Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Коронавирус жуктургандар арасында 6 айдан 14 жашка чейинки балдар бар


Айрым өлкөлөрдө коронавируска каршы балдарды эмдөө жүрүүдө.
Айрым өлкөлөрдө коронавируска каршы балдарды эмдөө жүрүүдө.

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин маалыматына караганда, соңку жумада дарыгерлерге кайрылгандардын саны үч эсеге көбөйдү.

“Өткөн жумаларда эле биздин ооруканага күнүнө 20-25 киши кайрылып аткан болсо, азыр 75-80ге чейин көбөйүп, алардын теңи ооруканада жатып дарыланууга өтүүдө. Коронавируска чалдыккандардын көбү орто курактан өйдө жашагандар, вакцина албагандар. Мындан сырткары кичине балдар да бар. Алардын эң кенжеси 6 айлык наристе”,- деди Гүлжигит Алиев.

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында 100дөн ашык медицина кызматкери иштеп жатат, алардын 20дан ашыгы дарыгерлер.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-январга карата вирус жуктургандардын саны 465ке чыкты. Бул акыркы бир нече айдагы эң чоң көрсөткүч.

Азыркы тапта эки миңден ашык киши дарыланууда. Алардын 523ү ооруканада, 1 514ү үйүндө жатат.

2020-жылдын март айынан бери ооруну жуктургандардын жалпы саны 186 878 болду. Вирустан бир суткада 97 киши айыкты. (KS)

XS
SM
MD
LG