Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

"Үй-бүлөмдү да кысып жатышат". Укук коргоочу президентке кайрылды


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Караколдук укук коргоочу Камил Рузиев өзүнүн үстүнөн козголгон иш аягына чыкпай келе жатканына нааразылык билдирип, президентке, баш прокурорго жана акыйкатчыга кайрылууда. Ал өзүнө байланыштуу сот иши эки жылга жакын убакытта араң гана биринчи сот бутагында каралып бүткөнүн куугунтук катары эсептейт.

Караколдук укук коргоочу Камил Рузиев өзүнүн үстүнөн козголгон иш аягына чыкпай келе жатканына нааразылык билдирип, президентке, баш прокурорго жана акыйкатчыга кайрылууда. Ал өзүнө байланыштуу сот иши эки жылга жакын убакытта араң гана биринчи сот бутагында каралып бүткөнүн куугунтук деп эсептейт.

Ошондой эле аны өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деген пикирде. Каракол шаардык соту укук коргоочуга байланыштуу соттук териштирүү уланып жатканын билдирүүдө.

"Үй-бүлөмө чейин куугунтук болууда"

Караколдогу "Вентус" уюмун жетектеген укук коргоочу Камил Рузиев өзүнө карата куугунтук токтобой жатканын билдирүүдө. Ал куугунтуктун терс таасири эми үй-бүлө мүчөлөрүнө да тийип жатканын, жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу аны жубайы жана кызы менен чогуу каттоодон чыгарып салганын "Азаттыкка" билдирди:

"Мен бул үй-бүлөлүк борборуна күч кызматкерлеринен кыйноо көргөндө кайрылып, аларга көрүнүп, дарылангам. Кийин сурак болгондо аларды коркутса керек. Себеби, кийинчерээк бейтапканада мени дарылаган врач иштен бошонуп кетиптир. Азыр эми ошого шылтап, "ошол чыгарып салган" деп жатат. Башка себеби жок. Эми кызымдын медициналык документтерин таба албай калышты. Мен муну өзүмө жана үй-бүлөмө куугунтук деп эсептейм".

Укук коргоочу Камиль Рузиев сотто. (архив)
Укук коргоочу Камиль Рузиев сотто. (архив)


Укук коргоочу Камил Рузиев 2020-жылдын 29-майында "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалган. Эки күндөн кийин үй камагына алынган.

Кийинчерээк анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрда Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери алигүнчө аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт. Укук коргоочу милиция кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин бетин ачкандан кийин куугунтукка кабылганын айтты:

"2020-жылы сентябрдан бери азыркы күнгө чейин созулуп келет. Былтыр 4-августта өкүм чыкмак. Бирок бут тосуулар болуп, тергөөчү мени сотко катыштырбай, калп айтып, Ак-Сууга алып барган. Андан кийин башка бир судьяга берген экен, ал карабай койду. Азыр эми Түптөн башка судья которулуп келиптир, ошол карайт дешти. Эки жылдан бери биринчи инстанция бүтө элек".

Сот уланып жатат

Каракол шаардык сотунун канцелярия кызматы Камил Рузиевге байланыштуу соттук териштирүү уланып жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Ага ылайык, 2020-жылдын 18-сентябрында башталган соттук териштирүү бир нече жолу каралып, күбөлөр жана айыпталуучулар суралган. Ишти карап жаткан судья Урмат Суранчиевдин иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, былтыр сентябрда башка судьяга берилген.

Кийинчерээк ал жарандык иштерге бөлүнүп, Рузиевдин иши судья Жолбуновго берилген. Анын судьялыгы менен жакынкы соттук териштирүү 24-январга дайындалган.

Укук коргоочу эки жылга жакын убакыттан бери аягына чыкпай келе жаткан ишти өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтук катары эсептейт. Ал өзүнүн укугун коргоп берүү өтүнүчү менен буга чейин да мамлекет башчыга, баш прокурорго, Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Баш прокурор кабыл алууга макулдугун берип, бирок кийинчерээк убакыттын жоктугуна байланыштуу жолугушууну белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Акыйкатчы институту былтыр күзүндө укук коргоочу айыпталып жаткан экинчи берене "Документтерди жасалмалоо" боюнча атайын экспертиза жүргүзгөн. Натыйжада Камил Рузиев документ жасабаганы аныкталган. Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси, Камил Рузиевдин укугун коргоп келе жаткан Аскат Азарбеков иш уланарын "Азаттыкка" билдирди:

"Бизге Рузиев үй-бүлөсүнө чейин куугунтук болуп жатканын айтып жаңы эле кайрылды. Акыйкатчы институту анын жана жакындарынын Баш мыйзам менен корголгон жарандык укугун коргоп берүүгө даяр. Бул дискриминация".

Жыйырма жылдан бери укук коргоочу кыймылды жетектеп, күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келе жаткан Камил Рузиевдин укугу тууралуу сөз былтыркы жылдын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) да көтөрүлгөн.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан.

"Кыргыз бийлиги Рузиев боюнча соттук териштирүүнүн адилеттигин камсыз кылып, ал жана башка да укук коргоочулар кабылган ырайымсыз мамиле тууралуу билдирүүлөрдү кылдат иликтеши зарыл”, - деген БУУнун баяндамачысы.

Укугу кордолгон укук коргоочулар

Караколдогу "Вентус" уюмунун жетекчиси Камил Рузиев башкалардын укугун коргоп жүрүп, өз укугу бузулган алгачкы укук коргоочу эмес.

Июнь окуясы үчүн айыпталып, абакта жаткан кезинде оорудан каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаров да күч түзүмдөрүнүн кылмышын ачканы үчүн жалган жалаага кабылганын өмүрүнүн аягына чейин айтып өттү.

Европа Биримдиги, Human Rights Watch уюму жана эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, кайрылуу тараткан.

Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деген айып менен кармалып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Сотто "Аскаров улут аралык чатакты козутууга катышкан, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жана башка оор кылмыштарга күнөөлүү" деп табылган.

Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен Чүй облустук сотунда кайра каралып, бирок мурдагы өкүмдөр жокко чыккан эмес. Жогорку сот да укук коргоочуга карата чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырган. Аскаров көзү өткүчө өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Ал 2020-жылы абакта оорудан кайтыш болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG