Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

НАТО Орусияга коопсуздук кепилдиги боюнча жолугушууну сунуштады


НАТО менен Орусиянын желеги
НАТО менен Орусиянын желеги

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Альянстын кеңешинин Орусия менен жыйынын январдын ортосуна пландаштырууну сунуштады. Бул соңку 2,5 жылдагы биринчи жолугушуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Германиянын dpa агенттиги эл аралык уюмдун басма сөз кызматынын айтканына таянып билдирди. Жума күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифингде жолугушууга чакыруу жөнүндө билдирген.

Мындай форматтагы сүйлөшүүлөр акыркы жолу 2019-жылдын июль айында болгон. Немис агенттиги андан кийин мындай жолугушууну өткөрүүгө болгон бардык аракеттер ишке ашпаганын белгилейт. Орусия октябрь айында НАТОдогу миссиясын токтотуп, уюмдун Москвадагы эки кеңсесин жапкан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ошол эле айда Орусия уюм менен мамилени жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ишенбей турганын билдирген.

Буга чейин Орусия АКШга жана НАТОго "коопсуздук кепилдигинин" өз вариантын сунуш кылган. Ал келишимдин долбоорунда Түндүк атлантикалык аскердик альянс өз курамына "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай, чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган.

Путин 23-декабрдагы маалымат жыйынында эгер Батыш өлкөлөрү Орусиянын босогосуна жакындап келе турган болсо, Москва чара көрө турганын билдирген.

АКШдагы жана НАТОго кирген башка өлкөлөрдөгү айрым расмий жетекчилер Орусиянын айрым талаптарын аткаруу мүмкүн эместигин, алар Батыштын баалуулуктарына каршы келерин айтышкан. Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү бул маселе боюнча Москва менен январь айында сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков өз кезегинде, эгер ал жерде коопсуздук кепилдиги талкууланбаса, Орусия саммитке катышпай турганын билдирди.

Соңку бир канча жумадан бери АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин эскертип келди. Кремл муну четке кагып келет. 25-декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын аймакта "машыгууларды өткөргөн" 10 миңдей аскер артка кайтарылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG