Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

"Даниядагы өнөктөштөрүм келишим күчүндө экенин айтышты"


Атай Өмүрзаков. Архив.
Атай Өмүрзаков. Архив.

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү буга чейинки түшүнбөстүк үчүн кечирим сурап, кызматташуу жөнүндө келишим күчүндө экенин билдиргенин "Фейсбуктагы" баракчасына 3-мартта жазды.

Ал даниялык өнөктөштөрү жазган электрондук катты жарыялады. Анда "өлкөңүздү Орусиянын бөлүгү деп ойлоп алыптырбыз. Кечирип коюңуз. Виза беребиз, келишим күчүндө. Орусия аркылуу учууга болбогондуктан кантип келериңизди ойлонуңуз. Балким Казакстан аркылуу?" - деп жазылган.

2-мартта бийчи Даниядагы өнөктөштөрү кызматташуу жөнүндө келишимди үзгөнү тууралуу "Азаттыкка" интервью берген.

- Атай мырза, аз убакыт мурун Фейсбуктагы баракчаңызга "Өлкөңүз агрессорду колдоду" деген жүйө менен Дания сиз менен кызматташуу жөнүндө келишимин үзгөнүн жаздыңыз. Бул эмне болгон келишим эле? Себеби боюнча кандай пикир айтышты?

- Ал келишим декабрь айында эле түзүлгөн болчу. Биз акыркы 10 жылдан бери Европа менен кызматташып келе жатабыз. Жумушубуздун 90% Европа менен байланыштуу. Жыл сайын 4-5 келишим түзүлүп турат. Бул келишим болсо Копенгагендин жанындагы Даниянын цирки менен түзүлүп жаткан. Пандемиянын айынан биз эки жыл иштеген эмеспиз. Ошондуктан, бул көптөн күткөн келишим болчу. Бир саат мурун чалышып, келишимди үзүшөрүн айтышты. Буга эки жагдай себеп болушу мүмкүн. Биринчиси, Кыргызстандын Украинадагы кырдаалда Орусияны колдогону, экинчиси, ЕАЭБге тиешебиз болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн. Кайсынысы негизги себеп экенин билбейм. Бизге Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын артисттери Европада мындан ары иштей алышпасын айтышты.

- Акыркы убакта эл көзүнө көп көрүнбөй калдыңыз эле. Азыр кайдасыз? Эмне менен алексиз?

- Пандемия башталгандан бери эле Кыргызстандамын. Башка жерлерге чыгууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бий менен эле алектенип келе жатам.

- Твиттердеги баракчаңызга "Эми мындан ары артист катары иштей албайбыз" деп жаздыңыз. Кийинки пландарыңыз кандай?

- Азыр ичимде ар кандай сезимдер болуп жатат. Айтчу нерсе көп, бирок айтпайм. Анткени эмоция менен көп сөз айтып жиберсем да туура эмес болуп калат. Азырынча бир нерсе айтуу эрте. Ушул кабарды жеткирип алалы, калганын көрө жатарбыз.

- Бул келишимди кайра калыбына келтирүүгө аракет кылса болобу?

- Жок, эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени, бул алар каалаган нерсе эмес. Бүткүл Европа санкцияларды киргизип жатат. Кырдаал алардан көз каранды болбой турат.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

Маектин аудио версиясын бул жактан угуңуз.

XS
SM
MD
LG