Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Чукул билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлүүдө


Бишкек-Торугарт унаажолуна түшкөн кар көчкү. Долон ашуусу. 17-март, 2022-жыл.
Бишкек-Торугарт унаажолуна түшкөн кар көчкү. Долон ашуусу. 17-март, 2022-жыл.

Кыргызгидромет эскерткендей 19-20-март күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы сакталып, айрым аймактарда жаан-чачын, тоолуу аймактарда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Мындан тышкары тоолуу жолдордо кар көчкү күтүлөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош - Сары-Таш-Эркечтам, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунда кар көчкү түшүшү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Туруксуз аба ырайынан улам 18-мартта Бишкек-Ош жолуна жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди.

XS
SM
MD
LG