Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

"Бир дүйнө Кыргызстан" реформаларды талкуулаган диалог уюштурат


Бишкекте реформаларды алдыга жылдырууда бийликтин, бизнестин жана жарандык коомдун кызматташтыгын талкуулаган иш-чара өтөт. Жалпы улуттук диалог форматында 15-ноябрда өтө турган жыйынга бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттардын 100гө жакын лидери катышарын “Азаттык” радиосуна диалогдун уюштуруучусу – “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму билдирди. Негизги көңүл экологиялык жана социалдык-экономикалык кырсыктардын жаңы факторлоруна каршы күрөшүү маселелерине бөлүнөт.

Коомдук коопсуздук, гендердик теңчилик, аялдардын саясий процесстерге катышуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, медициналык жана социалдык камсыздоону жакшыртуу, жарандык коомдун жамааттык жана глобалдык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга катышуусун камсыз кылуу маселелери талкууланат.

Жыйындын жыйынтыгында резолюция жана реформаларды илгерилетүү боюнча 2022-жылга карата иш-чаралардын биргелешкен планы кабыл алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG