Украин бийлиги анын аймагына басып кирген учурда жок кылынган жүздөгөн орус аскерлеринин сөөгүн алып кетүүнү талап кылды. Украинанын куралдуу күчтөрү 352 аскеринен ажыраганын жарыялады. Орусия аскердик жоготуулар бар экенин айтканы менен так санын атай элек.
Украинадагы орус аскер туткундары
Орусия Украинага басып киргенден бери канча аскерин жоготкону тууралуу үн катпай жаткандыктан Киев согушта туткундалган же каза тапкан орус аскерлеринин жакындары менен түз байланышууга аракет жасай баштады.
Туткунга түшүп, суракка алынган айрым орус аскерлеринин видео тасмалары интернетке жарыяланды.
“25-бригаданын №75242 аскер бөлүгүнөн болом. Биз аскердик машыгууларга келгенбиз. Бизди алдап коюшту. Биздин көпчүлүк балдар бул жакка өткөнүбүздү түшүнгөндө, эч ким деле бул согушту каалаган жок. Бирок бизге “анда, эл душманы болуп, согуш эрежеси боюнча атууга кетишиңер мүмкүн” деп эскертишти. Бизди отко салышты. Биз согушту каалабайбыз. Тынчтык болсо, үйгө кайтсак дейбиз”, - дейт видео тасмага түшүрүлгөнү айтылган Алексей аттуу жоокер.
Аскер туткундары тууралуу эл аралык конвенцияга ылайык, туткунга түшкөндөргө адамгерчиликтүү мамиле кылуу, кыйноого албоо жана эки тараптын келишүүсүнө ылайык, боштондук берүү же туткундарды алмашуу шарттары бекитилген.
Украинанын Ички иштер министрлиги туткундалган же окко учкан орус аскерлеринин жакындарына алардын тартылган сүрөттөрү же видео тасмалары жайгаштырылган онлайн-платформалар аркылуу таанып, байланышуу үчүн атайын кайрылуусун жарыялады.
Киев орус аскерлеринин сөөгүн алып кетүүнү талап кылды
Украинанын Ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко өлгөн жоокерлердин сөөктөрүн алып кетүү боюнча сунушка орусиялык тарап жооп бербей жатканын айтты:
“Биз эл аралык "Кызыл Чырым" уюмуна гуманитардык миссияны аткарып, каза болгондордун сөөгүн орустарга өткөрүп берүү боюнча кайрылдык. Тилекке каршы, Орусия жооп бербей жатат. Ушул себептен улам, биз сиздерге, Орусиянын жарандарына кайрылууга аргасызбыз. Сиздердин президенттин мыйзамсыз жана кара ниет буйругунун негизинде биздин аймакка курал менен келип, ок жеп, биздин чек араны бузганы үчүн каза болгондорду таанып, таап, алып кетүүгө чакырабыз”, - деди Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко.
"Жакындарыңды изде" деген аталыштагы бул демилге аркылуу Киев Орусияда согушка карата маанайга таасир этип, Москванын жоготуулар тууралуу жашырган маалыматын ашкерелөөнү көздөшү мүмкүн экени айтылды.
Ошондуктан орус бийлиги буга дароо чара көрүп, Орусиянын Башкы прокуратурасынын чечими менен Киев иштеп чыккан бул демилгенин веб-сайтына бөгөт коюлду.
Согуштун алгачкы кесепеттери
Ошол эле кезде расмий Киев согуштун кесепетинен украин качкындарынын саны 400 миңден ашып, 352 киши өлүп, 1600дөн ашууну жаракат алганын жарыялады.
Ошол эле учурда Украина анын аймагында өткөн беш күн ичинде Орусиянын аскердик жоготуусу 5300дөй экенин жарыялады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 1-мартка карата Орусия кол салган алты үндөн берки анын жалпы болжолдуу жоготуулары тууралуу жаңыланган маалымат таратты.
Анын тараткан маалыматына ылайык, Орусиянын жалпы аскердик жоготуусу 5710 адамды түзүп, 200 жоокер туткундалып, 29 учак, 29 тик учак, 198 танк, 846 чопкутталган транспорт, 77 артиллерия, 1 даана “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 7 абадан коргонуу тутуму, 24 ракеталык система, 60 цистерна, 3 даана учкучсуз аппарат, 2 катер, 305 аскер автоунаасы талкаланган.
Ал эми ошол эле кезде согуштук аракеттердин жүрүшүнө көз карандысыз байкоо жүргүзгөн CIT анализ тобунун башчысы Руслан Левиев Орусиянын аскердик жоготуулары тууралуу расмий маалыматтарды тактоо татаал болуп жатканын айтып, ачык булактардан чогултулган маалыматтарды бөлүштү.
