10-сентябрь суицидге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Дүйнөдөгү ар бир жүзүнчү өлүм өз жанын кыюу менен ишке ашат. Кыргызстанда аймактарга бөлүп келгенде Ысык-Көлдө өз жанын кыйгандардын саны көп, экинчи орунда Чүй, анан Нарын облусу турат.
Дүйнөдө ар бир 40 секундда бирден адам өз жанын кыят. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам жашоодон аша кечкенин эсептеп, жылына суицидден ВИЧ, безгек, эмчек рагы же болбосо согуштан да көп адам көз жумарын маалымдады. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнүн адистер айтышууда. Бул психологиялык оор чечимдин кантип алдын алса болот? Алдыда ушул суроого жооп издейбиз.
Апасынан тил уккандан кийин асынып калган
Көңүл буруңуз! Макалада суицид кенен сүрөттөлгөн учурлар камтылганын эскертебиз!
12 жаштагы Гүлзада (каармандардын аты өзгөртүлдү) Бишкектеги гимназиялардын биринде 6-классты аяктап жаткан. 24-майда ал окуу китептерин өткөрүп, классташтары менен сейилдеп үйүнө бир-эки саатка кеч келген. Апасы буга ачууланып, кызын тилдеп, колу да тийген.
Мунун баарына алардын жанында батирде жашаган Элеонора күбө болгон. Ал кызга апасынын, өгөй атасынын, ал тургай таекесинин да колу тийип жүргөнүн байкачу.
Гүлзада коңшусу Элеонорага кээде ыйлап, арманын айтып турган. Анткен менен апасынын жемесине таарынган Гүлзаданын өмүр менен кош айтышары Элеоноранын оюна да келген эмес.
"Аябай жакшы кыз болчу, сулуу, акылы жетик... Айтор өзү теңдүүлөрдөн айырмаланып турчу. Мектепте жакшы окучу. Бирок өгөй атасы, апасы, ал тургай таекесинен жеме укканына боорум ооручу. Көңүлүн көтөрөйүн деп кээде тыйын-тыпыр берип койчумун. Ошол күнү апасы аны тилдеп, сабап туруп бир жакка кетип калды. Сыртка чыксам Гүлзада ыйлап, даараткана жакка баратыптыр. Кучактап "апалар бизди жаман болсун дебейт, апаңа таарынба, баары жакшы болот" деп жубатып койгом. Жумушка барып, жаңы эле отурсам, таекеси мага чалып, үй ээн, эшик, дарбаза ачык турганын айтып калды. Ошондо жүрөгүм шуу дей түштү. Ары жактагы сарай, даараткананы бир карап чыгышын өтүндүм. Бир мүнөткө жетпей кайра чалып, Гүлзада асынып алганын айтты. Бардык ишимди таштап үйгө чуркадым. Келсем кыз жерде жатыптыр, мойнунда жип... Апасы да жетип келди, аркасынан милиция, сотмедэкспертиза келип, кыйсыпыр түшүп калдык. Байкуш кыз 12 жашында эле ошентип кетип калды".
Элеоноранын айтымында, Гүлзаданын өлүмү расмий документтерде суицид катары катталып, бирок аны өз жанын кыюуга жеткирген жакындарынын жоопкерчилиги каралган эмес.
"Баланын жан дүйнөсү өтө назик"
Психиатр, психологдор Кыргызстанда акыркы мезгилде жашоодон аша кечкендердин көпчүлүгү өспүрүм курактагылар экенин айтышууда.
Акыйкатчы институтунун 2016-жылдагы отчетунда 95 өспүрүм өз жанын кыйып, анын 40ы ата-энеси менен чыр-чатактан кийин, жетөө ата-энеси алыста болгондуктан, төртөө оорусуна байланыштуу, экөө материалдык кыйынчылыктан улам суицидге барганы аныкталса, 23ү эмнеден улам жашоо менен кош айтышканы билинбей калган.
Жыл сайын орто эсеп менен 18ге чыга элек жүздөй улан-кыз суицидге барууда. 2020-жылы дүйнөдө коронавирус пандемиясы өкүм сүрүп, өлкө карантинге жабылган алгачкы март, апрель айларында эле ондогон өспүрүмдөр өз жанын кыйган. Пандемия, карантин жана андан кийин келген оор экономикалык, социалдык жагдай Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө өз жанынан аша кечкендердин санын көбөйттү.
Республикалык психикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун башкы дарыгери Кубанычбек Эрмегалиев суициддин себептерин мындайча санады.
"Акыркы мезгилде мындай кадамга баргандардын көбү өспүрүмдөр. Себеби, алардын психикасы жетиле элек, сырттагы оор көйгөйлөргө реакциясы курч, эмоционалдык жактан жетиле элек болгондуктан, көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу катары суицидди көрүшөт. Үйдөн, мектептен, окуу жайдан, балким иштесе ишинен кыйналган маалда, кимдир бирөө менен тил табыша албай калса, өзүнө кол салат. Бирок өспүрүмдөрдүн көбү айланасындагыларды коркутуп коюу үчүн эле ушундайга барат. Алар суициддик аракеттин аягы өлүм менен бүтөрүн көп учурда ойлошпойт. Бирөө куткарып калат, мага боору ооруйт, көңүл бурат деген таризде өзүнө кол салат. Адатта жип көтөрө чуркайт же дары ичет. Бизге ушундай абалда келгендер көп болууда. Алардын психикалык, неврологиялык абалы туруктуу эмес".
Адистер суицидди психологиялык көрүнүш дешет, аны терең түшүнүү үчүн адамдын ички дүйнөсүн толук аңдоо зарыл.
Адатта 13 жаштан тарта адамда бул жашоонун маани-маңызы, өлүм, өмүр сыяктуу түшүнүктөр кызыктыра баштайт. Өз жанын кыйгандардын дээрлик 80-85% турмушта ийгиликтүү, психологиялык жактан жабыр тартпаган адамдар болот.
Психоаналитиктер суицидге баргандардын баары эле стресс болуп, депрессияда жүргөн деп айтуу туура эмес дешет.
Зомбулуктан кутулуунун бир жолу
Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял өз жанын кыйганы маалым. Алардын өлүмүнүн артында үй-бүлөлүк зомбулук турганын жакындары айтканы менен көп учурда суицид катары катталууда.
Жалал-Абад облусунда 23-апрелде Күнсулуу Эшботоеванын сөөгү үйүнүн короосунда асынган абалда табылган. 24 жаштагы беш балалуу келиндин өлүмүн кайын-журту, күйөөсү "суицид" дегени менен ата-энеси, жакындары Күнсулуунун өз жанын кыйганына ишенбей, күч органдарына кайрылган.
Маркумдун энеси Дамира Жолдошева тун кызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун айткан.
"Кызым 16 жашында, 2013-жылы турмушка чыкты. Сегиз жыл ичинде беш балалуу болушту. Буга чейин деле күйөө бала кол көтөрчү, кызым таарынып, үйгө келген учурлар болгон. Акыркы жолу өлөрүнө үч күн калганда сүйлөшкөнбүз. "Баары жакшы" деп жаткан. Жолдошум экөөбүз малга карап адырдагы сарайга көчүп кеткенбиз. Кызым менден "Апа, үйгө качан келесиз?" деп сураган. Мен да маани бербей, "Билбейм, эми эле көчүп келдик. Мал-жанды карайлы", - деп жооп бергем. Андан кийин деле телефон чалып сүйлөшүп жаттык. Өлгөн күнү видео аркылуу чалсам, интернети өчүк экен. Балдарга алаксып, жумуш кылып жаткан го деп, кайра чалган жокмун. Анан эле ушинтип жер муштап калдым. Эмне болуп өлгөнүн сурасам, эч ким айтпайт. Милиция кызматкерлери келгенде гана асынып алганын укпадымбы. Кызымдын өлүмү дагы деле табышмак".
