Президент Садыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды. Жарлыктын аткарылышын мамлекеттик кызматкерлерге көзөмөлдөйт. Президенттин бул демилгеси социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.
Президент Садыр Жапаров кол койгон “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлык 24-февралда президеттин расмий сайтына жарыяланды. Ага улай эле Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бул документ тууралуу комментарий калтырды.
"Колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек", - деп жазды президент Жапаров.
Ал өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти.
"2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, "үч бодо даярдадык, жетеби" деп сурашты. Мен "кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар" деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар "алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз" деп, мени ынандырганга аракет кылышты. "Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам" деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү. Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү", - деп кошумчалаган.
Жапаров жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырганын белгеледи.
Ысарапкорчулукту тыюу максатын көздөгөн президенттин жарлыгы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Көбү президенттин бул кадамын колдошууда. Алардын бири Ат-Башы районунун тургуну Жаркынбек Касмалиев ушундан улам карызга батып калгандар бар дейт.
“Айылдагы туугандардын арасында бирөө-жарым каза болсо, бодо мал табуу милдетин менин моюнума жүктөлгөн. Баланча каза болуптур деген кабарды угарым менен семиз жылкы издеп жөнөйм. Өлгөн кишиге кайгыргандын ордуна жылкы табуу кайгысын көбүрөөк тартам. Бодо мал союлбасын деген жарлык чыкканы жакшы болду. Өткөндө колунда жок айылдашымдын атасы каза болду. Бир жылкыны карызга алып союп, кайра банктан кредит алып кутулду”.
Касмалиев маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө өлгөн адамдын кадыр-баркына, беделине жараша мал союларын белгиледи. Алыш-катышы, куда-сөөктөрү көп болсо 3-4 жылкыга чейин союлат. Кимдин үйүндө карысы болсо, анын үйүндө жок эле дегенде байланган семиз бир жылкысы болушу керек заман болуп калганын айтып отурду.
Бирок маркумга бодо мал союлбасын дегенди колдобогондор да бар. Алардын бири - Нарын шаарынын тургуну Данияр Турдумамбетов:
"Сойсо өзүнүкүн союп жатат да. Өкмөттөн сурап жатабы? Ким канча мал соет өзүнүн иши. Алыш-катышы бар. Алыстан келген куда-сөөктөрүн ачка кетиреби? Тирүүсүндө күтүрөтө мал күткөндөргө өлгөндө бир жылкысын союп койсо кемип кетпейт. Беш кудасы болсо ар бири бирден жылкы жетелеп келет. Бирин сойсо калганы калат да. Буга чейин көп кишиге кошумча берип койгондор да толтура. Анан өзүнө келгенде албай калмак беле".
Президенттин жарлыгы чыкканга чейин эле тажыяда бодо мал сойгонду тыйган айылдар да бар. Андай чечим Ысык-Көл облусундагы Кереге-Таш айылында чыккан. Айыл өкмөт башчысы кол койгон кагазда жаштар айыл аксакалдары менен чогуу жыйналыш өткөрүп, ысырапкорчулукка каршы чараларды кабыл алуу чечимдери жазылат.
"Мындай демилгени биздин айыл өкмөткө караштуу Сары-Камыш айылынын жаштары көтөрүп чыкты. Чечим кабыл алгандан кийин ошол айылда бир үйдө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Эки кой гана союлду. Эл муну туура кабыл алып, колдоп жатат. Эми президенттин жарлыгы да биздин демилгебизди ишке ашырууга өбөлгө болду", - деди Кереге-Таш айыл аймагынын башчысы Арстанбек Эмил уулу.
Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликти жоюу тууралуу жарлыгын түшүндүрүү ишин баштады. Муфтий Замир Ракиевдин буйругу чыгып, анда башкармалыктын түзүмүндө турган бардык дин кызматкерлери жума намаздарда жана той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү чечими кабыл алынган.
Буга чейин Баткен облустук милициясы президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликке каршы жарлыгын түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары да той-ашты чектеген мыйзам долбоорун даярдаган. Анда "маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз болот жана бодо мал союлбайт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт" деген жобо бар.
Мыйзамдын демилгечиси катары депутат Улукбек Ормонов көрсөтүлгөн. Ал документти мындайча негиздеди.
"Эгер биз даярдаган мыйзам долбоору колдоо тапса, президенттин жарлыгынын аткарылышына өбөлгө болот. Эрежени бузган мамлекеттик кызматкер жумуштан айдалат, башкаларга айып пул салынат".
Ормонов айтып жаткан мыйзам долбоору парламенттин өткөн чакырылышында талкууга чыгарылып, биринчи окуудан өткөн. Анда эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом айыпка жыгылат деп жазылган.
"Жаңы кодекстерге ылайыктап чыктык. 28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде парламенттик угууга коюлду. Андан кийин экинчи окууга коюлат", - деди Ормонов.
Той-ашты чектеген мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланды. 28.02.2022)
2008-жылы режиссер Темир Бирназаров тажияда жылкы союу көрүнүшү колунда жокторго тийгизген таасири тууралуу кыска метраждуу фильм тарткан. Анда башкы каарман, жаш жигит абактан бошоп келген соң, атасы каза болуп, анан кара ашына эмне сойорун билбей жылкы уурдап келип, перзенттик парзын аткарат да, кайра колуна кишен салынып, түрмөгө кетет.
«Бул окуя чындыктан алынган. Ошол жигит кайра соттолуп кетип, үч жыл түрмөдө отуруп келди. Мен муну менен бизге пайдасы жок каада-салттарыбызды көрсөтүп, алар элдин жашоосуна терс таасирин тийгизерин көрсөттүм».
Коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда ысырапкорчулукту чектөө боюнча атайын мыйзамдар иштейт. 2017-жылы Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети, муфтият жана Ислам таануу борбору биргеликте маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Анда мындан ары тажияда үн чыгарып ыйлаганга, кара кийип аза күтүүгө болбойт деген пункттары да бар.