Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Түндүк Корея январда алтынчы ирет баллистикалык ракета сынады


Түндүк Корея аткан баллистикалык ракета.
Түндүк Корея аткан баллистикалык ракета.

26-январда Түндүк Корея деңизди көздөй дагы эки баллистикалык ракета атты. Бул Пхеньяндын жылдын башынан берки алтынчы жолку сыноосу болуп калды.

Түштүк Кореянын аскер кызматтары кабарлашкандай, баллистикалык ракеталар 20 чакырымдай бийиктикке чыкты жана 190 чакырымдай аралыкты басып өттү. Соңунда Жапон деңизинде жарылган.

Алгачкы сыноолордон кийин 12-январда АКШ Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизген. Түндүк Кореянын алты атуулун, орусиялык жаранды жана фирманы кара тизмеге кошкон. АКШ алар программалары үчүн товарларды Орусиядан жана Кытайдан сатып алып жатат деп айыптаган.

COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин Түндүк Корея чек араларын толук жаап, натыйжада соода жана башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр басаңдаган. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дипломатияны жандантууга даяр экенин бир нече жолу жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG