Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Кремл НАТО - Орусия кеңешин өткөрүү сунушун кабыл алды


НАТО уюмунун эн белгиси.
НАТО уюмунун эн белгиси.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО - Орусия кеңешинин жыйынын январь айында өткөрүүнү сунуштаганын ырастады.

Бирок Кремл ага катышаар-катышпасын азырынча чече элек.

"Биз муну караштырып жатабыз", - деп билдирди 27-декабрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ошол эле кезде орусиялык ТАСС маалымат агенттиги бул жолугушуунун форматы жана делегациянын курамы талкууланып жатканын Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушкого таянып билдирди.

"Франс-Пресс" агенттиги НАТОнун өкүлүнө шилтеме жасап, Альянс коопсуздук максатында Кремл менен байланышка чыкканын ырастады:

"Биз Орусия менен байланыштабыз", - деди атын атабоону суранган уюмдун өкүлү.

НАТО - Орусия кеңеши 2002-жылы түзүлгөн. Бирок учурда Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер менен украин өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы жаңжалдан улам байланыш үзүлүп, иштебей келген. Эгер жолугушуу Столтенберг сунуштагандай, келерики жылы 12-январда өтсө, бул кеңештин эки жарым жылдан бери биринчи жыйыны болот.

Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг 26-январда НАТО - Орусия кеңешинин 2022-жылдын январь айынын ортосуна пландаштырууну сунуштады. Бул тууралуу Германиянын DPA агенттиги уюмдун басма сөз кызматына таянып маалымдады.

Мындай форматтагы сүйлөшүүлөр соңку ирет 2019-жылдын июль айында болгон. Андан кийин жолугушуу аракеттеринин бардыгы ийгиликсиз аяктаган.

Үстүбүздөгү жылы октябрда Орусия Альянстагы миссиясын жана НАТОнун Москвадагы маалымат кеңсесинин ишмердигин токтоткон.

XS
SM
MD
LG