Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:47

"Эч кандай келишим түзүлбөйт". Батирди ижарага берген бизнес


Бишкектин чет жакасындагы көп батирлүү үйлөрдүн бири
Бишкектин чет жакасындагы көп батирлүү үйлөрдүн бири

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жатакана түрүндө салынган батирлер көбөйдү. Бул бизнестин жаңы түрүбү? Анда кимдер жашайт? Бул үйлөрдү чет өлкөлүк студенттер эмнеге ижарага алат? "Элдик экономика" түрмөгүндө Бишкек шаарынын чет жакаларында көп батирлүү үйлөрүн ижарага берип киреше тапкан тургундар тууралуу кеп кылабыз.

"Турак жайга суроо-талап көп"

Үйүн батирге берип, киреше табуу Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда кадыресе көрүнүш. Калаада турак жайга суроо-талап жогору, аймактардан жумуш издеп келген жарандар батирлерди ижарага алып жашашат. Өкмөттүн жеке турак жайларды ижарага берүү ишкердигин жөнгө салуу аракеттери азырынча жакшы жыйынтыкка жете элек.

Жакшылык Алыкулов, Бишкек шаарынын тургуну.
Жакшылык Алыкулов, Бишкек шаарынын тургуну.

Шаардын түндүк тарабындагы Фере көчөсүндө көп батирлүү жеке турак-жай бар. Бир короодогу көп батирдин биринде жашаган Жакшылык Алыкулов мындай батирлер арзандыгы жана түзүлгөн шарттары менен ыңгайлуу экенин айтууда.

"Бир бөлмө үчүн айына 9 миң сомдон төлөйбүз. Андан тышкары, светке төлөйбүз, коммерциялык тариф эмес, аз эле чыгат. Жуунуучу жайы, дааратканасы ичинде. Бул жерде ар бир бөлмө өзүнчө батир болуп берилет. Жыйырма алты же жыйырма сегиз батир бар. Келип-кеткендер да көп".

"Дордой" базары тараптагы жыйырма батирлүү тамдын ээси Нурлан негизги кирешесин ишкердиктин башка түрүнөн табат. Батирлерди үч жыл мурда куруп, кошумча киреше булагы катары иштете баштаган. Кадимки ишкердик катары патент алып, төлөмдөрүн төгүп турат.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
Бишкек: батирди ижарага берген бизнес
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:49 0:00

"Жеткиликтүү турак жайга суроо-талап көп эле. Эгерде бош имарат болсо, батир кылып койсо болот. Үйдүн ичинде 20 батир бар. Бизде негизинен тигүүчүлөр жашайт. "Дордойдо" соода кылгандар да бар. Согушка чейин (Орусия Украинага кол салгандан бери) батирлердин 80% берилип турчу. Согуш башталып, рублдин куну түшүп кеткенден бери жарымы гана ээленип турат. Экономика туруктуу болсо туруктуу эле бизнес бул. Бул жерде көп нерсе сага эмес, ижарачыларга байланыштуу болот. Иши туруктуу болуп, акчасын убагында алса жоопкерчилик менен төлөйт. Эгерде жумушу туруктуу эмес болсо, анда алдап, качып жүрө беришет".

Нурлан "Дордой" базары тарапта көп батирлүү үйүн ижарага берип иштетет
Нурлан "Дордой" базары тарапта көп батирлүү үйүн ижарага берип иштетет

Нурлан мындай батирлерден кожоюндары эле эмес, айланадагы соода түйүндөрү да көп пайда көрөт деп эсептейт. Андыктан, мамлекет батир ээлерине жеңилдиктерди берип, салык боюнча басымга албашы керек деген пикирде.

"Ар бир батирди 6 миң сомдон берип, 5 миң сомдон киреше табасың. Бирок ал деле аммортизацияга, оңдоо иштерине кирип кетет. Жыйырма батирден 80-100 миң сом табышың мүмкүн. Анын ичинде салыгы, свети бар. Салык 7-8 миң сомго чейин болот. Индустарды да "келип атат, Ысык-Көлдү толтуруп жиберди" деп аябай жазбадыбы. Бирок, ар бир индус өзүнүн артынан акча алып келип атпайбы. Алардын артынан экономика оңолуп атат, дүкөндөрдө соода кылып атышат. Иштеген адамдар үчүн бул жакшы. Ушундай эле, ижарачылары көп район өнүгөт. Мисалы, биздин райондо дүкөндөр көбөйүп калды, жашоочулар алардан соода кылат".

"Эч кандай келишим түзүлбөйт"

Бишкек шаарынын тургуну Сүйүмкан Орозалиева "Дордой" базары тараптагы батирди ижарага алып жашап жатканына үч жыл болду. Жолдошу базарда соода кылат. Жер тилкесин алып, үй курууга каражат топтоп жатышат. Сүйүмкан батирге киргенде формалдуу келишимдерди түзбөй эле оозеки макулдашуу аркылуу жашап жатканын айтат.

"Ортодо эч кандай келишим түзүлбөйт. Биз батир издеп келгенде эле шарттары жакса бөлмөгө кирип, акчаны берип жашай беребиз. Кожоюн бизге "мына көрдүңөр, ремонту жакшы, таза" деп өткөрүп берет. Дубалдар чийилип, же бир нерсе болуп калса биз ал үчүн төлөбөйбүз. Таза кылып жашаганга аракет кылабыз. Шарттары шаардагы бир бөлмөлүү батирлердей эле болот. Жазында, кышында, жайында келип, карап, сурап кемчиликтери болсо өзү оңдоп-түзөп берип турат".

Кыймылсыз мүлк боюнча адистердин пикиринде, шаар ичинде окуу жайларга жакын жайгашкан турак-жайларга суроо-талап жогору. Аларга ижарачылар оңой табылат жана акысы да кымбатыраак болот. Шаардын инфраструктурасы өнүккөн борбордук бөлүгүндө турак-жайлар көбүнчө чет элдиктерге берилет. Суткасына же кыска мөөнөткө берилген батирлер да көп. Шаар четиндеги жана жаңы конуштардагы турак-жайларда негизинен эконом класстагы шарттар түзүлгөн.

Айылдан байыгандар шаарга көчүп келеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

"Ижарага берүү рыногу өнүгүүдө"

"Ацтек" кыймылсыз мүлк агенттигинин риелтору Дилянын айтымында, азыр Бишкектин айланасындагы конуштарда да ижарага берүү рыногу кыйла өнүгүп калды. Жеке үйлөргө ыңгайлуулуктарды түзүп, турак-жай же социалдык мекемелер үчүн кымбатыраак баада ижарага беришет.

"Ысык-Көлдөгү коттедж, конок үйлөрүндөй кылып эле шарттарды түзүп коюшат. Айырмасы, Ысык-Көлдө конок үйүн бир нече суткага ижарага алсаң, бул жакта узак мөөнөткө аласың. Түзүлгөн шарттары ошондой эле, муздаткычы да, кир жуугучу да бар. Мурда жер тамдарды бала бакча же дагы ушундай сыяктуу уюмдарга ижарага берип келишсе, кийинки жылдары суроо-талап азайды. Жеке бала бакчалар да кыскарып кетти. Ошондуктан, аларды хостел кылып иштетүүгө өтүп жатышат".

Бишкек шаары, чет элдик студенттер жашаган батир
Бишкек шаары, чет элдик студенттер жашаган батир

Аламүдүн базары тараптагы Кишинев көчөсүндө эки кабаттуу кылып курулган көп батирлүү там 7-8 жылдан бери индиялык студенттерге ижарага берилет. Бул жатаканада 60тай индиялык кыз жашайт. Шаарда индиялык жана пакистандык студенттер отурукташкан бир нече батирлер бар.

Алар Көк-Жар жаңы конушунда, Аламүдүн-1 кичи районунда, Аламүдүн базарынын айланасында жана дагы бир нече даректерде жайгашкан. Эки-үч кабаттуу жатакана тибинде курулуп, ыңгайлуу жашоо шарттары түзүлгөн. Батирлердин кожоюндары жогорку кызматтарда иштегендиктен, чет элдик студенттердин турмуштук шарттары эле эмес, окуу жайдагы маселелери да алардын көзөмөлүндө экенин айтышат.

