Орусияда курулуштарда иштеген мигранттарды абакта жаткан жергиликтүү жарандар менен алмаштыруу демилгеси кайрадан козголду. Анын тарапкерлери бул аракет соттолгондорду кадимки турмушка кайтарып, жумуш менен камсыз болуусуна жардам берет деп эсептешет.
Бирок эксперттер камакта жаткандар адистешкен мигранттардын ордун баса албай турганын айтып, бул идеянын ишке ашарынан күмөн санашат.
Кайрадан көтөрүлгөн маселе
Абак жайларда камалып жаткан жарандарды курулуштарга жана башка тармактарга жумушка тартуу маселеси боюнча жаңы маалыматтарды Орусиянын юстиция министри Константин Чуйченко президент Владимир Путин менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ал 2024-жылга чейин түрмөдө жаткан 100 миңдей адам жумуш менен камсыздала турганын, учурда алар үчүн кеминде 15 миңдей орун даярдалганын кабарлады. Министр бул демилгенин максаты абактагы жарандардын санын азайтуу жана аларды жай турмушка көнүктүрүү аракети катары баалады.
“Эркиндигинен ажыратылган адамдардын жазасын мажбурлап иштетүүгө алмаштырууга укук берген мыйзам 2017-жылы иштей баштаган. Ушул күнгө чейин 100 миңдей адам бул чараны аларга карата колдонууга татыктуу болушту. Бул чаранын артыкчылыгы адамдар абакта жатпай иштейт, эркин жашоодо жолун табууга даярданышат. Ага кошумча алар иштегенине жараша маяна алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, кадимки шарттарда жашай алат, шаарга чыга алат жана жакындары менен ээн-эркин баарлашып тура алышат”, - деген министр.
Владимир Путин министрди кабыл алган учурда бул демилгени колдоого аларын билдирип, аны уюштуруу жана каржылоо маселелерине көңүл буруларына ишендирди.
Министр Чуйченко президент менен кездешүүдө абакта жаткан жарандар кайсы бир мигранттардын ордуна ишке кирерин тактаган жок. Бирок бул идея аталган мыйзам аркылуу аткарылары мурда эле айтылган.
Маселен, 2021-жылдын май айында Федералдык жаза аткаруу кызматынын ошол учурдагы директору Александр Калашников документти чечмелеп жатып, абактагы жарандарды адатта мигранттар иштеп жаткан тармактарга тартуу керектигин айткан.
"Азыр 482 миңдей адам камалып жатса, алардын 188 миңи мажбурлап иштетүү жазасын тандап алуу укугуна ээ. Жакында президент Владимир Путин Тажикстандын, Өзбекстандын жана башка өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукту. Анда жумушчу күчтөрү жетишпей жаткан объектилерге мигранттардын агымын жөнгө салуу маселеси каралган эле. Бирок өз кезегинде муну биз уюштуруп берүүгө чындап даярбыз. Бул ГУЛАГ болбойт (ред. Главное управления лагерей – СССР учурундагы жазалоочу орган), бул толук кандуу шарты, жатаканасы же батири бар, кааласа үй-бүлөсү менен жашай турган, маянасы татыктуу жумуш болот”, - деген Калашников.
Бул сунушту кезинде Орусия Федерациясынын президентине караштуу кеңештин жетекчиси Валерий Фадеев жана өлкөнүн акыйкатчысы Татьяна Москалькова колдоп чыккан. Эмгекке орноштуруучу жайлардын бири катары Байкал-Амур жана Транссиб темир жолдорунун курулушу аталган болчу.
Юстиция министри Константин Чуйченко Александр Калашниковдун идеясын “абдан туура” деп колдоого алган. Калашников андан кийин кызматтан кетти, бирок анын идеясы кала берди.
“Мунун аткарылышынан күмөн санайм”
Орусиянын Кыйноого каршы комитетинин төрагасы Сергей Бабинецтин айтымында, мажбурлап иштетүү чарасы – негизинен жеңил жана анча оор эмес кылмыш кылгандарга, маселен уурулукка баргандарга карата колдонуларын маалымдайт. Иш жүзүндө бул эркиндигинен ажыратуу жазасына альтернатива катары сунушталат.
Ишке тартылган соттолуучулар азыркы маалда атайын жайларда гана иштейт. Алар өздөрү келишим түзгөн администрациянын уруксаты жок эч жакка чыга албайт. Ага иш ордун болсо жаза аткаруу органы аныктап берет. Көбүнчө таштанды чыгаруу, кар күрөө сыяктуу оор жумуштар болушу мүмкүн. Камактагы кишинин маянасынын 5-20% соттун чечими менен мамлекеттин эсебине которулуп турат.
