Орус президенти Владимир Путин Украина менен конфликтти биротоло чечүү үчүн Батыш өлкөлөрү жана Киев өзү Крымды “Орусиянын бир бөлүгү” катары таанышы керектигин айтты. Бул тууралуу пикирин ал 22-февралдын кечинде Москвадагы басма сөз жыйынында билдирди.
Ал буга кошумча коңшу өлкө НАТОго кошулуудан баш тартышы керектигин, толук куралсызданышы зарылдыгын белгиледи.
Донбасстагы жикчилдерге байланыштуу сөзүндө Владимир Путин алардын азыр ээлеп турган жерин эмес, Луганск жана Донецк облустарынын Украинанын курамында турган учурундагы аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныганын маалымдады.
Мындан кийин жасалган билдирүүсүндө Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Орусиянын президенти койгон шарттар менен ымаланы жөнгө салуу мүмкүн эместигин айтты. Көз карандысыз, суверендүү Украина мындай чечимди кабыл ала албай турганын өзүнүн "Телеграм-каналында" жазды.
21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.
Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.
2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)