Кишинев көчөсүндөгү батирдин администратору кызматын аркалаган Нурнияз Бишкекте атайын чет элдик студенттерге ылайыкталган жатаканалар көп экенин билдирди.

Нурнияз, индиялык студенттер жашаган көп батирлүү үйдүн администратору
Нурнияз, индиялык студенттер жашаган көп батирлүү үйдүн администратору

"Жалаң индиялык кыздар жашашат. Биринчи курстан алтынчы курска чейинкилер. Улам окуусун бүткөндөрү кете берет, алардын ордуна биринчи курска келе беришет. Негизинен 3-4төн жашашат. Ванна, душ бар. Ар бир бөлмөдө дааратканасы бар. Жууркан-төшөктөрүн алып келип берип турушат. Бир сыйра жапжаңы алып келет, андан кийин өздөрү жууп-тазалап турат. Атайын Индиядан келген жетекчилер да бар, студенттерди ошолор менен чогуу алышат. Канчадан төлөп атышканын билбейм, мага айтышпайт деле. Ушундай чоң жатаканаларды сатып алышат. Айрым бүтпөгөн ремонтторун кылып, баарын жакшынакай кылып туруп студенттерди киргизишет. Бул жердеги, Көк-Жардагы, Осмонкулдагы жатаканалар баары бир кишиге карайт. Ошолор баарын карап, тартибине, окуу жайына жооп беришет экен".

Ал эми Мирлан болсо өзү эмерек цехинде иштейт. Ак-Ордо жаңы конушундагы жерине ижарага берүүгө ылайыктап, 8 батирлүү үй курган. Ал чоң үйдү куруп коюп, анысы бош жаткандан көрө киреше таба тургандай кылып куруш керек деп эсептейт.

"Куруп, кишилерди киргизгениме туура бир ай болду. Төлөмдөрдү алдын ала алам. Ар кандай кишилер кирет. Бир ай ичинде эле көп кишини көрдүм. Светтин акчасын төлөбөй же бир жерин сындырып кеткендер болду. Дарбазаны ачып таштап кетишет. Өзү батирде жашаса, баары эле депозит бере албайт го. Адамдын сапатын түшүнүш керек, ар кандай адамдар бар да. Жыргаганынан батирде жашаган жок да. Муну бизнес деп айтууга деле болбойт, кошумча киреше да. Заңгыратып үйдү салып жашагандан көрө, кичине болсо да пайда берсин деп ушундай батирлерди салдым. Жумушка жакын деп Ош базардан, Кызыл-Аскерден, Аламүдүндөн, ар кайсы жактан келишет. Меники бир аз алысыраак болуп калат, бирок, ага карабай эле шарттары бар деп кирип жатышат. Ачык айтканда, башка жактан тапкандан көрө Кыргызстандан тапсаң деле болот. Бир эле система экен, болгону биз аракет кылбайт экенбиз".

Батирлердин ижара акысы ремонтуна жана жайгашкан районуна байланыштуу болот. Шаардын борборундагы батирлерди кожоюндары көбүнчө чет элдиктерге ижарага берүүнү каалашат. Андай батирлерде бардык шарттары түзүлүп, ыңгайлуулуктар каралган. Apartment кыймылсыз мүлк агенттигинин талдоосуна ылайык, батирлердин ижара акысы 2021-жылга караганда 10-15% өстү. Борбор жактагы бардык шарттары бар бир бөлмөлүү батирлер 350-400 доллар, эки бөлмөлүүлөрү 500-700 доллар турат. Ал эми 3 бөлмөлүү батирлер 700 доллардан 1500 долларга чейин, төрт бөлмөлүүлөр 1000 доллардан 2500 долларга чейин берилет.

Apartment кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Бекнур Атаканов шаардын борборундагы батирлер көбүнчө чет элдиктерге берүүгө ыңгайлашкандыктан ижара акысы кымбат экенин айтат. Адистин пикиринде, шаардын четинде турак-жайды батирге берип, инвестиция катары иштетүү пайдасыз иш.

Бекнур Атаканов, Apartment кыймылсыз мүлк агенттигинин директору
Бекнур Атаканов, Apartment кыймылсыз мүлк агенттигинин директору

"Эгерде жер үй болсо, менимче, көбүнчө студенттер кирет. Андан тышкары, бизде чет элден келген студенттер көбөйүп кетпедиби. Индиядан, Пакистандан келип атышат. Менин оюмча, алар ушул жылы аябай көп болуп кетти. Алар батирлердин баарын эле алып алышкандыктан, баалар да өсүп кетти. Анткени, алар 500 доллар болсо деле бир батирди ижарага алып, бешөө кирип, ар бири 100 доллардан төлөп жашай беришет. Бул алар үчүн кадыресе эле көрүнүш. Мурун өзүңдүн эмеректеринди, идиш-аяктарыңды алып келип жашай берсең болот эле. Азыр андай эмес. Батирлерди бүт шарттары менен беришет. Бүт баарын – майда-барат идиш-аяктарын, турмуш-тиричилик техникаларын, жадагалса үтүгү менен үтүктөөчү тактайларына чейин берет. Ошон үчүн баасы дагы бир аз жогорулап калды", - дейт Атаканов.

Адистин билдиришинче, батирин ижарага берип иштеткендердин 80% көбү салык төлөшпөйт. Анткени, ижарачылар өздөрү дагы салык төгүүнү талап кылышпайт. Ошондуктан, таанышыма бердим деп, салык төлөбөй иштей беришет.

"Мурун депозит деген жок эле"

Кыймылсыз мүлк жаатындагы адистердин пикиринде, учурда турак-жайлардын ижара келишиминин шарттары татаал болуп калган. Мурда оозеки келишип эле, жашап жүрө берчү. Чет элдиктер жергиликтүүлөргө караганда баасын жакшы төлөгөндүктөн, батирди да аларга ылайыктап жасалгалап коюшат. Apartment кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Бекнур Атаканов коюлган талаптар катаалдап бараткандыктан социалдык аярлуу катмардагылар барган сайын шаардын чет жагындагы батирлерге ык коюп калганын айтат.

"Мурда 3-4 айга деле алып, кайра чыгып кете беришчү. Азыр андай эмес, минималдуу мөөнөт деген бар. Мисалы, азыр батирди ижарага алсаңыз, кеминде алты ай жашашыңыз керек. Эгерде андан эрте чыгып кетсеңиз депозит кайтарылып берилбейт. Мурун депозит деген жок болчу. Азыр ал аябай популярдуу болуп кетип, баардык батирлер депозит сурап калышты. Себеби, ижарачылар келишимдин шарттарын аткара беришпейт. Эгерде алар келишимдин шарттарын бузушса, аларга депозити кайтарылып берилбейт. Ал жагынан алганда кыргыз жарандары үчүн кыйын болуп калган. Ошондуктан, борбордук бөлүгүндөгү батирлердин баасы өсүп, кыргызстандыктар көбүнчө түштүк кичирайондордон алышат. Ал жакта баалар арзаныраак, бирок шарттары да анча жакшы эмес".

Кыргызстанда турак жай фондунун тартыштыгы жогору деп эсептелет. 2020-жылдын аягына карай өлкөдөгү турак жай фонду 86 млн. 500 миң чарчы метрге жакын деп эсептелген. Борбор Азиядагы жетиштүү турак жайга укуктар боюнча тармактын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда 2010-жылы 93% калк турак жай менен камсыздалган болсо, 2020-жылга карай бул көрсөткүч 10% ашык түшүп кеткен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын апрелине карата киши башына 13 чарчы метр турак жай аянты туура келет. Эл аралык социалдык стандарт боюнча бул көрсөткүч киши башына 30 чарчы метрден кем эмес болушу зарыл.

Өкмөттүн "Менин үйүм" социалдык программасында жарандарды орточо 18 чарчы метр турак жай менен камсыздоо үчүн өлкөдө 117 млн чарчы метрден кем эмес турак жай болушу зарыл экени белгиленген.

XS
SM
MD
LG