“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстандын азиздер бирикмесинин төрагасы Калык Мамбетакунов болду. Ал кантип “Калык чекист” аткан конгону, коммунист болууга ким бут тоскону, Майрам Акаева менен болгону мамилеси, саясатчылар Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жөнүндө көз карашы жөнүндө кеп кылат.
- Калык Барктабасович, Аскар Акаев президент болуп турган маалда Калык Мамбетакуновдун ишинде көп ийгиликтер болду. Кыргызстандын саясий турмушунда өзүнүн сөзүн айтып турду, мындай ийгиликтердин себеби, сиз менен биринчи айым Майрам Дүйшөновнанын мамилесинин жакшы болгонунун негизинде деп айтышат? Сиздин пикир кандай?
- Ал 2000-жылдары эле. Ага чейин Майрам Дүйшөновна менен мамилем болгон жок болчу. 1998-99-жылдарда мен бийликке көп кат жаздым. Анан 2000-жылдын экинчи жарымында Майрам Акаева чакырып жатат деген кабар келди. “Эмне маселелериңиз болсо ошолорду алып алып, кыскача тезис кылып даярдап алыңыз" дешти. “Болгону 20 мүнөт убактыңыз бар» деп жардамчысы Жамила деген кыз айтты. Даярдап алып алып бардым. 20 мүнөттүн ордуна экөөөбүз бир жарым саат отурдук.
- Сиздин биринчи айымга айткан сунуштарыңыз өкмөт чече турган маселелер беле же жөн эле коомдук иштер беле?
-Бийлик чече турган иштер болчу...
- Анда эмне үчүн сиз өкмөткө барбай, Майрам Акаевага барып жатасыз?
- Мага билермандар: “Минтип жүрсөңүз жүрө бересиз, андан көрө эптеп жолун таап Акаевага кириңиз, көтөргөн маселелериңиз элдик иш болсо, ошол киши чечип берет. Баарын болбосо да 70-80%” деп билермандар айтышты. Иш жүзүндө көп маселелер чечилди. 2000-жылы телефон чалуу болду, алсам Майрам Дүйшеевна экен. Толкунданганымдан ордумдан тура калдым. Себеби ал кишинин ошондой сүрү бар болчу. Ошол кишинин күчү менен Ош шаарында көзү азиз балдар үчүн 110 кишилик мектеп-интернат ачканбыз. Ошол мезгилде Оштун мэри, облустук бийлик, билим берүү өкүлчүлүгүнүн, эч кимдин кызыкчылыгы болгон эмес. Мен ошол мектепти ачам деп тогуз жыл чуркадым. Майрам Акаевага маселе чечип жаткандыгы үчүн баргам.
-Акаевден кийин бийликте Бакиев турду. Сиз ал кишиге дагы кирип, маселелерди коюп, чечип келген экенсиз. Ошол учурда президенттин атынан тапшырма берип, кагазга жазып алып келип Курманбек Салиевичке сунган экенсиз. Ушундай иш болгонбу?
- Ал кездеги кадамдарын жаштыгым, курчтугум, анан чечилбеген маселелердин көптүгүнөн болгон иш деп ойлойм. 2006-жылы 19-январда Бакиевге кирдим. Негизги маселе майыптарга жумуш берүү, билим берүү, турак жай маселеси болчу. Кирээрде кат жазып алдым атайын. Кандай кылсам деп ойлонуп отуруп президенттин атынан Бишкек шаарынын мэрине визасын кошо жаздым. “Нормативге тууралап, үй салганга орун бергиле, ал жер ооруканасы, мектеби бар жер болсун” деп, аягына" Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев Салиевич” деп койдум. Каржы министрине дагы жаздым. “Керектүү сумманы бөлүп бергиле” деп. Мамлекеттик курулуш жетекчилигине “тендерди өзүңөр өткөзгүлө, үй даяр болгондо ачкычты бергиле” деген сыяктуу каттарды жазып алып бардым. Өзүм коркуп отурам. Айткандан кийин эле "жөндүү маселе экен, катыңыз барбы" деди. Каттарды алып чыгып бердим. Адегенде түшүнбөй окуп туруп, "менин чечимимди өзүңүз эле жазып койгон турбайсызбы" деп каткырып күлдү. "Баарына тең сиздин көзүңүзчө кол коём" деп койду. Ошонун аркасы менен майыптар үчүн 225 батирлүү үй салынды.
-Биринчи, экинчи президент менен жакшы мамиледе болуп аларга кеңешчи болгон экенсиз. Үчүнчү президент Роза Отунбаева менен дагы мамиле түзүп, маселе чечтиңизби?
- Роза Отунбаева менен АКШда Кыргызстандын элчиси болуп иштеп турганда кезигип, сүйлөшкөнбүз. 2010-жылы 19-октябрда дудуктар иштеген №3 ишканага президент Роза Исаковна келет экен деп кабар беришти. Түн ортосуна чейин ишкананы даярдадык. Чакан эле коштоочулары менен келди. Ал жерди бир сыйра көрүп чыкты. Ошол учурда биздин жумушчулар эшик, терезе сыяктуу жабдууларын ошол жерде жасап жатышкан. Ал эшик, терезелерден бир бөлүгү калып калган экен. “Бул эмне эшиктер?” деп сурады. “Ошко, Бишкекке, Жалал-Абадга үйлөр салынса болот эле, бүтүрө албай жатабыз” десем. Каржы министрлиги Чоро деген кишини чакырып, үчөөбүз сүйлөштүк. Биздин маселени кайра айтып, “ушуга бир чарасын табалы” деп Роза Исаковна айтты. 2010-жылы октябрда убактылуу өкмөттүн Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичирайонунда, Ошто “Анар” кичи районунда, Бишкек шаарында “Көк-Жар кичирайонунда "үй салынсын” деген токтом чыкты.
- Бирок, төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Калык Барктабасовичтин айланасында ызы-чуу окуялар болду, талаш батирлер жөнүндө сөз болду. Ошол окуяда депутат Бекешевдин, администрация башчысы Фарид Ниязовдун аты аталды. Эмне себептен мындай чиеленген маселе пайда болду?
- 2010-жылы Дастан Бекешевди “Ар-намыс” партиясынын жетекчилигине Феликс Кулов, Акылбек Жапаровго кадырымды салып жатып партиянын тизмесине киргизгем. 27 жаштагы баланы ким таанымак эле, кылган эмгеги деле жок болчу, ушул бала депутат болуп жардам берет деп өзү менен дагы сүйлөшкөнбүз. “Сен өтүп калсаң мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам бересиң" деп сүйлөшкөнбүз. Анан эле башталды...