Мына ушундай жагдайды белгилеген Сергей Бабинец эми соттолуучуларды курулуштарга тартуу аракетине күмөн саноо менен карайт:
“Курулуш мигранттардын эмгегин талап кылат. Албетте, анын акысы аздай көрүнүшү мүмкүн, бирок ал баары бир квалификацияны талап кылган иш. Плитканы кыйшык койгон же шыбакты билбеген жумушчуну эч ким кармап отурууга кызыкдар эмес. Андай жумушчуну кетирип туруп, ордуна дароо жаңы кызматкер таап алууга болот. Демек, бул тармакта эптемей жумушчуга орун жок. Мигранттардын ордун басуу үчүн абакта жаткандардын эмгеги куду ошончолук квалификациялуу болобу? Мен андан күмөн санайм. Албетте, соттолгон кишилердин ичинде деле чебер усталар болушу мүмкүн, бирок алар өтө аз жана ошолор дагы 100% аракет кылбайт деп ойлойм. Алар “жоокер уктап жатат, бирок кызмат өтөп жатат” деген принципте жүрө бериши мүмкүн”, - деди ал.
"Русь сидящая" укук коргоо фондунун башчысы Ольга Романова да мигранттарды жаза өтөп жаткан жарандар менен алмаштырууну “аткарылгыс” демилге деп атап, камактагылар бул эрежени тандоого кызыкпайт деп эсептейт:
“Бийлик 2017-жылдан бери аракет кылып келе жатат. Орой айтканда 1917-жылы эле баштаган десек да болот. Ондогон түзөтүүчү борборлор уюштурулган. Мында маанилүү нерсе башкада. Эмнегедир муну эркиндиги чектелбеген жаза деп атап келет, бирок анда албетте кишинин эркиндиги чектелет. Өтө көп адамдар, анын ичинде биздин камкордугубузда тургандар да, катаал зоналардан түзөтүүчү жумуштарга которулуп алышып, кийин ага абдан өкүнгөн учурлар бар. Себеби мажбурлоочу жумуштарда азыркыга чейин эрте бошонуп чыгуу механизми иштелип чыккан эмес. Соттолуучу жеңил жаза өтөйм деп ойлойт, бирок иш жүзүндө эрте бошонуп чыгуу укугунан толук ажырап калат. Артка карай жол жок”, - деди Романова.
Кыргызстандыктардын позициясы
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда 10 миллиондой мигрант бар. Алардын көбү Борбор Азия мамлекеттеринен, Өзбекстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Кыргызстандан баргандар.
Эгер Орусияда абакта жаткандардын баарын алган күндө да жарым миллионго жетпей жатат. Мына ушул сандарды салыштыргандар жалпы мигранттардын ишин абактан чыккандар тартып алат дегенге анча ишенишпейт.
Кыргызстандын Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Майрамбек Бейшенов “Азаттыкка” курган маегинде муну реалдуу эмес деп атады.
“Мындай сунуштар буга чейин эле бар болчу. Айрым саясатчылар улам-улам чыгып, “бизге мигранттардын кереги жок, өзүбүздө жумушсуздар көп болсо, аларды киргизбейли” деген сыяктуу чакырыктарды таштай беришет. Бирок реалдуулук башка. Пандемия учурунда Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан мигранттар бара албай калып, жумушчу күчүнүн жетишпестиги пайда болбоду беле. Ошондо мигранттарга муктаждык барын бир сыйра түшүнүшкөндөй болгон. Соттолгон адамдарды жумушка тартуу идеясын менимче ишке ашыруу кыйын. Жасайбыз деген күндө дагы ага көп убакыт керек. Анткени аларды үйрөтүп, даярдаш керек. Курулуш компаниялары аларды тартууга кызыкдар эмес деп ойлойм. Анан бизден канча миллион мигранттар барса, абакта ошончо киши жок да. Алардын ордун толтура албайт. Ошондуктан менимче бул демилге биздин мигранттарга коркунуч жаратпайт”.
Соңку демилгеге байланыштуу Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар арасында кабатырлануу анча байкала элек. Бирок ошол эле маалда улам-улам өзгөргөн миграциялык жана башка мыйзамдар алардын көбүн машакатка салып жаткандай.
Москвадагы “Мекеним Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамилахан Бегиева сөзгө кошулуп, буларды айтты:
“Мигранттарга карата кандайдыр бир чараларды, же каршы пикирлерди шайлоо алдында, же ушуга окшогон саясий кампаниялар учурунда чыгара калышат. Адатта муну саясий упай топтоо максатында айткандар бар. Менимче, бул дагы ошондой категориядагы чакырыктардын бири. Кылмыш кылгандарды компаниялар жумушка алган күндө деле, аларды кайтарууга кошумча кызматкер жалдап, үйрөтүп, чыгым тартууга кызыкдар болбосо керек. Бул тема мигранттарды көп ойлонткон жок. Бирок улам-улам миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырганы тынчсыздануу жаратууда. Маселен, 1-марттан тарта жаңы медициналык талаптар киргизилүүдө. Ар бир айда, үч айда, анан жыл сайын текшерүү жолдорун киргизип жатышат. Ар бир кызматкер медициналык кароодон өтүп, атайын китепче алат, дагы ушуга окшогон ашыкча нерселерди киргизишүүдө. Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен талаптар ага кошулбаган өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей эле болуп калды”.
Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт.