Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Тумоону тоготпогон кыргыз той-ашы


Бишкектеги кафелердин биринде конокторго арналган сый тамак. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги кафелердин биринде конокторго арналган сый тамак. Архивдик сүрөт.

Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы соңку он күндө санитардык талаптарды бузуп, массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сом айып салды.

Чектөөлөргө карабай Кыргызстанда той-аш өткөргөндөр көп катталууда. Адистер аш-той токтобосо, өлкөдөгү коронавирустун экинчи толкуну опурталдуу болорун эскертишүүдө.

Бишкектеги «Сары-Челек» рестораны үч миң сом айыпка жыгылды. 8-августта аталган ресторанда төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын кенже кызын турмушка узатуу тою өткөн.

Тойдо өкүл аталык милдет Сыймык Бейшекеевге жүктөлгөн. Ырчы тойго жакын туугандарынан 50дөй адам келгенин жана салтанат саат 12:00дөн кечки саат 17:00гө чейин өткөнүн билдирди.

Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев.

“Мурда эле белгиленип калган иш-чара экен. Досум Элмирбектин көзү тирүү кезинде эле, бир жыл мурун 8-августка деп пландашыптыр. Негизи ресторандарга башында 50 адамга уруксат берилип жатпады беле. Үйдөн деле көпчүлүк той өткөрүп жатат. Жашырганда эмне. Болгону үйүндө шарт жок болгондуктан ресторанда өткөрүүнү чечишиптир. Кишинин саны 50дөн ашкан жок. Чындыгында эки жарым жылдан бери аяш кыздарымдын көз жашы кургабады. Мындан ары жакшылык болсун, артында калган туяктары бактылуу болсун деген эле каалоо. Ооба, мыйзам баарыбызга бирдей. Бирок азыр абал бир топ жакшырып калбадыбы. Негизи эле мен дагы той өткөргөнгө каршымын. Андан көрө эл ошол акчаны башка жакка жумшап, өлкөбүз өнүксө деген ойдомун. Эгер туура эмес болсо, өкүл атасы катары көпчүлүктөн кечирим сурайм”.

Аталган ресторан менен катар дагы бир нече эс алуу борборлоруна санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн айып салынды.

Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы жакында эле Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Нур-Суфра» тойканасынын администрациясы санитардык эрежелерди сактабай эле куран окутуу жөрөлгөсү өткөрүп жатканы аныкталганын кабарлады.

Дем алыш күндөрү ушундай эле тартип бузуу «Улуу-Тоо» чайханасында, «Главпивтрест» кафесинде да аныкталды. Андан тышкары компьютердик жана бильярд клубдарында эреже сакталбаган учурлар катталды.

Шаардык санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчиси Медербек Амангелдиев өлкөдө той өткөрүүгө, куран окутууга такыр тыюу салынганын баса белгилеп, буларга токтолду.

Медербек Амангелдиев.
Медербек Амангелдиев.

“11-майдан бүгүнкү күнгө чейин жылпы 3444 обьект текшерилип, 319 протокол түзүлүп, 1 миллион 397 сом айып салынды. Бизде учурда катуу көзөмөлдө турган ондой мекеме бар. Алар эки жолудан мыйзам бузгандар. Эгер дагы кайталана турган болсо, биз бул мекемелердин жарыгын, суусун өчүрөбүз же тийиштүү органдарга өткөрүп беребиз. Тактап айта кетсем - 50 орун, 50 киши деп көпчүлүк адашып жатат. Негизи эле той-топур жана куран окутууга таптакыр тыюу салынган. Он кишиби болобу же элүү киши болобу той өткөрүп, куран окутканга болбойт. 50 киши деген бул коомдук тамактануучу жайлардын иштешине эле уруксат берилген”.

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 25-майдан баштап Кыргызстанда коомдук транспортко, жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5 - 2 метр аралык так сакталышы зарыл), театр, музей, көргөзмө залдары, китепканалар жана маданий агартуу жайлардын ишине уруксат берилген. 22-июлдан баштап кафе-ресторандарга кечки саат 22:00гө чейин иштөөгө уруксат берилген.

Экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилгени менен өлкөдө той-аш өткөрүүгө, куран окутууга жана жапырт иш-чараларга тыюу салынган.

Буга той-топур маалында жана тажияларда COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдар көбөйүп жатканы себеп экени айтылган. Бул талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Мындай чектөөлөргө карабай, айыппул төлөп, той-топур, куран окутуу уюштурулуп жатканын Интернеттеги социалдык тармактардагы билдирүүлөр көрсөтүп жатат. Айрым учурда той же куран окутууга мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген кызматкерлер да катышып жүргөнү айтылууда.

Журналист Маратбек Акимбаев аш-тойлорго Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү да катышып жатканына күбө болгон.

“Бир эле ресторанга эки жолу бардык. Той болуп жатыптыр. Ал жерде Жогорку Кеңештин депутаты да бар экен. Той ээси анын тууганы болуп чыкты. Андан сырткары тойдо Ош шаардык кеңешинин депутаттары да отурушуптур. Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрү мамлекет, прездент, өкмөт чыгарган, "тойго тыюу салган" токтомдорун, мыйзамдарын аткарбай жатса, карапайым адамдар тууралуу эмнени айта алабыз? Ошто, аймактарда чакан тойлор өтүп эле жатат. Алардын баарына эле айып салынып, чара көрүлгөн жок. Журналист катары сураштырып, изилдеп көрсөм, расмий органдар билип калып, айып салса акчаны той өткөргөн адам төлөп, кафе-ресторандын ээлери эч кандай зыянга учурабайт экен. Ошон үчүн айып пулдан да коркпой калышаты”.

Аш-той токтоп, ишсиз калгандар көбөйгөн

Экономика тармагындагы серепчилердин айтымында, пандемия маалында тейлөө тармагында, анын ичинен кафе-ресторандарда иштеген 50 миңден ашуун киши жумушсуз калган жана өлкөдөгү кафе-ресторан, салтанат кечелерин өткөрө турган жайлардын 30 пайызы банкрот болгон.

Улуттук статистика комитетинин изилдөөсүнө ылайык 2020-жылдын алгачкы алты айында мейманканалардын жана ресторандардын (тойканалар) кызмат көрсөтүүсү 5 млрд. 494,7 млн. сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,2% кыскарган. Эки сервистин жумушунун көлөмү былтыркы жылдын алгачкы жарымында 8 млрд. 243,8 млн. сом болгон.

Жеке ишкер Айжан Чыныбаева кафе-ресторандардын ээлери айласыздан той же куран окутуу иш-чараларын өткөрүүгө барып жатканын айтты:

Айжан Чыныбаева.
Айжан Чыныбаева.

Кыргызстанда кафе-ресторан бизнеси өлкөгө чоң каражат алып келе турган тармак болчу. Азыр жалпы тамак-аш тармагы чыгымга учурады. Айрыкча тойканалар. Булар бирден-бир салык алып келүүчү тармак. Азыр алар ишин токтотууга мужбур. Ал эми жашыруун той өткөрүп же куран окутуп жатканы айласыздык. Анткени алар салык төлүшү керек, аренда акысы, кызматкерлердин айлыгы андан сырткары үй-бүлөсү да бар. Насыя алып иштеген ишкерлер да көп. Көпчүлүк банктар ишкерлерге жардам берүүдөн баш тартып, насыялардын пайызын жөн эле кийинки айларга кошуп коюшту. Айып салбаганы эле болбосо бир сом да жардам болгон жок. Ишкерлер үчүн дээрлик жеңилдетүүлөр болбоду. Азыр акырындык менен иштөөгө уруксат берилгени менен, чектөөлөр көп. Иштеш өтө кыйын. Азыр иштесе деле чыгымга учурап жатышат. Андыктан чектөөлөр толук алынбаса, мындан ары иштеп кете албайбыз”.

Кафе-ресторан тармагындагы ишкерлер бардык чектөөлөр алынышын суранганы менен, аталган жайлардагы санитардык эрежелер сакталбай жатканы көпчүлүктү кооптондурбай койбойт.

Медицина тармагындагы адистер аш-той токтобосо, коронавирустун экинчи толкуну опурталдуу болорун эскертишүүдө.

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев пандемиянын экинчи толкунунун алдын алуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

“Коронавирустун таркашынын негизги очоктору - бул эл чогулган жер. Төрт киши болобу, 10 кишиби же 100 киши болобу айырмасы жок. Ошон үчүн сентябрь, октябрь айларында июнь, июлдагыдай аламан болбошу үчүн биз азыр ушуга катуу көңүл бурушубуз керек. Азыр той өткөрүп, куран окутуп, аш берип жаткандар тууралуу көп айтылууда. Мына ушуга кескин чара көрүп, токтотушубуз керек. Тойкана жана чайканалардын ээлерине чара катуу болушу керек. Эгер алар эрежени бузуп, эл чогултуп той өткөрө турган болсо, ошол тойкана бир жылга толук жабылышы керек. Жанагыдай кичинекей айып салуу менен эч кандай маселе чечилбейт. Той өткөрүп жаткан киши "ме, айыппулуңду эки эсе төлөп берейин" десе макул боло берет да, эч кандай чыгым тартпаса. Андан сырткары тойкана, чайканаларга мамлекеттик кызматкерлер көз салышы керек. Эгер ошол кызматкер көзөмөлдөгөн жерде тартип бузулса, ал дароо кызматтан кетиши керек. Мына ушундай кескин чаралар болбосо, бул маселени чече албайбыз”.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1 491 кишиге жетти. COVID-19 вирусу 41 миңден ашуун адамга жугуп, анын 33 миңден ашууну айыкты.

Буга карабай мурдагыдай 200-300 кишилик той болбосо да 40-50 киши чогулуп кыз узатып, үлпөт той өткөргөн учурлар катталууда. Той-топурлардан сырткары азыр аймактарда, баш калаа Бишкекте жаназа, маркумдар менен коштошуу зыйнаты да көп болууда жана көпчүлүк учурда санитардык эрежелер аткарылбай жатканы айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG