Түрк лирасынын куну жыл башынан бери 45% төмөндөп, учурда өлкөдө экономикалык таңкыстык байкалууда. Бара-бара бул көрүнүш түркиялыктардын чөнтөгүнө да кедергисин тийгизе баштады. Ал эми оппозициячыл партиянын тарапташтары президент Эрдогандын отставкасын талап кылып чыгышты.
Быйыл сентябрь айынан бери Түркиянын Борбордук банкы инфляциянын дээрлик 20% жогорулашына карабастан карыз алуу чыгымдарын 4% көрсөткүчкө кыскартты. Деген менен 19 жылдан бери бийликте турган президент Режеп Тайып Эрдоган валюта кризисине анча маани бербегендей, өз сөзүндө "Экономикалык согушту" улантууга чечкиндүү кадамдарды жасап жатканын белгиледи.
Эсептик чендин төмөндөшү банктын көз карандысыздыгына шек саноолорду жаратып, өлкөнүн адаттан тышкаркы кредит саясаты түрк активдерин демпинг кылып жаткан чет өлкөлүк инвесторлорду чочуткандай таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары түрк жарандары да асмандап бараткан инфляциядан сактануу үчүн колундагы байлыгын чет элдик валютага жана алтынга алмаштырууга дилгир.
Натыйжада, түрк лирасы акыркы эки жылдан бери долларга карата кунун жоготуп, соңку бир айда 1999-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчкө түштү.
Эмне себептен түрк лирасынын куну качты?
Серепчилердин айтымында, Түркиянын пайыздык чендерди төмөн кармап, атаандаштыкка ыңгайлуу валюта курстары менен экспорт потенциалын камсыз кылуу саясаты бул көрүнүшкө бирден бир себепкер болгон.
Түркиялык экономисттер инфляциянын өсүшүн пайыздык чендерди жогорулатуу менен гана жөнгө салууга болорун айтып келишет. Деген менен ноябрда инфляция 22% түзүп, лиранын куну кескин түшүп кетти. 10 жыл мурун бир доллардын наркы эки лира болсо, азыр дээрлик 14 лирага жетти.
Акыркы эки жылда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Борбордук банктын үч президентин алмаштырды. 2-декабрда өлкөнүн казына жана каржы министри Лүтфи Элван кызматтан кетип, анын ордуна Нуреттин Небати дайындалды.
Элвандын "Тилекке каршы, инфляцияны каалаган деңгээлде кармай алган жокпуз, биз максат кылган өсүштүн негизги шарты баа ырааттуулугу" деген сөзүнөн кийин түрк бийлиги менен пикири келишпей, кызматтан кол жууганы айтылууда.
Түркияда товар өндүрүүдө сырьё дээрлик импорттон көз каранды болгондуктан, доллардын көтөрүлүшү баалардын өсүшүнө да тасирин тийгизүүдө. Муну түрк ашканасынын эң негизги жашылчасы - помидор менен түшүндүрүүгө болот.
Помидор өстүрүү үчүн дыйкандар өндүрүлгөн товарды ташуу үчүн сырттан келген жер семирткич жана күйүүчү май сатып алышы керек. Анталья соода биржасынын маалыматына караганда, помидордун баасы быйыл август айында 76% өстү.
Доллардын кымбатташы жер-жемиш гана эмес азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр, жол кире жана күнүмдүк керектелчү товарга да таасирин тийгизип жатат. Стамбул шаарында дүңүнөн телефон алып саткан ишкер Ведат Өзтүрк валюта базарындагы туруксуз абалдан улам чыгаша көп болуп жатканын айтат.
"Биз мобилдик телефондорду чет өлкөдөн доллар менен алгандыктан баасы күн сайын өсүп жатат. Алгандарыбызды сата албай убарабыз. Жаңы телефон алганга элдин акчасы жок. Азыр мага окшоп соодасы болбой жаткан миңдеген ишкер бар", - деди Өзтүрк.
Жергиликтүүлөр күн сайын баалардын өсүшүн өз ара талкуулаганы менен, эң олуттуу сындар социалдык тармактарда айтылууда. Zam günlüğü деп аталган Twitter баракчасы Түркиянын ири азык-түлүк дүкөндөрүндөгү бааларды анализдейт. Анда күнүмдүк керектелчү товарлардын кеминде 30-40% көтөрүлгөнүн байкаса болот.
Ал эми өткөн аптада расмий Анкара 50 миң жаңы жумуш ордун түзө турган программаларды даярдап жатканын жана минималдык айлык акынын жогорулашы күтүлүп жатканын билдирген.
"Сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткен жарандарды тынчтандыруу үчүн ырааттуу чараларды көрүүгө даярданып жатабыз", - деди Эрдоган элге кайрылып жатып.
Ошол эле учурда Түркия экспортчулар ассамблеясынын 5-декабрда Түркиянын экспорту 2021-жылдын январь-ноябрь айларында өткөн жылга салыштырмалуу 33,8% өсүп 203 миллиард 141 миллион 161 миң долларга жеткенин маалымдады.
Эрдоганга нааразычылык
Өткөн айдын аягында полиция Стамбулда жана Түркиянын башка бир катар ири шаарларында баалардын кымбатташына каршы чыккан митингчилерди кармаганы кабарланган. Анда ондогон адамдар камакка алынган.
4-декабрда Түркиянын Мерсин шаарында оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын (CHP) митинги өттү. Партия жетекчиси Кемал Кылычдароглу сөз сүйлөгөн бул жыйынга 21 миң киши катышканы кабарланды. Оппозициячыл саясатчы өлкөдөгү экономикалык таңкыстыкка бийликтеги Ак партия күнөөлүү экенин баса белгилеп, мунун чарасы мөөнөтүнөн мурда шайлоо экенин айтты. Ошондой эле, митингге чыккандар Түркияда акыркы бир нече айдан бери түрк лирасынын куну түшкөнүнө жана экономикалык кризиске бийликти күнөөлөп, президент Режеп Тайып Эрдоган жана өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып чыгышты.
Эрдоган жекшембиде эл менен жолугушууда өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан сөз кылып "элибиз менен демократия үчүн күрөшүп жатканыбызды, экономика жана цивилизация үчүн болгон күрөшүбүздү бир күнү баары түшүнөт. Алдыдагы апталарда ар башка аймактарда жана ар түрдүү темалар менен демократия боюнча баяндамаларыбызды улантабыз" деп билдирди.
Ак партия бийликке келгенде алгачкы жылдары өлкөнүн өнүккөн экономикасы менен бир нече шайлоолордо жеңишке жетишкен. Соңку жылдары базардагы баалардын кескин көтөрүлүшү анын беделине көлөкө түшүрдү. Сурамжылоолор Эрдоган башында турган бийликтин экономикалык саясатына каршы чыккандар, атүгүл жактоочуларынын да нааразычылыгы күч алып баратканын көрсөтүп жатат.
Коомдук пикирди сурамжылаган Metropoll борборунун маалыматына ылайык, ноябрда президент Режеп Тайып Эрдогандын иштөө ыкмасын жактыргандардын саны 39,3%, жактырбагандардын саны 54,5% деп эсептелген. Эрдогандын Ак партиясына жана анын өнөктөштөрүнө каршы блок түзгөн оппозициячыл партиялардын альянсы популярдуулукка ээ болууда. Оппозициялык коалициянын мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып, Эрдоганды экономиканы туура эмес башкарганы үчүн “чыккынчылыкка” айыптап келишет.