Орусиянын Украинага кол салуусу Евробиримдиктин тынчтыкты жактаган саясатын кайра карап чыгууга аргасыз кылды.
Бул тууралуу айткан шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел Путиндин Орусиянын өзөктүк күчтөрдү күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун Европадагы коопсуздукка коркунуч катары кабыл алды.
Буга чейин пацифисттик доктринадан улам согушкан тараптарга оор аскер курал-жарактарын берүүдөн карманып келген Евробиримдиктин бир топ өлкөлөрү саясатын кайра карап, Украинага истребителдерди, зенниттик-артиллериялык курал-жарактарды жеткирүүнү макулдашты.
Европа Биримдиги Киевдин өтүнүчүн канааттандырып, Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө Орусиянын өзөктүк курал менен коркутканы себеп болгонун уюмдун тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди.
“Бүгүн Путин орусиялык өзөктүк күчтөр жогорку күжүрмөн даярдыкка өтөрүн жарыялады. Мен бүгүн эки чукул кырдаалда жардам берүү үчүн европалык тынчтыкты сактоочу каражаттарды колдонууну сунуштайм. Украин армиясы үчүн учуучу аппараттарды сатып алууну каржылоо, күйүүчү май, коргонуу жабдууларын жана дары-дармектерди жеткирүү. “Евробиримдик согуш учурунда курал-жарак менен жабдыбайт” деген дагы бир тыюу жок болду. Ооба, биз мына ушуга барууга аргасызбыз. Анткени бул согуш украин армиясын колдоо аркылуу биздин ага катышуубузду талап кылып жатат”, - дейт Евробиримдиктин жогорку комиссары Жозеп Боррел.
Мунун алдында Евробиримдик 77 жылдан берки тарыхында биринчи жолу күтүүсүз кадамга барып, Украинага курал-жабдыктарды сатып берүүнү көздөп жатканын Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирген эле. Анын бул билдирүүсүнө дагы Путиндин өзөктүк куралдарды даярдыкка келтирүүгө буйрук бергени негиз болду.
Ага чейин президент Владимир Путин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка өткөрүү буйругун берди. Ал мындай чечимин 27-февралда Орусиянын жогорку аскер жетекчилери менен жолугушуусунда жарыялады.
"Силер көргөндөй, Батыш өлкөлөрү биздин мамлекетке каршы экономикалык жактан достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТОго мүчө мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясынын ооздуктоочу күчтөрүн аскердик нөөмөт өтөөнүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берем", -деди президент Путин.
Биримдикке мүчө мамлекеттердин аскердик жардам Польша аркылуу Украинага жеткирилери макулдашылды. Аскердик жардамга зенниттик-артиллериялык жабдуулар, абадан коргонуу тутуму, танктарга жана чопкутулган транспортторго каршы системаларды жана башка курал-жарак кирери айтылган. Буга коргонуучу, медициналык каражаттар, күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү дагы кошулду.
Германиянын канцлери Олаф Шольс Путиндин өзөктүк опузасынан соң парламентте сөз сүйлөдү.
“Биз доорлордун алмашуусун баштан кечирип жатабыз. Демек, дүйнө эми мурункудай болбойт. Бул жерде эң негизги суроо: күч укукту жеңе алабы? Биз азыр Путинге саатты артка жылдырып, 19-кылымга, державалар аралык күрөшкө кайтууга мүмкүнчүлүк берелиби же ал сыяктуу согуш отун тутантууну көздөгөндөрдү өз учурунда ооздуктай алабызбы? Ошондуктан биз кайрадан өзүбүзгө күчтү кайтарууга туура келет. Биз эркиндик менен демократиянын гүлдөп-өнүгүшүн каалайбыз жана ал үчүн күрөшө алабыз. Ошондуктан ушул чукул жыйында өкмөттүн көз карашын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиздерге ыраазымын. Мен ошондой эле демократиялык фракциялардын бардык лидерлерине бул жыйынды чакырууга колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазымын”, -деп баяндама жасады немис канцлери Олаф Шольц.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" деген негиздеме менен аскердик операция башталганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда таңга жуук Украинага басып кирген.
Алты күндөн бери Украинанын бардык аймактарына абадан сокку уруп, бомбалоолор жана ракеталык аткылоолор уланууда. Эң катуу соккулар Киев жана Харьков шаарларына жасалды.
Ошол эле кезде Украинанын ири шаарларына кирип барган орус аскерлери катуу каршылыкка дуушар болуп, айрым жерлерде токтотулуп, кайра чабуулга өтүп жатканы кабарланууда.
Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды.
Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча жарыялана элек. Орусия кагылышууда өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын так санын айта элек.