“Бул видео тасмаларга таянып, биз учурда кеминде 500 аскер өлгөн десек болот. Ырас, биз өлгөндөрдү Россгвардиядан же армиядан деп так бөлүп, айырмалай албайбыз. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги бир дагы жоготууну тааныбайт. Туткундар же өлгөндөр такыр эле жок сыяктуу. Видео тасмалардын көбү согуш болуп жаткан шаар-кыштактардагы жергиликтүү тургундардан алынган. Тургундар согуш болгон жерлердеги каза болгон орус аскерлеринин сөөгүн көрүп, тартып алышкан. Көпчүлүгүнүн айланасында эч ким жок. Анда украин армиясы дагы, орусиялык аскерлер да жок. Чынында,анда аскерлердин сөөгү жана аскер техникасы согуш талаасында калып кеткен”.
Украин президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “Настоящее Время” телеканалындагы маегинде орус аскерлеринин жоготуулары тууралуу Киев тараткан маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, аскердик түшүнүк боюнча армиянын жоготуусуна жок кылынган, колго түшкөн, жарадар болгон аскерлердин жалпы саны кошулат.
Орусиянын аскердик жоготуусу
Алексей Арестович орус армиясынын жоготуусу 5300дөй жоокерди түзөрүн, бирок анын канчасы өлгөнүн, канчасы жарадар экенин бөлүп, так айтуу кыйын экенин белгилеп, өзүнүн эсебинде 500дөн миңге чейин орусиялык аскер украин жергесинде мерт болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага чабуул баштаган күндөн бери бул согуштан каза тапкандар, жарадарлар же туткунга түшкөндөр сыяктуу аскердик жоготуулары тууралуу так жана толук расмий маалымат бере элек.
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков 27-февралда аскердик жоготуулар бар экенин айтып, бирок алардын саны украин күчтөрүнүн жана Москва “улутчулдар” деп атаган элдик кошуундардын жоготуусунан бир топ эле аз экенин билдирди.
“Орусиянын аскерлери атайын аскердик операциянын күжүрмөн тапшырмаларын аткарууда каармандык жана баатырдык көрсөтүүдө. Тилекке каршы, каза тапкандар жана жараат алгандар бар. Бирок биздин жоготуулар жок кылынган Украинанын аскерлери менен улутчулдарынан кыйла аз. Ал эми украиналык согуш туткундарына келсек, орус аскерлери куралын таштап, каршылык көрсөтүүнү токтоткондорго татыктуу мамиле жасап жатат. Алардын баары үй-бүлөсүнө кайтарылат. Бирок биз украин улутчулдары туткунга түшүп калган бир нече орус аскерине кандай мамиле кылып жатканын билебиз”, - деди генерал-майор Игорь Конашенков.
Украинанын жок кылынган курал-жабдыгы
Орусиянын Коргоо министрлиги 1-мартка карата украин аскерлеринин жоготуулары тууралуу жаңыланган маалыматын жарыялады.
Ага ылайык, Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинадагы 1325 аскерий инфраструктуралык объектиге сокку урду. 395 танк жана башка согуштук бронетехника, 59 ракеталык система, 179 талаа артиллериясы жана миномёту жок кылынды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-февралда тараткан маалымат боюнча орус аскерлери Украинанын аймагындагы 1060тан ашуун ар кандай аскердик объектиси талкаланганын маалымдаган.
Анын ичинде 27 аскердик байланыш түйүндөрүн башкаруу пункту, Украинанын абадан коргонуу тутумуна кирген 38 зениттик-ракеталык комплекси, 56 радиолокациялык станция, үч "Байрактар TB2" учкучсуз учуучу дрону, жерде конуп турган 31 учак, 46 реактивдүү жапырт атуучу система, 103 талаа артиллериясы жана миномет, 164 атайын аскер автоунаасы , 254 танк жана башка чопкутталган транспорт жок кылынганы маалымдалды. Бирок ошол эле кезде Орусиянын Коргоо министрлиги талкаланган социалдык, чарбалык, жарандык объектилер жана турак жай тууралуу маалымат берген эмес.
Орусиянын президенти Владимир Путин 27-февралда аскер жетекчилери менен жолугушуу учурунда өлкөнүн оор аскердик күчтөрүн атайын күжүрмөн даярдыкка өткөрүү тапшырмасын берди. Аталган күчтөргө эл аралык аскердик келишимдер боюнча колдонууга тыюу салынган өзөктүк куралдар, "Канжар" жана "Циркон" сыяктуу гиперүндүү ракеталар кирет.