2021-жылдын январь айында Ысык-Көлдө да эки келиндин өлүмү суицид катары каралып, алардын үй-бүлө зомбулугуна кабылып жүргөнү айтылган.
Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарига Асилбекова күйөөсү, кайындарынан запкы тарткан келиндердин дээрлик баары өзүнө кол салууга аракет кыларын, тилекке каршы зомбулук курмандыктарынын арасында суициддин алдын алуу иштери таптакыр жүрбөй жатканын белгиледи.
"Тилекке каршы бизде өз жанын кыюунун алдын алууга багытталган эч кандай иш чаралар жүрбөйт. Качан гана зомбулуктун курмандыгы суицидге баргандан кийин гана кыйкырып-кыйкырып кала беребиз. Зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар көп учурда өз көйгөйү менен өзү жалгыз калат. Ата-энесине, жакындарына айтса "ушундай боло берет, аял чыдаш керек" дегендей жооп алышат. Өткөн жумада эле биздин борборго беш балалуу келин түштү. Ал ооруканага эстен тангыча сабалгандан кийин жеткирилген экен. Күйөөсү болбогон эле нерсе үчүн өлөрчө сабап коюптур. Эми жашоого тоюп "ушундан көрө өлүп калайын" деген сөздөрдү айтууда. Зомбулуктун курмандыктарын суициддик ойлордон алып чыгуу биз үчүн өтө кыйын. Күчтүү психологдор иштеши керек. Аялдардын өзүн сактоого, өмүрүнө кол салбоого билими, кырдаалды баалай билген психологиялык саламаттыгы жетишсиз. Зомбулуктун курмандыгы болгон аялдын азыркы тапта эң акыркы айласы бул жашоодон кетүү болуп калууда".
Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, Кыргызстанда 2008-2018 - жылдары 10 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 1080 суицид фактысы катталган.
2013-жылы суицид көп катталган, анда 125 өспүрүм өз жанын кыйган.
Суицидге барууну көздөгөн адамдагы белгилер
- Өзүн өлтүрүү тууралуу коркутуулар;
- Өзүн жек көрүү сезими;
- Үмүтсүздүк белгиси, келечекке ишенбөө;
- Жалгыздык сезими;
- Агрессия, ачуусу бат келүү;
- Өмүргө коркунуч келтире турган заттарды сактоо (пестициддер, курал-жарак ж.б.);
- Жакшы көргөн буюмдарын ар кимге таркатуу;
- Өз жаназасы тууралуу сүйлөө;
- Өзүн кескилөө, ден соолугуна зыян келтирүү;
- Өлүм тууралуу көп айтуу;
- Маанайынын кескин өзгөрүшү;
- Өзүн башкаларга жүк болуп жатам деп күнөөлүү сезиши.
Алдын алуу жана суициддин белгилери
Дүйнөлүк демографиялык порталда Кыргызстандын калкы 9-сентябрга карата 6 млн. 648 166 адам деп көрсөтүлгөн. Өлкөдө ар бир төрт мүнөт сайын бирден бала төрөлөт. 14 мүнөт сайын бирден киши каза болуп, 69 мүнөт сайын бир жаран миграцияга чыгып кетет. Ошондо бир күндө 410 бала төрөлүп, 106 киши каза болуп, 21 киши миграцияга кетет. Ал эми суициддин статистикасы ар бир 100 миң адамга 7% туура келет.
Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда турат, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан келет. Ал эми Орусия дүйнөдөгү суицид рейтингинде алдыңкы беш өлкөнүн катарында. Кантип бул оор чечимдин алдын алса болот?
Психолог Илдар Акбутин бул суроого мындайча жооп берди.
