Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кемелова буга чейин Түштүк Кореядагы элчилик кызматты аркалаган. Өткөн айда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Динара Кемелова 2019-жылга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.