Орусиянын Москва шаарындагы жапырт мушташка байланыштуу Кыргызстандын 15 жараны кармалды. Жаңы жылдын алгачкы күнү болгон окуяда алар Өзбекстандын жарандары менен чырдашканы маалымдалууда. Укук коргоочулар бул чырда улуттар аралык боёк жоктугун билдирди.
Былтыр жайда орус баш калаасында кыргызстандыктар менен тажикстандыктар чырдашкан эле. Ошондон кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөп, бир топ киши депортация болгон.
Калайман мушташ
1-январдын кечинде катталган окуя тууралуу алгач 2-январда орусиялык басылмалар жазып чыкты. Андагы кабарларда Москванын Түштүк-чыгыш административдик округунун Текстильщики районунун Грайворонов көчөсүндө жапырт мушташ болгону айтылат.
Кийин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, бул факты боюнча тиешелүү органдардан маалымат алганын кабарлады.
“2022-жылдын 1-январында Москва шаарынын түштүк-чыгышында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу, ушул жылдын 2-январында элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана кыргызстандык жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барды. Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда. РИИБге Кыргызстандын 15 жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен кыргызстандык жаранга медициналык жардам көрсөтүлдү”,-деди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова “Азаттык” радиосуна.
Кыргыз элчилиги ырастагандай, Орусиянын Ички иштер министрлиги учурда тергөөгө чейинки териштирүү чараларын жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт.
Кеп болуп жаткан чырда Кыргызстандын жарандарынан сырткары Өзбекстандын да жарандары катышканын мурдараак жергиликтүү медиалардын кабарында айтылган эле.
Маселен, “Интерфакс” агенттиги мындай жүйөнү күч органдарындагы өз булагынын цитатасы менен келтирген:
“1-январда, түнкүсүн Өзбекстандын үч жаранынын жана Кыргызстандын он чакты жаранынын ортосунда болгон мушташтан үч адам бычак жеп жаракат алган. Жабыр тарткандардын экөө Өзбекстандын, бирөө Кыргызстандын жараны. Баштапкы болжолдо мушташтын себеби жеке келишпестик болгон деп эсептелип жатат”,-деп айтылат анда.
“Улут аралык өңүтү жок”
Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москванын Текстильщики району боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгү – “Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” менен иликтөө чечимин кабыл алган. Бирок, тергөө ушул эле берене менен уланып жатабы, же башка беренелерге өзгөрүлдүбү, жокпу белгисиз.
Азырынча кармалгандардын баарына Орусия Федерациясында жүрүү эрежесин бузганы үчүн айып салынганы маалым. Алар өлкөдөн чыгарылышы да мүмкүн.
Окуяда аралашкан кыргызстандыктар Москвада ишмердүүлүк жүргүзгөн адвокат Эрланбек Токтосуновго кайрылып, жардам сурашкан. Ал жагдай тууралуу “Азаттыкка” буларды кабарлады:
“Мага кармалгандардын жакындары кечээ да, бүгүн да чалышты. Мен аларга бир сыйра кеңеш бердим, адвокат зарыл болсо жардам кыларымды айттым. Бул жеке чыр экен. Үйдө кыргыздар менен өзбектер чогуу олтурушуп, ичип алгандан кийин чырдаша кетишкен. Жашыраак балдар экен, жөн эле ишке байланыштуу түшүнбөстүктөрдөн чыгыптыр. Тергөө амалдары кечээ да, бүгүн да уланыптыр. Тараптарды беттештирип, башка сурактарын жүргүзүп жатат экен. Бул жапырт мүнөзгө эмес жана улуттар аралык өңүтү жок”.
2021-жылдын июль айынын башында Москва шаарынын “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ катталган. Анда чатак тажикстандык жарандар менен болгон эле. Маалыматтарда мушташка 200дөй адам катышканы, кийин 100дөй адам кармалып, алардын 40 чактысы камалганы кабарланган.
Кыргыз-тажик жарандарынын бул калайман мушташынан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү жана депортация кылуу кескин күчөгөнү айтылган. Бул маселе кезинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде да козголуп, мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлгөн.
Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиева мындай үн кошту:
“Эгерде ушул окуянын өзүн алсак, анда эч кандай улуттук белгисине карата чыр байкалбайт. Негизи ар жыл сайын ушундай узакка созулган майрамдарда кыргыздардын арасында дайыма бирдеме чыгат. Ар майрам сайын кудайлап эле олтурам. Кээде мушташып камалышса, айрымдарда ошондон каза болуп, “Жүк-200” менен сөөгү кеткендери да болот. Былтыры жайда да ири мушташ болду. Башка бир үй-бүлөгө конокко барганда деле ошонун эрежеси менен жашайт эмессиңби. Бул жерде башка өлкөгө келгенден кийин ушул жердин мыйзамдарын сыйлап жашаганды үйрөнөлү. Төрт-беш кишинин мушташканы менен анын кесепети калган жүздөгөн мигранттарга тийип калат. Ошондуктан кыргызстандык мигранттарга, айрыкча жаштарга “өзүбүздү ооздуктаганды үйрөнөлү, чыр-чатактан алыс бололу” деп кайрылып кетер элем. Эгер башка улуттар менен атаандашсак, анда спортто, билим берүүдө же башка таймаштарда алардан алдыга чыкканга аракет кылалы”.
Орусиянын абактарында жана убактылуу кармоочу жайларында камалып жаткан кыргызстандыктардын так саны белгисиз. Орусия Федерациясынын бийлиги былтыр жазда 115 миңдей кыргызстандык миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнүн маалымдаган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 74 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп деп айтылып келет.