Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Путин “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамга анализ жүргүзүүнү тапшырды


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын май айына чейин “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамга анализ жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Кремлдин сайтына маалымат жарыяланды.

Мындай тапшырма 2021-жылдын 9-декабрында Адам укуктары боюнча кеңешменин жыйынында берилген. Анда Путин “чет элдик агенттер” социалдык тармактарга жазган жеке жашоосу тууралуу постторун да “бул материал…” деп баштоого мажбур болгонун “күлкүлүү” деп сыпаттаган.

Аталган мыйзамды талдоо милдети Юстиция министрлигине жана Орусиянын башкы прокуратурасына жүктөлгөн.

“Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2021-жылдан бер иштеп келет. Юстиция министрлиги “чет элдик агенттерди” үч реестрге бөлүп карайт: коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана каттоого алынбаган бирикмелер. Ошол эле маалда жалпыга маалымдоо каражаты катары жалгыз киши деле “чет элдик агент” болуп таанылып калышы мүмкүн.

Учурда ЖМКларды тизмектеген реестрге “Медуза”, “Медиазона”, “Дождь” телеканалы, Настоящее Время, Эркин Европа Үналгысы, The Insider жана башка 113 жеке адам жана юридикалык уюмдар кирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG