Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:45

HRW Кыргызстанды орус элчилигинин алдындагы акцияларды чектеген чечимин жокко чыгарууга чакырды


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийлигин тез арада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүүнү чектеген чечимин жана ошол жерде тынч пикет өткөргөнү үчүн кармалып, айыпка тартылган үч укук коргоочунун жаза чарасын жокко чыгарууга чакырды.

Уюмдун 24-марттагы билдирүүсүндө Кыргызстандын Конституциясында жыйын өткөрүү эркиндигин чектөөгө жол берилбей турганы, ал эми тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамда согушка же кастыкка үндөгөн жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү гана акцияларга соттун чечими менен тыюу салынары жазылганы белгиленди.

5-мартта элчилик алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.

7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи Май райондук соту күчүндө калтырган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган. (RK)

XS
SM
MD
LG