"Суицид - адамдын жардам сурагандагы үнсүз кыйкырыгы. Адам кыйынчылыктын акыркы чегине жеткенде гана жашоодон аша кечет. Адам же өзүнө кол салууну көздөгөн өспүрүмдүн жүрүм-туруму суицидге чейин эле өзгөрүп калат. Өлүм тууралуу көп сүйлөп, кара кийинип, өзүн өлтүргөндөр тууралуу кино тасмаларды же анимацияларды көрө баштайт. Интернеттеги ошондой сайттарды, форумдарды издейт. Ошол маалда анын айланасындагылар, балким ата-энеси аны кагып-силкип, урушпай мамиле жасаганы дурус. Адатта балага эң жакын адам эне эмеспи, эне баласынын менталдык саламаттыгына өтө кылдат карашы керек. Кандайдыр бир өзгөрүү болсо аны анализдеп, баланы урушпай, анын сөзү, көз карашы менен эсептешкенди билиши зарыл. Чоң кишилер менен деле ушундай, баарлашуу, адамдын абалын түшүнүү жолу менен гана ага акыл үйрөтпөй, өзүнө кол салуунун зыян экенин түшүндүрсө болот".
15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар арасында жол кырсыгы менен суицидден каза болгондор басымдуу. Дүйнөдөгү ар бир 100 өлүмдүн бирөө өзүнө салгандыкы. Адистердин айтымында, Кыргызстанда жанын кыйгандардын 22% ашууну асынып, 17% дары-дармек, уу заттарды ичип, калганы тамырын кыйып, сууга чөгүп, бийиктиктен секирип, өзүнө өрт коюп же атынып каза болушууда.
Ар бир бешинчи адам суицидге баруу алдында анын себебин түшүндүргөн кат таштап кетет. Анда жакындарынан кечирим сурап, жашоодон чарчап, тажаганын, эч кимге кереги жок экенин, өзүн өтө күнөөлүү сезерин, ушакка уукканын, эч кимден колдоо таппаганын, сүйүүдөн, турмуштан көңүлү калганын же карызын төлөй албай жатканын жазышат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жалпыга маалымдоо каражаттарында суицидди чагылдыруунун этикалык, психологиялык бир катар талаптары бар экенин эскертүүдө. Маселен, кайсы бир атактуу адамдын өлүмүн ийне-жибине чейин сүрөттөө эмоционалдык жактан кыйналып турган адамга бир топ оор тиерин эскертип, аны тууроого баргандардын саны артат.
Уюмдун баш катчысы Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө коомчулугуна суицидди азайтуу тууралуу мындай кайрылуу жасаган.
"Ар бир 40 секунд сайын бирден киши суицидге барып жатат. Ар бир өлүм - чоң трагедия. Суицид дүйнөдөгү бардык адамдардын, кары-жашына карабайт. Жаныңардагы адамга моралдык колдооңорду аябагыла. Жашоонун баалуу экенин айтып бергиле. Айрыкча коронавирус маалында өз жанын кыйгандар өтө көбөйдү. Каржылык кыйынчылык, жумушсуздук, социалдык изоляция адамдардын жашоодон кечип кетишине себеп болду. Айтарым, жашоодон эч качан үмүт үзбөгүлө."
2003-жылдан бери дүйнөлүк суициддин алдын алуу биримдиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 10-сентябрды суициддин алдын алуунун эл аралык күнү катары белгилеп келет. 2011-жылы 40 өлкө бул демилгени колдоп чыккан. Эл аралык байкоолорго ылайык жарандары өз жанын көп кыйган өлкөлөрдүн сап башында Орусия, Казакстан, Жапония, Кытай, АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөр турат. Ошондой эле экономикасы өнүгүп келе жаткан Индияда да суициддин деңгээли жогору.
2016-жылы Кыргызстандын Акыйкатчы институту "суициддин алдын алуу чараларын өлкөдө күчөтүү керек" деген сунуш менен өкмөткө кайрылып, колдоо таба алган эмес.