Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Эдил Байсалов: карантин киргизүүдөн пайда чыкпайт (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал өкмөт коронавирустун кезектеги толкуну тууралуу алдын ала билгенин, эмдөө жараянын күчтөткөнүн айтты. Бирок пандемияга байланыштуу карантин, чектөө киргизүүдөн майнап чыкпай турганын, вирустун "омикрон" түрү тарап кеткенин белгиледи.

"Министрлер кабинетинин позициясы так. Азыркы учурда мектептерди жабабызбы, экономикабызды жабабызбы, же карантин киргизебизби, мындан эч кандай пайда чыкпайт. Вирустун жаңы "омикрон" түрү келди, ал жайылды. Муну Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрликтери менен талкуулап алгоритмдерди өзгөрткөнгө туура келди. Эски алгоритимде бир жамаатта, же бир класста коронавирус жуккан бир учур катталса ошол класс же бөлүм толук карантинге жабылчу. Азыр болсо биз мындан эч кандай пайда чыкпайт деп жатабыз".


Өкмөт өкүлдөрү парламенттин 19-январдагы жыйынында коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку жагдай тууралуу маалымат берип жатат.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болуп, илдет дагы 870 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (627 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 192 миңден ашты, 2838 бейтап каза болду.

Оору жуктуруп алгандардын 57си медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

XS
SM
MD
LG