Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Жанын кыйган жигит, депрессияга түшкөн коом


Жанын кыйган жигиттин жакындары ӨКМге нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:24 0:00

Жанын кыйган жигиттин жакындары ӨКМге нааразы

Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттан боюн таштап каза болгон 22 жаштагы жигиттин жакындары суициддин алдын алууга тийиштүү чара көргөн эмес деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) айыптап жатышат.

Каргашалуу окуяга күбө болгон эжесинин дооматы

“Мени чыгарсаңар болот эле, үнүмдү угузайынчы дегиче менин көз алдымда үстүнкү кабаттан учуп кетти. Чуркап барып эле карай калсам жерде жатыптыр", - деп каргашалуу окуяны айтып берип жаткан маркумдун эжеси Кундуз Бердишова. Ал жанын кыйган иниси менен ошол учурда сүйлөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенине нааразы. Кундуз "куткарууга тийиштүү чара көргөн эмес" деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин айыптоодо.

Кундуз Бердишова
Кундуз Бердишова

“Аларга ар кандай кырдаалда эмне жардам беришти үйрөтөт. Анан “секиреби же секирбейби” деп божомолдоп отуруштун кереги жок. Секирбесе дагы чара көрүш керек болчу. Ал жерде форма кийип эмне кылып жүрүшөт? Чара колдонуш керек болчу, "беш-алты саат" деп отура бербей. “Ошол жердеги төрөт үйдөн төшөк алып келе албадыңарбы?” дедим. Балким өлбөйт беле же... Бир кудай билет, бүгүн бар, эртең жок”, - деди эжеси.

Маркум бой таштаган имарат.
Маркум бой таштаган имарат.

Бишкектин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши тараптагы курулуштун үстүндө бир нече саат бою туруп, боюн таштап каза болгон баланын окуясы социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Айрымдар 4-5 саат куткаруучулар жаш жигитти суицидден сактап калуу чараларын көргөн эмес жана бийик имараттын алдына батут сыяктуу куткаруу жабдыктарын койгон эмес деп сындап жатышат.

Интернет колдонуучу Жыргалбек Бердибеков "Фейсбуктагы" баракчасына мындай билдирүү калтырды.

"Төрт саат сүйлөшүп, куткарганга мүмкүн болбоптур. Жерден деле баллон тосуп, сактап калса болот беле?".

Коомчулуктун сынына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу Башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев жооп берди. Анын билдирүүсүн мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Ырыспек Жолдошбаев
Ырыспек Жолдошбаев

“Социалдык тармактарда "батуттарды орнотуп койсо болот эле" дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары, ар кандай жагдайлар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде алты куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”.


Ошондой эле Жолдошбаев эреже боюнча бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырларды сегиз метрден ашык колдонууга болбой турганын кошумчалады. Учурда окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат.

Суицидге эмне себеп болгон?

Азырынча Мунарбек Ташкуловдун өз жанынын кыйганынын себеби белгисиз. Эжеси Кундуз Бердишова ар дайым шайыр жүргөн иниси эмне себептен мындай кадамга барганын түшүнбөй, кабыргасы кайышып турат.

“Мен айта албайм. Эми аны бир Мунарбек, анан кудай билет. Кыздын айынан болду деп жатышат. Кызды деле чыгарышыптыр. Эмне болгонун билбейм.

Ал эми маркум менен чогуу жашап жүргөн досу Арген Кудайбердиев буларды айтып берди.

Арген Кудайбердиев.
Арген Кудайбердиев.

“Мындай нерсе болорун эч байкаган эмесмин. Ою дагы жок болчу, эртең менен сонун маанайда кеткенбиз. Видеодо өзүңөр көрүп тургандай "кызды алып келгиле" дептир. Эми ал анын талабы. Сүйгөн кызынын сүрөтүн телефондон бир жолу көргөм. Мындай-тигиндей болуп жатат дегенин уккан эмесмин. Эмне түркү болгонун билбейм. Балким ортодогу мамиле”, - деди Кудайбердиев.

Коом депрессияда

Жарандык активист Умай Арыкова бул окуяда кайсы бир тарапты так кесе күнөөлөөгө болбойт деген пикирин билдирди. Анын айтымында, окуядан мамлекеттик органдар сабак алып, суицид абалындагы адамдарга жардам көрсөтүү чараларын ойлонушу керек.

“Мындай учурда милиция же ӨКМ жооптуу болушу керекпи, так жазылышы керек. Кандай адистер даярдалышы керек экени аныкталышы зарыл. Балким психологдор милиция, куткаруучуларды окутуп турушу керек. Мындай учурга даяр эмес кызматкерлерди күнөөлөй бергенден пайда чыкпайт. Адамдарды бийиктиктен батут сактай албайт. Мындан сырткары курулуш компаниялардын жоопкерчилиги бар. Техника коопсуздугу боюнча ал жерге эч ким кирбеши керек. Тегереги тосулуп турушу зарыл. Айрым сезимтал адамдар күз мезгилинде ар кандай абалга туш болуп, аны оор көтөрүшөт. Өлкөдөгү крисиз дагы таасир этүүдө. Коомдо депрессия бар. Мамлекет жок дегенде адамдарды арызын уккан акысыз телефон номурларды ачса жакшы болмок”, - деди жарандык активист.


Маркум Мунарбек Ташкулов 22 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан. Бош убактысында такси кызматында иштеп жүргөн. Жакындары маркумдун сөөгүн өзү туулуп-өскөн Чаткал районуна алып кеткени жатышат.

Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG