаган экен. Анын бул келинге чейин да үй-бүлөсү болуптур, андан да балдары бар дейт.

Булар экөө да жарандык никеде жашагандыктан, келинге бир да мүлк катталбаптыр. Ушундан улам сот учурунда келинге балдары менен чогуу мүлк ажыратып берүүдө чоң тоскоолдук жаратты. Күйөөсү менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана тынчтык келишимге жетишип, анда да балдарынын үлүшү деп мүлк ажыратууга мүмкүн болду. Алардын атасын балдарына 7 гектар айдоо жерин, бир саан уй, кир жуугуч машина жана эки-үч килем берүүгө макулдаштык. Сот ушунун негизинде чечим чыгарды".

Учурда келин балдары менен Бишкекте жашап жатат. "Кылым шамы" уюмунун юристтери анын мектеп жашындагы балдарын мектепке, кичүүлөрүн бала бакчага орнотуп, өзүн жана улуу балдарын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн үстүндө.

Келиндин ажырашып кеткен күйөөсү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок "Азаттык" экинчи тарапка да микрофон берүүгө даяр экенин эске салабыз.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:


Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам бул маселени ачык көрсөткөн статистика да жок. Ошондой эле Кыргызстандагы чогуу жашаган үй-бүлөлөрдүн да канчасы расмий, канчасы жарандык никеде экенин аныктаган да так маалыматтар жок.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG