Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Депутат Жумабеков беткап тагынууну жайылтууну сунуштады


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков бийлик өкүлдөрүн эл арасында беткап тагынууну жайылтууга чакырды.

"Жакында Стамбулга барып келдим, 18 млн. калкы бар шаарда 90% беткап тагынып жүрөт. Бул пропаганда. Бүгүнкү күндө беткап тагынуу, антисептик колдонуу бизде токтогон. Мүмкүн ушул эреже сакталса оору тез өтүп кетеби деген ой", - деди Жумабеков.

Депутаттар Министрлер кабинетинин коронавируска байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматын угуп жатат.

Жыйында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда беткап тагынбаган адамдарга 500 долларга чейин айып пул салынарын айтты. Кыргызстанда 500 сом айып пул салуу сунушу болгонун, бирок калктын социалдык-экономикалык шартынан улам колдоо таппаганын билдирди.

Кыргызстанда өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталган. Өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы расмий кабарланган. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болуп, илдет 870 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (627 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 192 миңден ашты, 2838 бейтап каза болду. (МТа)

XS
SM
MD
LG